Песков кошумчалагандай, кол тийбестиктен ажыратуу практикасы тууралуу сын тагуу “туура эмес, анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн практикасы болот”.
Экс-президент Атамбаевдин айласы алты кетип, акылынан адаша баштагандыгын ушундан билсек болот, ал Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча Орусиянын президенти В.Путинди жана ошол эле Батукаевдин өзүн да аралаштырып, “алар өз пикирлерин айтат...”,- деген эле. Аңгыча Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Орусия Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейт”- деп кыргыз парламентинин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратуу чечимине кыска жана так комментарий берди.
“Бул ар бир өлкөнүн толук бойдон ички иши, Кыргызстандын ички иши. Биз бул иштерге кийлигишүүгө кымындай да ниетибиз жок жана андай кыла да албайбыз”,- деп жазды Песковго таянуу менен Орусиянын абройлуу ТАСС маалымат агенттиги.
Песков кошумчалагандай, кол тийбестиктен ажыратуу практикасы тууралуу сын тагуу “туура эмес, анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн практикасы болот”.
Сыягы, ушул жооптон кийин Кремлден жана Путинден үмүтү биротоло үзүлгөн Атамбаев Кой-Таштагы хансарайынын тегерегине таш төктөрүп, өзүнүн анча-мынча айылдаштары менен табакташтарынан тышкары Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасында отурган жаштарды чогултуп, өзүнө “тирүү калканч” катары пайдаланып жатышы мыйзамга да, этика менен экс-президенттин жоопкерчилигине да жатпаган жорук болууда.
Эгер чындап эле ак, таза болсо, анда “Сооронбайдын сотуна барбаймын” деп долуланбай, өзү бийликте турганда түзгөн, дайындаган сотторго барып, күнөөсү жоктугун далилдебейби?
Булак: “Майдан. kg” гезити