Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 164

Ж. Орозов:  Аида Салянова менен Манас Арабаевдердин камалышын туура деп эсептейм.

 

-“Азаттыктын” айтылуу Райымбек Матраимов боюнча иликтөөсү коомчулукта жарылган бомбадай эффект берди. Мунун артында ким турушу мүмкүн? Журналист кимдин заказын аткарды?

 

-“Азаттык” иликтеп чыккан материал элдин көздөп турган максатын жандандырды десем жаңылбайм, анткени азыркы мезгилдин талабы кандайдыр бир курч мүнөздү пайда кылды. Башкача айтканда, эл бийликке ишенбей, өзү көзөмөлгө ала баштады. Демек, мамлекетти эл өзү жемкор саткындардан тазалаганга ынтызар экени ачык көрүнүп калды. Азыр кеп жеморлордо эмес экенин, ошол кызылкулак эл ырыскысын уурдаган бийлик башында тургандар экенин коомчулук талдап түшүнүп, өз ойлорун соцсеттерде ачык айрым эле билдирүүдө. Матраимовдордун артында чукулап турган кандайдыр бир күчтөр болушу мүмкүн. Бирок, “Райым-миллион” жөнүндө Атамбаев бийликтен кетер алдында эле чуулган чыгып, эмнегедир тез эле жабылган. Бажыга түшпөй жашырылып, эки (двойной) бухгалтердик эсеп түзүлүп, сол чөнтөккө бир күндө бир миллиарддан ашык сом уурдалып жатканы айтылган. Демек, Матраимовго окшогондор Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин учурунда деле элдин казынасына кол салып уурдап келишкен. Бул фактыны кечээ “5-каналдагы” болгон дебатта Искендер Матраимов өзү тастыктады. Бир сөз менен айтканда, “кайсы бийлик келбесин алар менен иштешип, сүймөнчүк болгонбуз”- деген кыязында оюн билдирди. “Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат”- демекчи, жеп-жуткандар такымын жеп актана беришерин түшүнүп бүтпөдүкпү. Мезгилдин талабына ылайык коррупцияга каршы катуу күрөштү эл өзү баштады жана катуу талаптар коюлуп жатат, эл өзү көзөмөлдөп, тескерисинче бийликтин былыктарын ачыкка алып чыгууда.

 

-Аида Салянованын, ошондой эле соттордун “серый кардиналы” Манас Арабаевдин камакка алынышы бийликтин чындап эле коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгынын белгисиби?

 

-Мурун кандай былыктарды ээн эркин жасап келишсе, мына бүгүн жооп бергенге туура келип олтурат. Мыйзам алдында жоопкерчиликти алар убагында ойлошкон эмес. Мен Аида Салянова менен Манас Арабаевдердин камалышын туура деп эсептейм. Анткени, алар учурунда канча адамдардын убалына калышты, эң негизгиси мыйзам бузуучулук башаламандыкка жол ачышкан. Батукаев, Матраимовдор республикабыздагы саясий абалдын курчушуна гана өбөлгө түздү. Мындан тышкары эмне деген саясий кырдаал күтүп турат, дагы айта турган сөздөр алдыда... Азыркы бийлик коррупция менен күрөшкөн мүнөз күткөнү менен жасалма, тандалма күрөшүү жүрүп жатканын айтып коюубуз абзел. Мен өзүм ушундай тандалма иштер прокуратура жана финансылык полиция тарабынан жаап-жашырылганын билем, аларга ишеним жок. Элдин бийликке болгон ишеничи азайа баштагандай, себеби элементардуу мамлекеттик иштерди жүргүзүшпөй, чабалдыктарын жана коррупцияга малынган жактарын билдиришип, жыргаткан иш жүргүзүшпөйт. Бир мисал айтайын, президенттин чыгарган Указын катардагы агенттиктин статс-катчысы жокко чыгарып, өзүм билемдик менен өз алдынча буйрук чыгарган. Ошону факты түрүндө далилдеп берсек дагы Президенттин аппараты көз жумуп, кош көңүлдүгүн жасашты. Мындан тышкары жогорку окуу жайларына негизсиз, мыйзамсыз тарифтерди көтөрүү боюнча кылмыш иши ачылып, “бармак басты, көз кысты” болуп, прокуратура тарабынан жабылган. Канчалаган коррупциялык иштерди жасаган Болсунбек Казаков деген эргул эркиндикте жүрөт. Анда коррупцияга шектүү деп камалгандардын баары үй түрмөгө чыксын, бул жерде калыстыктан тайып тандалма, жасалма мамиле жасалып жатпайбы? Мына тандалма коррупция: эмне үчүн ири суммадагы коррупция менен кармалгандар эркиндикте жүрүшөт? Мындай фактылар өтө эле көп...

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити