Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 276

КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев жакында эле “Азаттык” үналгысы иликтеген миллиондор тууралуу окуяга социалдык баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

 

Ал “Азаттык” үналгысы калыстыктан тайып баратканын белгилеп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кантип миллионер болгонун иликтөөнү сунуш кылды.

 

“Атамбаев теманы өзүнөн башка жакка буруу, элдин көңүлүн тескери тарапка жетелөө үчүн аракеттене баштады. “Азаттык” чыныгы калыстык үчүн иштеймин десеңер, А.Атамбаевдин кантип байыганын, жазуучулардын 50 миллион долларын кантип өзүмдүк кылып алганын, “КыргызАвтомашты” талкалап сатканынан бери изилдеп келсеңер ошондо калыстык кылды демекпиз. Азыр сиздер Матраимов деп, андан ары Жээнбековдор деп из кубалаганыңар, чындыктын же чыныгы “Азаттыктын” үнүнө окшобойт, заказ жыттанат. Азыркы президентке гана каршы пиардай сезилет”,- дейт ал.

 

Ошондой эле Бек мырза Матраимовдор Атамбаевдин алдында чабак эле болуп каларын баса белгилеген. “Матраимов Раим ким, Атамбаев ким? Атамбаев кит, Раим чабак, керек болсо бажыда төрага да болгон эмес. Урматтуу “Азаттык”, ошондуктан сиздер эл ишеничин алган үналгы катары абройду ашырам десеңер, Атамбаевдин миллиард акчаларынын изин кубалап, элге абийрин ачып бергиле. Антпесе, ушул убак эл ичинде сөз жүрүп аткан кези. Өмүрү сатылбаган “Азаттыкты” экс-президент сатып алыптыр, канчага?”,- деп суроо салат.

 

 

“Чалкан”

Булак: “Майдан. kg” гезити