Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 424

Н. Нарматова: Куралдуу күчтөрдүн мурунку кол башчысы, унутуп калган окшойт, Кыргызстан деген бир эле мамлекет бар экендигин.

 

 

Атамбаев бир гана нерсени  - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатабы?

 

Ачыгын айталы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен чектен чыгып кетти. Экс-президент макамына ээ болуп турганда, оюна келгенди сүйлөп, айткан-дегендерине отчет бербей келсе, экс-президент макамынан ажыраган соң андан бетер күч алды. “Колума курал алып атышам” деп террористтер айтчу нерселерди билдиргенге өттү. Атамбаевдин андай сөздөрүн Кой-Таштагы хансарайынын короосуна чогулган бир ууч КСДПчылар, арашандыктар менен “Апрель” телеканалындагылар эле колдоого албаса, жалпы кыргыз элинин кыжырлары келип турган кез. Өлкөбүздөгү бир топ аттуу-баштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер Атамбаевдин Кой-Таштагы аракеттерин катуу айыпташып, өз пикирлерин билдиришүүдө.

 

Экс-депутат Надира Нарматованын пикири мындай: 

 

 

- Кыргыз мамлекетинде эгемендүү мамлекеттин бирдиктүү, бир эле куралдуу күчтөрү бар спецназ Оштукпу же биздикиби дегени эмнеси? Куралдуу күчтөрдүн мурунку кол башчысы, унутуп калган окшойт, Кыргызстан деген бир эле мамлекет бар экендигин. Таң калыштуу. Тооба, тооба кылдым. Ынсап бергин өзүнө. 2010-жылкы, апрель кандуу төңкөрүлүшүнөн, июнь коогалаңдуу окуяларындагы энелердин көз жашынан, бозоргон жетимдердин убалынан корккула! Жеке керт башыңарды ойлоп, элдин тынчын албагыла! Ачык айталбай, кыйыр түрдө ар түрдүү сөздөр менен элди бөлүп, жарып сүйлөгөндү токтоткула! Аны мамлекеттик күзөт, жекече жансакчы коруктап турат. Ашыкча элди чогултуп, өз эшигин тебеленди кылып, экс-президент экендигин унутуп, талаа командири болгондун зарылчылыгы барбы! Аттиң, дегенден башка сөз жок. Кыргызстан үчүнчү төңкөрүштү көтөрө албайт. Канды эңсебей, элдин каргышына калбай, көрсөткөнүнө шүгүр келтиргиле. Тооба келтиргиле, жылаңач баатыр болуп, жан кечти болууну самабастан. Ким менен атышасыңар, эл мененби, бийлик мененби? Жигиттер “жалко” болгудай. Элге тынчтык, биримдик, ынтымакчылык керек! “Битке өчөшүп, ыштанын отко салыптыр” болбой, сабырдуу болгула! Бүгүнкү күндөр дагы өтөт, кетет! Жеке таарынычты жалпы элден өч алууга айландыруу, тарыхта кечирилгис окуя болоорун ойлоп койгула!

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити