Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 144

М. Сариев: Абылгазиев отставкага кетпесе болбой турган жагдайлар жаралып калды.

 

– Марс мырза, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоору жол кырсыктарын 40 пайыз азайышына салым кошконун баса белгиледи. Жол боюна коюлган камералар авто кырсыктардын кескин азайышына шарт түздү дегенге ишенсек болобу?

 

– Мен да “Коопсуз щаар” долбоору ишке киргени жол кырсыктарын иликтеген статистика оңолуп, жол кырсыктары бир топ азайды, ал камералар жол коопсуздугун күчөттү деген пикирдемин. Ошон үчүн бул колдоого аларлык жакшы кадам десек болот. Бирок, маселе аны менен эле чечилип калды дегенден алысмын. Жол боюна коюлган камералар кээ бир жерде иштебей турат деген пикирлер да арбын айтылып жатат. Бул долбоордун жакшы жагын айтып, мактаганыбыз менен катачылыктар, элдин жашоо шартын эске албаган жагдайлар да орун алган.

 

– Мисалы?

 

– Айып пулдар өтө чоң суммада коюлган. Ошон үчүн элдин алган айлык-акысын эске алып, айыппулдардын көлөмүн азайтыш керек. Ансыз да жашоо оорлоп баратканда бул айыппулдар элдин чөнтөгүн шылып жатат. Чынында мындай долбоорлор Европада эбак эле ишке кирген. Аларда айыппулдардын көлөмү да бизге салыштырмалуу бир канча эсе аз. Ошон үчүн өкмөт кырсык азайды деп мактангандай элдин жашоо шартын эске алып, айыппулдардын көлөмүн азайтууну да эске алышы керек.

 

– А балким, өкмөт бюджетти айыппулдар менен көбөйтүүнү көздөп жаткандыр?..

 

– Мен да кээде ошондой ойго кептелем. Ошон үчүн аны-муну кымбаттатып, эптеп бюджетке акча түшүрүүнүн айласын издеп жатабы деп ойлойм. Чынында бүгүн өкмөт акча чогулта албай, шайы ооп жатат. Бирок, айып пулдун көптүгү элге каршы саясат экенин да эстеринен чыгарбашы керек.

 

– Азыркы өкмөт жакшы иштеп жатабы же өрт өчүргүчтүн ролун аткарып жатабы?

 

– Өкмөттү сындагандардын- саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Кыскасы, Абылгазиев отставкага кетпесе болбой турган жагдайлар жаралып калды. Сыягы, аз күндө өкмөт отставкага кетет го. Европада болгондо мындай чыр-чатактар, элдин сыны көп болуп кеткенде, экономика начарлаганда өкмөт эбак эле отставкага кетмек.

 

– Абылгазиев бажасынын баласын 300 миң сомдук айлык алган жерге кызматка койгону үчүн да кызматтан кетиш керек дегендер четтен чыкты го?

 

– Туура, Абылгазиев мына ошол иш үчүн да кызматтан кетсе ашыкча болмок эмес. Анткени, алардын андай жоругу элдин кыжырын келтирип жатат. Абылгазиев болсо кырдаалды жөнгө салуу максатында Рысалиевди кызматтан алды. Бирок, анын Рысалиевди кызматтан алганы маселе чечпейт. Экономика кыйрап жаткан мезгилде майлуу-сүттүү жерге өз туугандарын койгону чыны менен орунсуз иш болуп калды.

 

– Эмнеге президент катачылыгы көп премьер-министрди калкалап, депутаттардан аванс алып берди?

 

– Менимче, президенттин күзгө чейин иштеп турсун деген планы бар болсо керек. Ошон үчүн жок дегенде күзгө чейин иштетип туралы деп депутаттардан президент башы менен колдоп берүүсүн өтүндү окшойт. Кандай болгон күндө да күздө премьер-министрликке башка талапкер сунушталат. Бул премьер-министр президент канчалык калкаласа да, кетүүгө аргасыз болгон жагдай жаралат.

 

– Айрым саясатчылар: “президент элдин бийликке болгон жек көрүүсү күч алганда, эл койгон дооматтын баарын премьер-министрге оодара салып, өзү аппак бойдон калууга аракет кылат”-дешүүдө. Президент чын эле премьерге болгон күнөөнүн баарын оодарыш үчүн калкалап жатабы?

 

– Мен да ошол ойго кошулам. Анткени, Акаевдин доорунан бери эле мындай ыкманы бардык президенттер колдонуп келген. Жээнбеков да ыгы келсе, Абылгазиевге колдонуп, өзү элдин ишенимин сактап калууга аракет кылышы мүмкүн. Ошон үчүн президент азыр премьер-министрге араачы түшүп, өкмөт башчыны сактап калууга далалат жасап жаткандай. Күздө элдин бийликке болгон жек көрүүсүнөн арылыш үчүн сөзсүз өкмөт башчыны отставкага кетирип, болгон дооматтын баарын ошого оодарышы толук мүмкүн.

 

– Баса, акыркы мезгилде Атамбаевге чейин видео кайрылуу жасап,“Райым миллиондун” аты өзгөчө чыга баштады. Ал бул аракеттери менен маанилүү кызматты мелжеп жаткан жокпу?

 

– Андай болушу да мүмкүн. Анткени, ал жөн эле атын чыгарып жаткан жок. Менимче, ал жакында саясатка активдүү киришип, ачыкка чыгуунун айласын издеп жатат. Ошон үчүн ыгы келген да, келбеген да жерден атын чыгарып, чоң саясатка аралашуунун, эл оозуна алынуунун жолун издеп жатат.

 

– Тар чөйрөдө: “2020-жылкы парламенттик шайлоодо кайсыл партиянын парламентке өтүшүн “Райым-миллион” чечет”- деген кептер айтыла баштады. Анда кайсы партиянын парламентке келээрин аныктагыдай, жогору жак эсептешкидей мүмкүнчүлүгү барбы?

 

– Кыргыз саясатында байлар өзү каалагандай саясат жүргүзүүгө, бийликти эсептештирүүгө аракет кылат. Матраимовдор да түштүктө кадыр-баркка ээ болгон, көпчүлүктүн колдоосуна татыган кландардан. Бийлик түштүктөгү колдоосунан ажырап калбайлы деген таризде ага каршы аракетке бара албай жатат. Ошон үчүн Финпол канчадан бери анын байлыгын иликтеп чыга албай, казыктай ордунда турат. Менимче, “Райым-миллион’’ парламенттик шайлоодо кайсыл партиянын парламентке келээрин аныктабаса дагы өзү партия түзүп, шайлоодо жеңишке жетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Анын саясатка аралашам дегенинин байкаганы үчүн, аны менен көптөр эсептешкени үчүн атасына арнап уюштурган турнирге мен деген депутаттардын көбү барды. Ошондой эле оппозициялык маанайдагы депутаттар да аны сындабай, ага жан тарта башташты. Бул жагдайдын баары саясатчылар аны менен эсептешип жатканынан кабар берет.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан. kg» гезити