Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 223

Ар бирибиз эле бала деп жашап келебиз.

Бирок ошол жаныңдан артык көргөн балаңдын кимдир-бирөөлөрдүн кыянатчылыгы жана кайдыгерлиги менен каза болгондугунан артык кайгы жоктур. 30-майда Ош шаарында “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Самат Акматовду 16 жаштагы жигит учтуу буюм менен сайып жиберген. Окуя мектептен алыс эмес дүкөндө орун алган. Анын өлүмүнө шектелип андан бир жаш улуу бала кармалды.

 

Саат 11:00дөр чамасында жабырлануучу Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилип, бирок медиктердин көрсөткөн жардамына карабастан, эки сааттан кийин каза тапкан.

 

“Бычак аябай терең кирген экен. Сол кабыргасынын астынан кирип, бөйрөгүнө чейин жеткен. Кан көп жоготуптур. Операция бөлүмүнө жеткиргенче, кан басымы нөлгө чейин түшүп кетти. Тилекке каршы баланы сактап кала албадык”,- деп билдиришти ооруканадан.

 

Бул кайгылуу окуя өлкөбүздөгү мектептерде окуу процессин мындай кой, тартип маселеси да жолго коюлбай, кадимки рекетчилик өкүм сүрүп аткандыгын далилдеп турган жокпу? Албетте, мектеп жетекчилиги “окуя мектепте эмес, сыртта болгон”,- деп жоопкерчиликтен кутулуп кетишер. Бирок моралдык жоопкерчилик деген бар да. Бир чети ата-энелер да балдарын көчөгө айдап койбой, ал эмне кылып жүрөт, күчү жеткен бирөөнү уруп-сабап, акча доолап жүргөн жокпу деп ойлонбогондуктун да кесепети болууда. Айтор, эркек адамдар мугалим болуп иштебей, жалаң аялдар калган мектептерде тартип маселеси чоң көйгөйгө айланууда.

 

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити