Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 584

Тополоңчул экс-президент

           

 

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин эмне деген адам экендигин саясатчылар түгүл, психиатрлар да түшүнбөй калышты. Ал дүйнөлүк саясатка акыл-эстүү, аң-сезимдүү адам баласына, жаманбы жакшыбы чейрек кылымдай чоң саясатта жүрүп, эки жолу премьер-министр, алты жыл мамлекет башчысы болуп иштеген жетекчинин саясый облигине түгүл, өткөн кылымдардагы атактуу порттордун ар нерселерди чегип, жыттап жүргөн жүк ташуучусу да жасабай турган жоруктары менен тарыхкка азыр эле антифеномен болуп кирип калды. Биз го ичиндеги саясый, экономикалык окуялары башкаларга таасир деле тийгизбеген кичинекей өлкө экенбиз. Кокус ядролук державалардын биринин башына  АШАга окшогон адам келип, алдына ядролук чемоданды жайып алып, “мен айткандарды аткарбасаңар, азыр мындагы рычагдардын баарын бурап, кнопкаларын басып жиберем, силердин акыбалыңарды ошондо көрөм” деп турса, чын эле дүйнөнүн абалы эмне болмок?

           

АШАнын акыркы убактарда  жасап жаткандарынын, өзгөчө 22-июнда Кой-Таштагы экинчи резиденциясындагы чакырыктарынын Кыргызстан үчүн чындыгында өзөктүү курал менен шантаж кылгандан айырмасы деле жок. Ал  “Чүйдүн жигиттери мени коргогону келип жатат, он эки айылдан өкүлдөр келишти. Менде винтовка да, тапанча да бар. Өзүмдү өзүм деле коргой аламын. Бирок  силер жердештерим кой болбогула, тебеленбегиле, мага кошулуп тике тургула”- деген маанилерде чакырууларды жасап, өзүнүн  укуктук маселесин аймактык нерселерге айлантып, жердешчиликке негизги басым жасап, элди бөлүп жарганга, мамлекетти дагы бир коогалаңга алып барып тушуктурганга аракеттенүүдө.

 

Анын айылдаштарын ким тебелөөдө? Ким “койсуңар” деп жатат? Андай адам  жок, алардын баары АШАнын оорукчал фантазиясынан жаралгандар. Бишкек ЖЭБин, Улуттук тарых музейин оңдоп, ремонттоо, Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташыган “Прогресс” компаниясын крышалап, жыл сайын мамлекетке 20 миллион доллардан зыян келтирүү (ошол компаниянын жетекчиси АШАнын мамлекеттик резиденциядагы үйүн куруп бериптир),  баш кесер Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү, ондогон гектар  сугат жерлерди  “айыл чарбасыныкы” деген категориядан мыйзамсыз чыгарып, “элдүү пункт” дегенге кошуп, аны бир ишкерге берүү сыяктуу коррупциялык кылмыштуу иштерге байланыштуу кол тийбестиги алынып, баш коргоо чарасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жакындап калгандыгын жон териси менен сезе баштагандан тартып   каяктагы жок нерселерди айтып эле долуланууда.

 

Адатта АША өзүнүн таза, элден коркпой тургандыгын көп айтат. Анысы чын болсо ар жерлерге камалып алып эле док урунгандын ордуна айылындагылар менен “Форумдагылардын” арасынан чыгып, ар кандай багыттардагы саясатчыларды, эксперттерди, журналисттерди чогултуп, неге өзү жөнүндө талкуу уюштурбайт, алардын  суроолоруна түз жооп бербейт? Таза адам да элден, ЖМКлардын өкүлдөрүнөн коркчу беле? Андай адамдар тескерисинче, элдин, журналисттердин алдыларына чыгып, аргументтерин ачык айтып, ар кандай кычык суроолорго да так, ынанымдуу жооп берип, өздөрүнө жабыштырылгандардын баарынан болбосо да көбүнөн  арылып алганга сүйүнүшмөк. АША антип эл алдына чыга албайт, чыкса эле эки-үч суроо менен  экинчи бутуна кайра тургус болуп көмөлөнүп түшүп, биртке калган каткан абийири да айрандай төгүлөрүн билип турат. Ошондуктан мурда “Форумга” келип, эшик терезелерин бекем жаптырып, кадам сайын жан сакчыларын коюп алып, саясый атаандаштарын мас жүк ташуучунун лексикасы менен мазактап, боктоп  турса, эми Кой-Таштагы Максим Бакиевден  тартып алынган 2,6 гектар жерге салынган хан сарайына көчүп кирип, өзү айткандай, сөздүн толук маанисиндеги тегерете коргонууга өттү. Ал кол тийбестиги каралганда парламентке түгүл, укук коргоо органдары чакырса да келбей тургандыгын, эгерде алар барышса, аларга винтовка, тапанчалары менен активдүү куралдуу каршылык көрсөтөрүн билдирди. Дүйнөлүк практикада легитимдүү мамлекеттик, укук коргоо органдарынын бирине да баш ийбей, алар менен ультиматумдун тилинде гана сүйлөшөрүн, эгерде алар өз милдеттерин аткарганы келишсе атышууга даяр экендигин   билдиргендерди ким дешет? Билишибизче, аларды террорист деп эле өз аты менен аташат. Демек, АША да террористке айлангандыгын ачык жарыяладыбы? Өзүңөр айткылачы, муну башкача  атаганга же түшүндүргөнгө болобу? Тилекке каршы, болбойт, ар нерсени өз аты менен атоо керек.

 

Айрым мамлекеттик органдар мынча неге шалаакы болуп баратышат?

 

“Жер ээн болсо, каман дөбөгө чыгып алып күркүрөйт” деген макал бар. Уурусу күчтүү болсо, мал ээсин доого жыгат. Биздин мамлекет ШКУда да, ЖККУда да экстремизмге, терроризмге каршы элдешкис активдүү  позицияда болорун айтып келет, бул багыттагы  толгон-токой документтерге кол коюуда. Бирок, башкы экстремистти мамлекеттик резиденцияда аспеттеп багып келаткандыгын, анын экстремисттик мүнөздөгү чакырыктарын, опузаларын, элдин, мамлекеттин биримдигине доо кетирген билдирүүлөрүн күнүгө жымсалдабай таркатып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарына карата эч кандай чара көрбөгөндүгүн эмне менен түшүндүрүүгө болот? Же  “чагылган чартылдамайынча мужук чокунбайт”- болуп отура беришеби? Деги Башкы прокуратура, УКМК дегендер эмне иш кылышат, кай жакты карап отурушат? Мурдагы экс-прокурорша  айымдар жөнөкөй эле сөздөрдөн кынтык табышып, мамлекет башчысынын абийирин, беделин коргойбуз дешип, айрым жарандарга, журналисттерге каршы кылмыш иштерин козгошуп, доого жыгышкан. Кабинеттеринде, машинелерде “ушул бийликти кетирүү керек” деп сүйлөшүп коюшкандарды “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген” дешип, ондогон жылдарга эрктеринен ажыратышкан. Ал эми мамлекетик резиденцияда жатып алып, ал жерден жадаганда Кой-Таштагы сарайларына көчүп келип алып, айылдаштарын кээде ачык болсо, көпчүлүк учурда кыйыр түрдө төңкөрүшкө үндөп, “бул бийликти жоготуп, катачылыгымды оңдоп, коррупциялык иштер менен камалгандарды түрмөдөн чыгарам, бир да мыйзамдык талапты аткарбайм, кармаганы келишсе, атышам, силер да мени колдогула”- деп элди козутуп, бийликти  коркутуп, мазактап жатканга, айрым аны ээрчигендерге каршы эмне үчүн тийиштүү чараларды көрбөй жатышат? Эгерде экс деген макамы бар адам кылмыш үстүндө кармалса, анын кол тийбестиги эске алынбайт. Ал Баш мыйзамдын 16-беренесинде  ачык, так жазылып турат. Же усадьбасына куралдуу топту түзүп алып, бийликке куралдуу каршылык көрсөтөрүн ачык айтып, ага тилектештерин чакырган кылмыш катарында каралбайбы?

 

Күч органдары өздөрүнүн компетенцияларындагы превентивдүү чараларды көрүшпөсө, Атамбаевди коргоочулардын арасында тийиштүү түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүшпөсө, белгилүү бир учурда кырдаалды колдон чыгарып жиберүүлөрү да мүмкүн. Андан кийин акылдуусунгандын, өрт өчүргөндөй шашылыш чараларды көргөндүн  пайдасы өтө эле аз болуп калышы да ыктымал.

 

Кыргызстан азыркыдай стартка чыккан эмес

 

АША эмнедегедир ал бийликте турганда Кыргызстан экономикалык, социалдык жактардан дүркүрөп өнүккөндүгүн, айлыктар, пенсиялар 2 миң сомдон  эселеп көбөйгөндүгүн айта берет. Статистикалык маалыматтарды карасаң, алардын баары калп. Кыргызстандын экономикасы 2010-2013-жылдары артка кетип гана турган, 2,5-3,5 пайыздык өсүштөр андан кийинки жылдары гана башталган, бирок бир да жылы 5 пайызга жеткен эмес. Эгерде 2010-2014-жылдардагы сенектик көрүнүштөр болбогондо, элдин турмушу, айлыктар азыркыдан эки эсе жакшы болмок. АША айтып жүргөндөй, 2010-жылга карата милиционерлердин, мугалимдердин айлыктары 2 миң сомдон эмес, 5 миңден жогору болгон. Ал  эми 2 миң сомдук пенсиялар азыр деле бар. Пенсиялар кандай тартипте чектелерин билбегенден улам АША андай жалганды айтып жатат.

 

Акыркы беш айдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү темпи 5,6 пайызга чыкты. Мындай көрүнүш ЕврАзЭске кирген өлкөлөрдүн биринде да жок. Ал эми ушул жылдын башталышынан бери биздин тийиштүү жетекчилерибиз алыстагы, жакындагы өлкөлөр менен жалпы суммасы 16 миллиард долларлык инвестициялык  келишимдерге кол коюшту. Алар кредиттер эмес, түз инвестициялар. Ал деген Кыргызстандын эки жылдык ички дүң жыйымына, 9 жылдык бюджетине барабар  акчалар. Ал долбоорлордун жарымы эле иштей баштаса, өлкөнүн экономикалык өнүгүү темпи 10 пайыздан оңой эле ашканы турат. Анын эсебинен айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар көбөйтүлөт. Жаңы ишканалар, социалдык обьектилер салынат.

 

АШАнын ичин күйгүзүп, санаасын санга, уйкусун онго бөлүп, тынчын кетирип жаткан - мына ушул ийгиликтер болууда. Аракеттеги президент чындап иштөө кандай болорун иш жүзүндө көрсөтүп, мурдагы жатып ичердин чимкиригин аарчыганга тете иш кылганда  АШАнын ичи  күйүп, ал инвестициялык салымдардан ага бир тыйын да тийбестигине көзү жеткенден кийин биротоло долуланып, док урунганга өттү. Ал эпилдеп-жепилдеген      “балашканы” өкмөттүн башына коюп алып, өзү сырттан  келгендердин каймактарын гана калпып отурууну пландаштырса, анысы таш капты. Анан адаттагы бет тырмарлыгына салып “Кыргызстанды мен жыргатып кетсем, булар кыйратып жатышат” деп кыйкырууда. Ары жок, инвестициялар менен  кредиттердин айырмаларын  билбеген АША жөнөкөй сандарды эле караса, ким өлкөнү чындап карызга батырып, экономикасын сенектикке туш кылса, ким Кыргызстанды ишенимдүү өнүгүү жолуна алып чыккандыгын, эгерде өлкөдө АШАдай саясый туруксуздуктарды жараткысы келген кутумдар болбосо, республикабыздын абалы 3-4 жылда эки эсе жакшырарын түшүнмөк. Бирок АША өзүнө жакпагандарды  түшүнмөк түгүл, уккусу да келбейт, ынанымдуу аргументтерди укса эле  “эмне үчүн мен каалагандай, ойлогондой эмес”- деп долуланып кетет. Анын эң башкы ооруусу ушунда. Ал оору өтө эле өтүшүп кеткен. Тийиштүү органдар тезирээк дарылашпаса, элге, мамлекетке олуттуу кесепеттерин тийгизгени турат.

 

АША мажбурлап дарылоого муктажбы?

 

АШАнын айрым оппоненттери анын психикасында бир мандем бардыгын, ошон үчүн көзүнө сайылгыдай болгон фактыларды да дайыма танып, карганып-шилене, өйдө төмөн сөздөрдү айта бере тургандыгын, оозунан бир жалган чыкса, эмнегедир ага өзү биротоло ишенип алып, аны кайталай берерин он жылдан ашык убакыттан бери эле айтып келатышат. Казакстандык бир булак, анын Түркиядагы бир аскердик госпиталда  жашыруун психикалык жактан дарыланып келгендигин да маалымдап, тезирээк сакайып кетүүсүн каалаган. Дартты табалаганга болбойт, биз деле анын айыгып кетишин каалайбыз. Бирок анын оорусу - жалпы Кыргызстандын саясый көйгөйүнө айланып бараткандыгы гана тынчыбызды алууда. Мурда мамлекет башында турганда ыгы келбеген жерлерде деле өзү эки революция жасагандыгын айтып, керек болсо үчүнчүсүн да жасап жиберерин билдирип калганда, ал жөн эле сөзүнөн жаңылып кетти окшойт деп калчыбуз. Анткени, өзү бийликтин эң башында турса, ал кимге каршы төңкөрүш  жасамак эле деп  койчубуз. Бирок анын психикасында түзүүчү эмес, бузуп-жаруучулук, реалдуу жагдайды адекваттуу эмес, өзү каалагандай гана кабылдап, ошого биротоло ишенип алуу үстөмдүк кыларын, Ф.Куловду убагында “миң адам өлсө да бийликти  алабыз” деп коркутканында  мандемдүү нерселер бар экендигине эми ишенип атабыз.  

Парламент аны кол тийбестиктен ажыраткандан кийин тийиштүү профилдеги эл аралык деңгээлдеги врачтардан АШАны мына ушул жагынан кылдат экспертизадан өткөрүү зарыл. Ал жактагы азырынча бүдөмүк болуп турган мандемдер чындап аныктала турган болсо, АША менен саясатты, бийликти, укуктук маселелерди аралаштырып, курулай убаракерчилик тартып, дүйнө жүзүнө шылдың боло бербешибиз керек. Ушунчасы деле жетишет. Ал автоматтык түрдө таза медициналык гана маселе болуп калат. Аны алдап дарылашабы же күчкө салышабы, аны врачтар өздөрү чечишет. Болбосо, дени-карды соо адам мамлекет башчысын адам оозго алгыс сөздөр менен мазактап, ал жерде отургандардын 90 пайызын өзү алып келген парламентти тигиндейге теңейби? Анда өзү да ошондойдон экендигин мойнуна алгандай болуп калып жатпайбы?

 

АШАнын эмнелерди айткандыгын эске салып да кереги жок. “АШАга теңелебиз” деп жүрүп Кыргызстандагы саясый маданият кыйла төмөн түшүп, базардагы ооздорунда кепилдери жоктордун айтышкандарына окшоп баратат. Ага кошулуп  журналистика да төмөн кулоодо. Күн сайын анын айткандарын чагылдырып жаткандар бир ооз жакшы сөзгө да арзышпайт. Цивилдүү өлкөдөгү өзүн сыйлаган адамдар үчүн АША айткандарды гезиттерге келтирүүнүн, окурмандарга, көрүүчүлөргө  жеткирүүнүн өзү эле уят. Ал эми биз АША менен айтышып жүрүп, ошонун  деңгээлине түшүп баратабыз. Кокус, ал чын эле психикалык дарттан жапа чеккен адам болсо, биз да жиндилер менен айтышып, сөз талашкандардай болуп жүрбөйлү. Жиндилерди да соо адамдар айтышкандан жеңе алчу беле? Айрым психикалык дарттардан жапа чегишкендер бирөөлөр менен урушмайынча, жоолашмайынча бир ай да жашай алышпайт. Жаңжалдар, чыр-чатактар, эрегишүүлөр - алардын ден соолуктарын нормага келтирген жумушчу абалы болуп саналат. Эмнегедир  Кой-Таштагы акыркы сөзүндө АШАнын иреңине кызыл жүгүрүп, жаактары толо түшкөндүгүн көрдүк. Өзүнүн айланасындагы коррупциялык жаңжалдар, чыр-чатактар аны уялтпай эле аны тескерисинче, сыймыктандырып, семиртип жаткандыгы ачык эле байкалды. Атүгүл Улан-Батордогу Чыңгыз хандын урматына салынган боз үйдөн да он эсе чоң, баасы кеминде 1 миллион доллардан ашыкка турган Ак өргөөсүндө сүйлөп жатып, ал өзүнө кудайдан кут түшкөн адам экендигин, аны жердештери жакшы билерин айтып мактанды. Аны өзү жашында кызыккан китептеринин биринен окуганбы же кезектеги кызылдай калптарынын бириби, айтор, ал “баары бир мага канча асылышса да эч нерсе кыла алышпайт, а мен убагы келгенде баарына көрсөтөм”- дегендей угулду. Чын эле АШАнын буга чейинки кылгандарынын бардыгы жазасыз калып келаткандай эле парламенттин аракетинен да эч нерсе чыкпайбы? Жок! Бардык нерсенин чеги болушу керек. Оозу жаман элди булгайт, өтүгү жаман төрдү булгайт. АША убагында  кылмыштуу топту түзүп алып, криминалдашкан коррупциялык башкарууну орнотуп, мамлекеттин төрүн булгаса, бийликтен кеткенден бери ыплас сөздөрү менен элди булгап бүттү. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери канчалаган саясатчылар, жетекчилер кармалышты, камалышты. Алардын канчасы негиздүү, канчасы саясый мотивдерде айыпталган, алар өзүнчө башка сөз, Ө.Текебаев жөнүндө деле ар кандай сөздөрдү айтып жатышат, бирок алардын бири да АШАдай ыпластык деңгээлге түшүшкөн эмес. Ушунун өзү эле анын кандай коркунучтуу адам экендигин, андан тезирээк арылмайынча өлкөдө биримдик, тынчтык болбостугун айтып турат.

 

Баарынан да АША коркунучтуу болуп баратат...

 

1995-жылдагы президенттик шайлоодо иш жүзүндө Апсамат Масалиев уткан экен, бирок аны кошоматчылар Акаевдин жеңиши кылып коюшкандыгын ал ишке аралашкандар айтып жүрүшөт. Менин бир таанышым: “биздин райондон Акаев 13 пайыз добуш алды эле, кечки санагына өзүм катышкам. Эртеси күнү эле карасам, Аскар Акаев 51 пайыз алды деп калыптыр. Көрсө, республикалык, облустук органдар райондук шайлоо комиссиянын жетекчилерин ошентип оңдотуп салышыптыр” деп айтып жүрөт. Ошондо А.Масалиевдин айланасындагылар: “элди көтөрүп, укугубузду коргойлу” дешсе, ал киши: “койгула, мага баарынан элдин тынчтыгы кымбат, утулсам утулдум, баары бир мунуңар өз жазасын алат”- деп тыйып койгон экен.

 

Андан кийинки эки президент эл арасында кагылышуу болуп кетпесин деп качып кетишти. Эмне деген менен аларда аз да болсо ыйман бар экен. Кыргызстанга алардан алда канча көп зыян келтирип, эл аралык имиджин да түшүргөн АША деген балакет “чимкирик парламентиңерди да урбайм, прокурор, сотуңар чакырса да барбайм, президентиңерди айдайм, эгерде кармаганы келишсе, тарапташтарымды кошуп алып атышам. Мен өлгөнгө даярмын, курал жарактарым жетишет” деп Максимден калган жердеги хан сарайында тапанча, винтовкаларын октоп олтурат. 2010-жылдын апрелиндеги Бакиевдердин үйлөрү, мүлктөрү таланып тонолгон, өрттөлгөн, анын ичинде Максимдин үйү да болгон. Аларга  шыкак берген АШАнын кармалар алдында Максимдин тарпында бекинип жатканында фаталдык маани мазмун, белги бар эмес болду бекен? Же бул да тагдырдын бир жазасыбы?

 

АШАнын кандай адам экендиги, психикалык өзгөчөлүктөрү  белгилүү, кадамдары түшүнүктүү. Бирок бизди андай эн салганга соо жери калбай коррупциялык иштер менен булганган адамды айрымдардын колдоого алып, аны коргойбуз деп микрофондо кыйкырып жатышкандыгы таң калтырат. Алар деги АШАны кимден коргогону жатышат? Укук коргоо органдарынан, сот адилеттигинен. Бул бизде демократия деген түшүнүк биротоло деградацияга учурап, анын пародиясына айланып кеткендигин гана көрсөтүүдө. Ал айылда: балдар, мындай кылганыңар болбойт, ал жөн эле кармалганы жаткан жок, мамлекетке жүздөгөн миллиондогон долларлык зыян келтиргендиги, кыргыздын силердей балдарынын баштарын кескенди бошотуп жибергендиги үчүн айыпталып жатат. Мындай адамды жактап, сактайбыз десек, элдик кадырыбызга, наркыбызга, акылыбызга доо кетиребиз  деп айтканга жарай турган деги эстүү-баштуу адамдар барбы? Же... 

 

Албетте, тийиштүү органдар эмне болсо, ошол болсун деп жалдырап, боктомок түгүл октогону жатса да шалдырап отура беришсе, АША куралчан тарапташтарын Ак үйдүн алдына ээрчитип келип, кимдердин чимкирик экендигин иш жүзүндө ырастап коюшу деле мүмкүн. Ал антип артындагы калбырларынан ополоң-тополоңдор, бирөөлөрдүн кандары, көз жаштары, өрттөлгөндөр  аркылуу арылганга көнгөн. Ага карата биринчи, экинчи бийликтердин тушунда козголгон кылмыш иштеринин бардыгы ошондой төңкөрүштөрдө өрттөлүп жок болгондугу да  бекеринен эместир. Ал дагы ошону эңсеп, самап турат.

 

 

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити