Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 198

А. Маматалиев: Эл аны ээрчийби?

 

 

- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?

 

 

- АША өлкөдөгү кырдаалга зирек көз салып, бүгүн калктын ага болгон көз карашын талдап көрүп, анан ар кандай билдирүүлөрдү жасаса туура болобу дейм да. Анткени, карапайым калктын көпчүлүгү ар кандай бийлик талашуу, уруш-талаш, бөлүнмөй-жарылмай сыяктуу чыр-чатактан тажап, тынч жашоону көздөп калышкан. Экинчиден, ЖМК каражаттары тарабынан, экс-президенттин учурундагы мыйзам бузуулар, коррупциялык кылмыштар жөнүндөгү маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Жыйынтыгында, эл арасында ал жөнүндө терс пикирлер көбөйүүдө. Ушундай шартта, канчалык деңгээлде эл аны ээрчийт? Тескерисинче, көпчүлүк ага каршы чыксачы? Иштеп жүргөн учурда, ал өзүнүн бир-эки жасоолдору менен өлкөдөгү көпчүлүк кадыр-барктуу, таасирдүү адамдарды өзүнүн душмандарына айландырып алган. Алар да жөн карап турушпайт деп ойлойм. Ошондуктан, эмоцияга алдырбай, мыйзамдуу жол менен коргонушу туура болот.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити