Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 491

К. Кадыров: Эгер анын күнөөсү жок болсо, сотко, жыйынга, тергөөгө барбайм дебей, барып, ак экенин далилдемек.

 

- Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы? АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз?

 

 

- Атамбаевдин убагында мыйзам иштеген эмес, ал оппоненттерин камоо, саясий талаадан жоготуу менен гана алек болгон. Өзү бийликтен түшкөндөн кийин былыктары ачыкка чыгып, иликтене баштаганда Кой-Ташка жатып алып, “мылтыгым бар, куралым бар атышам”- деп жар салганы анын “кара” президент болгонун далилдеп жатат. Бул биринчиси.

 

Экинчиси, эгер анын күнөөсү жок болсо, сотко, жыйынга, тергөөгө барбайм дебей, барып, ак экенин далилдемек.

 

Үчүнчүсү, азыр Атамбаев үчүн эч ким төшүн тосуп бербейт. Анткени, мамлекетти аңга түртүп, сазга батырган коррупциялык схемалардын башында Атамбаев турганы коомчулукка ачык эле билинип  калды. Ошон үчүн эл колдобойт. Анын каражатына кыйналгандар гана арзыбаган акчасын алыш үчүн ал уюштурган нааразычылык акцияларына чыкпаса, көптөр чыкпайт.

 

Мен силердин гезит аркылуу Атамбаевдин арам акчасына алданбашыңарды суранам. Ал “жаралуу жаныбар коркунучтуу” дегендей, мыйзамсыз иштерге барып, провокацияга уюштуруп коюшу мүмкүн.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити