Ж. Ырсалиев: Менин жеке оюмда эки киши бар.
-“Азаттыктын” айтылуу Райымбек Матраимов боюнча иликтөөсү коомчулукта жарылган бомбадай эффект берди. Мунун артында ким турушу мүмкүн? Журналист кимдин заказын аткарды?
- Азаттыктын артында ким тураары белгилүү эле да. Иликтөөнү далилдеп берсе, анда президентке жана укук коргоо органдарына коррупцияга каршы күрөшүүгө сонун шарт түзүп берген болот. Бирок, далилдей албай калса, “Азаттык” гана эмес, артында тургандар да уят болушат. Абийири айрандай төгүлөт.
-Аида Салянованын, ошондой эле соттордун “серый кардиналы” Манас Арабаевдин камакка алынышы бийликтин чындап эле коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгынын белгисиби?
-Аида Салянованын жана Манас Арабаевдин бир кездеги канчалаган адамдардын үй-бүлө, бала-бакырасынын көз жаштары кайрылып башына келип отурат. Кайтаар дүйнө. Адамга жакшылык кылсак да, жамандык кылсак да, кайра башыбызга тийет. Президент коррупцияга каршы күрөшүүгө аракет кылып жатат. Менин жеке оюмда эки киши бар. Ошолор акчасына жана саясий салмагына карабай камалса - ошондо коррупция менен күрөшкөн болот...
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити