31-майда Араван районунун Тогуз-Булак айылында кыргыз чек арачылары Өзбекстандын жаранын атып, ал жарадар болду.
Алдын-ала маалыматтарга ылайык, кыргыз чек арачылары кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден өтүп бара жаткан эки машинаны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочулар алардын буйруктарына баш ийбей жолун уланта беришкен. Андан кийин чек арачылар асманга эскертүү иретинде ок атышкан, бирок ошондо да айдоочулар токтобой коюшканда машиналардын дөңгөлөгүнө атууга аргасыз болушкан.
Натыйжада Өзбекстандын бир жараны жарадар болгон. Жарадар болгон адам Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилип, өмүрү сакталып калгандыгы айтылууда.
Ошол эле күнү бул окуя боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арадагы аскерлеринин колбашчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар курал колдонууга аргасыз болгон жаңжалдар көп эле кездешүүдө. Мындай окуялар кошуна өлкөлөр 20 жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу макулдаша алышпай жаткандыгынан улам болууда. Натыйжада болор-болбос күнөөсү үчүн карапайым эле жарандар жабыр тартып, ал тургай өмүрү менен коштошууда.
Булак: “Майдан.kg” гезити