Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 146

#ЦИТАТАйы тутулуп...


- “Кайталоо - билим алуунун “энеси”,- деп айтылат эл ичинде, бирок бул чындап окууну көздөгөндөр үчүн гана айтылган чындык. А башка учурларда кайталай берүү жакшы эмес, атүгүл көп учурларда келесоолуктай кабылданат. Мына, “Атамбаев Жээнбеков менен жарашууну көздөп жатат, бирок  тиги болбой атат, өзүнө жакын жолотпой жатат”- деп онунчу жолу айтылгандай эле болду. Минтип дагы он жолу кайталап айта берсе болот, бирок ал коомчулукта эч кандай пикир жаратпайт. Эл Атамбаевге жан тартып ийишпейт. Анткени, Атамбаев менен Жээнбековдун урушпаганын элдин баары билет, экөөнүн ортосунда талаша турган эч нерсе жок. Эл президент Жээнбековду Атамбаевдин жеке өзүнө жана кызыкчылыктарына кызмат кылуу схемасын тандабай, мамлекеттүүлүк менен элди тандаганы үчүн колдоого алды. Бул факт. Президент Жээнбеков бир канча жолу  “... тар чөйрөгө кызмат кылам, алардын кызыкчылыктарын  коргойм, уурулуктарын жашырууга убада берген эмесмин” деп билдирген. Мындан ачык-айкын  дагы кандай айтыш керек?  Жок, болбой эле кайра эле кайталап келатышат...

 

 

 

 

Булак: “Майдан. Kg” гезити