Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 200

"Коррупция менен өзү деле күрөшкөн эмес". 

 

 

 

Атамбаевдин 8-июнда “Форумдагы” чогулушта айткандарына эмне деш керек?

 

- Мен Атамбаевди элдин алдына чыгып, Дача-Су, Кумтөр, музей, Бишкек ЖЭБи жана жети жыл өлкөнү бузуп-талкалаганы үчүн кечирим сурайт го деп ойлогом. Андай болбоду, кайра Жээнбековду “колхоз” деп, жеке сапаттарга асылды.

“Коррупция менен күрөш болгон жок”- деп айтты, өзү деле күрөшкөн эмес. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов, Текебаев сыяктуу саясатчыларды камап, чыныгы коррупционерлерге тийишкен жок. Бул үчүн жооп бериши керек. Сооорнбай, Асылбек Жээнбековдор ушунчалык начар болушса, алар менен Атамбаев эмнеге он беш жыл дос болуп, жанаша жүрдү? Демек, татыктуу кадрлар болгондуктан жанаша жүрүштү да.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити