Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 230

Б. Абдырасаков: Бир караганда тарых кайталангандай болуп жатат.

 

 

- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?

 

- Атамбаевдин айласы кетип турган чак. Камаларын билип, сезип эле турат. Ошон үчүн “камалгандан мурун атышып өлгөн артык” деп, ормон опузага салып, бет тырмап жатат. Бир караганда тарых кайталангандай болуп жатат. Бакиев качканда дагы айылына барып, айылдаштарынын курчоосунда болгон. Атамбаевди да айылдаштары коргоп жаткандай. Атамбаев аларга таянып, жеке кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп жаткандай. Чынында БОМЖ болобу, президент болобу, жасаган иштерине жооп бериши керек. Атамбаевдин абалы президенттердин баарына сабак болушу керек. Карапайым эл олигархтардын, саясатчылардын тилине кирип, курал болбошу керек. Анткени, булар жеке максатын ишке ашырып бериш үчүн элди окко да, чокко да салып бергенден коркпойт. 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити