М. Сариев: Жогору жактагылар Атамбаевди депутаттардын колу менен каматып туруп, өздөрүн таратууну көздөп жатат.
- Марс агай, жогору жактагылар өздөрүнүн былыгын, коомчулукту дүрбөлөңгө салчу жоруктарын жашыруу үчүн Атамбаевди камоого киришип калдыбы?
- Чынын айтыш керек. Бул маселе боюнча коомчулукта түрдүү версиялар айтылып жатат. Бирок, менин баамымда Атамбаевди камоо аракети аны жоопко тартуу үчүн эле эмес, башка максатты ишке ашыруу үчүн жасалып жаткандай. Көрөсүңөр го, депутаттык комиссия Атамбаев боюнча туура эмес чечим чыгарат. Алардын корутундусуна таянып, укук коргоо органдары соттойт. Соттогондон кийин Текебаев айткандай, туура эмес камалганы билинип калат. Ошон үчүн Атамбаевди камоого ашыкпаш керек. Анын тиешеси бар деген иштердин баарын тыкыр иликтеп, анан чечим чыгарыш керек.
Мисалы, казактар Дамирбек Асылбек уулунунун ишин бир жылдан ашык иликтешти. Аныгын билгенден кийин гана соттошту. Биз да Атамбаевди шашылыш эле камап салбай, алгач иликтеп, аныгына чыкканда гана, фактыга таянып анан камашыбыз керек. Бирок, жогору жактагылар Атамбаевди депутаттардын колу менен каматып туруп, өздөрүн таратууну көздөп жатат.
- Парламентти эмненин негизинде тарашы мүмкүн. Бүгүн парламент тарайт деген деле сөз жок го?
- Атамбаевди камаса, парламентте кризис жаралат. Анан парламентти таратуу маселеси күчүнө кирип, жыйынтыгында 2020-жылда болчу парламенттик шайлоо эртелейт, ушул күздө парламенттик шайлоо болот. Өкүнүчтүүсү, мындай жагдай мындан да эпсиз, шалаакы депутаттардын парламентке келишине шарт түзөт.
Анткени, шайлоо эл күтпөгөн мезгилде жарыяланып, жаш саясатчылар, жаңы күчтөр шайлоого катышканга үлгүрбөй калат. Өкүнүчтүүсү, бу сапар да парламентке элге жарыгы тийбеген, мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон олигархтардын келишине шарт түзүлөт. Башкача айтканда, парламенттик шайлоо белгиленген мөөнөттөн эрте болгону үчүн парламентке жалаң акчасы барлар келип алат. Кыскасы, качантан бери оңдоп-түзөш керек деген шайлоо системасын да өзгөрткөнгө үлгүрбөй калышат.
- Бийлик кооптоно турган нерсеси жок болсо, неге шайлоону шашылыш кылууга ашыгып жатат?
- Анткени, шайлоо мөөнөтүнөн мурун болбосо, бийликке жагынган, алардын ишенимине кирген адамдардын көбү өтпөй калат. Анткени, аларга эл баштагыдай ишенбей калган. Бийликтин ырын ырдаган топту өткөрүш үчүн, бийликке кызмат кылган адамдарды парламентке келтириш үчүн ушул ыкманы ишке ашырууга далалат жасап жатышат. Бийликтегилер шайлоо өз мезгилинде болсо жаңы күчтөр, жаштар саясатка аралашып, Армениядагыдай, Украинадагыдай маселе жаралып, системаны алмаштыруу аракети күч алат деп кооптонуп жатышат. Башкача айтканда, саясатка жаңы күчтөр келсе, системаны талкалап, түп тамырынан бери өзгөртүп, жаңы жашоого бет алмакпыз. Тилекке каршы, бийлик мына ошондой жаңы күчтөрдөн, дымактуу жаштардан коркуп жатат.
- Атамбаев эмнеге компромисске барган жок. Маселени тирешүү жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечсе кырдаал жолго салынат беле?
- Мен билгени Атамбаев компромисске барганга даяр. Бирок, негизги максат башка болгон үчүн жогору жактагылар аны менен тил табышууну каалабай жатышат. Алар парламентти таратып, өз кишилерин парламентке алып келүүгө ашыгып жатышат. Ошон үчүн кырдаалды кыйындатып, шайлоого бара турган жагдай жаратуунун аракетин көрүп жатышат.
Парламенттик шайлоону жарыялап жиберсе, баары баш оту менен шайлоого киришип кетсе, азыр маанилүү болуп жаткан башка маселелер автоматтык түрдө экинчи планда калып калат. Себеби, олигархтар, кландын мүчөлөрү депутат болгонго, министр болуп калууга болгон аракетин жумшашат.
- Бийликтин деле иштери элдин купулуна толуп кеткен жери жок. Бийлик элдин ишенимин жоготпош үчүн эмне кылышы керек?
- Бийликке келгендин баары эле кризистен коркуп, эптеп эле жогорулап кеткенди, элдин колдоосуна ээ болгонду ойлошот. Чынында элдин колдоосуна ээ болобуз дешсе, өздөрү ичинен тазаланышы керек. Ошондой эле Англиядагыдай көмүскө кабинеттерди түзүп, аг кландарга баш ийбеген, боюн таза кармаган элитаны, интеллигенцияны, билимдүү жаштарды тартышы керек. Көмүскө кабинеттин программасы менен өкмөттүн программасы бири-бирине конкуренция болушу керек. Ошондо гана эл Абылгазиевдин программасына эмес, көмүскө кабинеттин программасына ынанып, өздөрү эле көмүскө кабинеттеги билимдүү, таза адамдарга ыктай башташат. Көмүскө кабинеттегилердин көбү парламентке депутат болот же өкмөткө мүчө болушат. Акырындык менен система өзгөрүп, жашоонун нугу башка жакка бурула баштайт. Жээнбеков реформатор катары элдин колдоосуна ээ боло баштайт. Элди иренжиткен сот системасы да өзгөрөт. Партиялар да арзыбаган маселелер үчүн кызмат талашып чабышпай, концепциялар менен күрөшө башташат. Түндүк-түштүк, Кара-Кулжа деген маселе жоголот. Мамлекет өнүгүү жолуна түшөт. Эгер президент ушундай ыкманы ишке ашырбаса, Атамбаев, Бакиев, Акаевдикиндей тагдырга туш болот.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити