Адатта кыргыздар аш-тойду ак төөнүн карды жарылып, жыйын-терин бүтүп, бышыкчылык болгон күз маалында өткөрөт эмес беле.
Бирок азыр кычыраган кышта, азыркы акактаган жай саратанда деле ар кайсы шылтоо менен той-топур өткөргөндөр көбөйүп кетти. Өткөн дем алыш күндөрү, 29-июнда Токмок шаарындагы “Мегаполис” кафесинде дүркүрөгөн той болгон.
Ага Токмок шаарынын өзүнөн, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата райондорунан жана Бишкек шаарынан, Нарындын Кочкор районунан, Ысык-Көл облусунан жана Россиядан бардыгы болуп 256 адам барган. Бирок тамак-аш желгенден кийин айрым адамдар өздөрүн жаман сезишип, уулана башташкан.
Ыкчам алынган маалыматка караганда, Токмок шаарынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланды деген шек менен алгач 27 адам кайрылган, анын баары ооруканага жаткырылган. Кочкор райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 17 адам кайрылып, алардын он алтысы жаткырылган, бирөө амбулатордук жардам алып, үйүнө жөнөтүлгөн, Ысык-Ата районунун ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 6 адам кайрылган, анын бешөө жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн, Москва районунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө 2 адам кайрылып, экөө тең жаткырылган. Бишкек шаарында 16 адам ооруканага кайрылып, тогузу жаткырылып, жетөө амбулатордук жардам алган. “Бардыгы болуп, тамакка ууланып кайрылгандардын саны алтымыш жетиге жетти. Алардын элүү сегизи жаткырылып, тогузуна амбулатордук жардам көрсөтүлүүдө”,- деп билдиришкен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын-алуу борборунан. Уулануунун себебин билүү үчүн тамак-аштын калдыгы алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.
Албетте, той өткөрүү ар кимдин өз иши. Аны эч ким токтото албайт. Бирок ошончо элди чогултуп, тамак-аш берген соң анын сапатына, бузулбагандыгына да көңүл буруп койсок, ушунча адам ууланбайт эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити