Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 199

К. Ашыралиев: Эгер Жээнбеков мурункулардын жолун тандаганда “өгүз өлбөсүн араба сынбасын” деген принцип менен курч маселелерди көтөрбөй, “мен сага, сен мага тийбе” деп тынч, жай иштей бермек.

 

Атамбаев бир гана нерсени  - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатабы?

 

Ачыгын айталы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен чектен чыгып кетти. Экс-президент макамына ээ болуп турганда, оюна келгенди сүйлөп, айткан-дегендерине отчет бербей келсе, экс-президент макамынан ажыраган соң андан бетер күч алды. “Колума курал алып атышам” деп террористтер айтчу нерселерди билдиргенге өттү. Атамбаевдин андай сөздөрүн Кой-Таштагы хансарайынын короосуна чогулган бир ууч КСДПчылар, арашандыктар менен “Апрель” телеканалындагылар эле колдоого албаса, жалпы кыргыз элинин кыжырлары келип турган кез. Өлкөбүздөгү бир топ аттуу-баштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер Атамбаевдин Кой-Таштагы аракеттерин катуу айыпташып, өз пикирлерин билдиришүүдө.

 

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев пикирин мындайча билдирди: 

 

- Сооронбай Жээнбековду жалпы эл шайлады, азырынча иши түзүк, мүмкүнчүлүк бериш керек, азырынча ана-мына деш эртерээк, калганын убакыт көрсөтөт.

 

Атамбаевге карата ишти аягына чыгара турган болсо Жээнбеков да, жалпы парламент да чоң эрдик жасайт. Мунун орду чоң. Коомдо тазалануу башталат. Мамлекет жогор жактан тазаланбаса ылдый жак тазаланбайт. “Президент ажыдаардай жейт турбайбы, мен чычкандай эле кемирем”- деп баарынын алкымы бузулган. Анткени, президенттер кол тийбестигине таянып же качып кетип жазасыз кала берген. Ошондон улам азыр айыл өкмөттөн баштап чоң өкмөткө чейин кимди казса да былгып чыгып жатат. Жээнбеков “мен мындай ыпластыкка барбайм, мындан аркылар таза иштешин” деген дем менен чоң ишти баштады. Муну мен коомдук тазалануунун башаты деп ойлойм. Ал өзүнө өзү ишенгенден, “бирдеме болсо эртең өзүм жооп берем” деп, мойнун тосуп берип жатат. Эгер Жээнбеков мурункулардын жолун тандаганда “өгүз өлбөсүн араба сынбасын” деген принцип менен курч маселелерди көтөрбөй, “мен сага, сен мага тийбе” деп тынч, жай иштей бермек. Чоң ишти баштады. Азамат.

 

Атамбаевдин акыркы кадамарына келе турган болсок, ал бүгүн көрүнгөндү чакырып акча берип жандалбастап жатат. Көлдөн эки кызды, Нарындан үч баланы чакырып, 6 боз үйдү тиктирип, муштумдай таштан 5 дөбөнү чогултуп койсом эле коркуп калат деп Ормон опуза жасап жатат. Эң эле акыркы вариант, Атамбаев өзүн өзү атып салышы мүмкүн. Эгер өзүн өзү атып салса, анда бизди психикалык оорулуу адам башкарганы ачыкка чыгат. Азыр ар кандай шылтоону айтып актанымыш болот, Россияга китеп жөнөтүп байыгам деп. Эмне деген келжиректик. Бир вагон китеп 3 жылкынын баасы, ага ким байыйт. Айтор, бул жооп бере турган күнгө жетти. Коркпой барып кармаш керек, эч нерсе кылалбайт. Колун көтөрүп чыгат. Эгер оперативдик кызматкердин бирөөсүн атып көрсүнчү, Атамбаев эмненин ичинен чыгар экен. “Живой щит” коём деп жатат, акчага жалдангандарга да жан керек. Анан бийлик коркоктук кылып колдо турган күнөөкөр адамды кармай албасак анда бийлик болбой калбайбы. Жегендин баары мылтыгын кучактап отура берсе, аны жоопко тарта албасак, мамлекет болобу?

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити