Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 157

"Көрсө, мен тууралуу Атамбаев өзү ушак таратып, жалаа жаап жаткан турбайбы?"...

 

Атамбаевдин 8-июнда “Форумдагы” чогулушта айткандарына эмне деш керек?

 

- Атамбаев  өз жеке кызыкчылыгын канаттандыруу максатында жалпы эл тарабынан шайланган өлкө башчысынын наамына акаарат келтирип, кадыр-баркын тебелеп, эл алдында негизсиз жамандап элге мокочо көрсөтүүгө аракет кылды. Жаман аттуу эле кылбастан президент тууралуу туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып, бул ушактары үчүн өзүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоого негиз түздү. Батукаевге эч тиешеси жок президентти “андан акча алган” деп калп айтып, чоң күнөө коюуга батынды. Бул жалаасы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Тескерисинче, президент Жээнбеков Атамбаев бүтүрбөй кеткен чуулгандуу ишти бүтүрүп аягына чыгарып, күнөөлүү адамдарды кылмыш жообуна тартылуусун каалап жатат.


Мындан тышкары, Атамбаев “Батукаевден акча алган” деп эл алдында мени да күнөөлөп аброюма, ар-намысыма шек келтирип бир жактуу каралады. Буга чейин бир ай бою “Апрель ТВ” каналы ушинтип мени каралаганда ал каналды сотко берип, көп маани берген эмесмин. Бул жөн гана журналисттердин кемчилиги деп ойлогом. Көрсө, мен тууралуу Атамбаев өзү ушак таратып, жалаа жаап жаткан турбайбы? Эми Атамбаевди сотко берүүгө киришип, мурдагы президенттин үстүнөн арыз жазып сот органдарына кайрылам.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити