Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 251

Жаагынан жаңылган турбайт

 

 

Экс-президент Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууга негиз болот деп Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы тарабынан даярдалган айыптоолор боюнча Башкы прокуратура өз корутундусун чыгарды.

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 25-июндагы отурумунда Башкы прокурор Ө.Жамшитов комиссия тарабынан коюлган беш айып боюнча экс-президенттин аракеттеринде КР Кылмыш кодексинин 319-беренесине (Коррупция) мүнөздүү кылмыш белгилери бар деп табылгандыгын билдирди. Комитет башпрокурордун корутундусун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

 

Арийне өзүнө тагылган айыптарды экс-президент мойнуна албастыгын, бул аракеттердин артында азыркы президент тургандыгын өткөн дем алыш күндөрү айтып чыккандыгы маалым.

 

АША: “Жогорку Кеңештин айыптоолору абсурд, алардын укуктук негиздери жок жана ушак-айыңдарга гана таянуу менен даярдалган. Бул азыркы президенттин саясий оппонентти жок кылуу аракети. Кудай алдында, эл алдында, өз абийиримдин алдында тазамын, бийликте турганда элдин жыргалчылыгы үчүн гана иштедим”- деп безеленүүдө.

 

“Мыйзам мен тарапта, Абийир мен үчүн - өмүрдөн кымбат” деп дале окуялардын мындан аркы жүрүшүн боолголой албаган А.Атамбаев өткөн ишемби, 22-июндун кечинде Кой-Таштагы үйүндө өз жактоочулары менен жолугушту. “Мен өзүмдү коргой алам” деген экс-президент өзүндө да курал бар экенин, ал эми үйүн кайтарууга алабыз деген жигиттерди кетире албай жаткандыгын билдирди.

 

“Мыйзам баарысына бирдей”- деп далай ирет айтып келген Атамбев өзүнө карата кылмыш иши козголсо, аны тааныбайт, сурак берүүгө да барбайт. Жагдай албетте, курчуп баратат. Ушундан улам эл арасында ар кандай жоромолдор айтылууда. Соттордон “адилет чечим” күтпөгөн Атамбаев баары бир өз жактоочуларына таянуу менен өзүн куралдуу коргоого, бийликке карата Грузиядагыдай тополоң аракеттерди уюштурууга барат деген да имиштер бар.

 

Арийне, убагында “Ак үйдү курал менен коргоймун”- деген Курманбек Бакиев да бийликтен куулуп кеткен эмеспи. Ал эми колунда бийлиги жок Атамбаевди эл ээрчир бекен? Анткени, анын бийликте турган алты жыл аралыгында оозунан жаңылган учурлары, теңирден тескери жүрүм-турум аракеттери элдин эсинде азырынча эскире элек...

 

 

 

Булак: “13-квартал” гезити