Аймактарда...
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери - Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылынын тургуну, 94 жаштагы Шергазы Сүйүновго жана Бөжөй айылынын тургуну, 95 жаштагы Сейдакмат Таштемировго аталган айыл өкмөтү 9-май Улуу Жеңиштин урматына автоунаа тапшырды.
Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышып, ардагер аталарга белектерин ыйгарып, майрамдык каалоо-тилектерин ыроолоду.
Акырында Баткен облусунун жана районунун жетекчилиги, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жашоочулары, мектеп окуучуларынын катышуусунда “Өлбөс Полк” жүрүшүн жасашты. Андан соң кан майданда курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлду.
Булак: “Майдан. Kg” гезити