Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 940

Жалганчылар айылында...

 

Кызыл-Омполдогу уран кенинин айланасындагы жаңжалдар чыкканда “Форум” көзөмөлдөгөн “Апрель”, “7-канал” телеканалдары, айрым басылмалар, социалдык тармактардагы буйрутмалуу фейк аккаунттар, троллдор “азыркы бийликтегилер уран кенин казууга уруксат беришип, атайылап элди, жерди ууландырганы жатышат, ал өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарына каршы келген чечим, чыккынчылык” дегендей мазмундардагы ызы-чууларды көтөрүшкөнү эсибизде. Балыкчынын айрым тургундары  уран кенинин иштетилишине каршы митинг өткөрүү үчүн Бишкекти көздөй жөнөшкөндө, жогоруда айтылган ЖМКлар, апыртуулар менен алардын ар кадамдарын чагылдырып турушту. Юстиция министрлиги аларды легитимсиз деп тапкан менен дагы деле КСДПнын атынан сүйлөп келатышкан АШАчылар экс-президент уранды иштетүүгө мурдатан элдешкис каршы позицияда болуп келгендигин, анын демилгеси менен 2013-жылы декабрда БУУ Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоо боюнча атайын резолюция кабыл алгандыгын да жардана кылышты. Алардын ырастоолору боюнча, экс-президент Кыргызстанда уран кендеринин иштетилишине мурдатан категориялуу каршы болуп келген экен.

           

Бирок... бирок...  кашайгырдыкы бул маселенин чекесин ачканда Кыргызстандагы уран афераларынын бардыгына экс-президент А.Атамбаевдин түздөн түз тиешеси бардыгы, Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө 2010-жылы 18-ноябрда же ал Өкмөттү жетектеп, иш жүзүндө президенттин ыйгарымдарына киргендердин көбүн да өзү чечип турганда лицензия бергендиги ашкереленип, “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыккандай” болуп эле жатып калбадыбы!

 

Тилекке каршы, бул да уран аферасынын бир чети эле экен. Кыргызстанды Алмаз Атамбаев деген адалсынган инсан жетектеп турганда уран кендерин чалгындап, иштетүү үчүн туптуура 14 лицензия берилиптир. Мында АШАнын айланасындагылардын айрымдары “геологиялык чалгындоо менен иштетүүнү чаташтырбоо керек, экөө эки башка маселе” деп элди алдаганга, биздин  башыбызды айландырганга аракеттенип жатышат. Адатта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн менчик компаниялар кендин корун аныктагандан кийин аларды өздөрү артыкчылыктуу укукта иштетүү же ал укукту башкаларга сатуу үчүн лицензия алышат, лицензияда ал каралат. Болбосо, ойлоп көрүңүздөрчү, сырттан келгендер Кыргызстандын кайсыл жерлеринде  кандай кендер бардыгын, алардын корлорун аныктоо үчүн өздөрүнүн миллиондогон каражаттарын сарпташып, анан жолго түшүп кете беришкидей көк мээлерден эмес. Эгерде андай артыкчылыктуу укуктары болбосо, “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсынын адистери кендин корун аныктамак түгүл, Кызыл-Омполго сүйрөсө да барышмак эмес.

 

Азыр АША көндүм болгон бет тырмарлыгына салып, “Кызыл-Омпол уран кенин чалгындап казууга лицензияны 2010-жылы 18-ноябрда Роза Отунбаева бердирген, аны алган Арсланбек Кененбаев деген анын күйөө баласы болчу” деп айтууда. Бирок, 2010-жылы 27-июндагы референдумда Р.Отунбаева президент болгондон кийин өкмөт кимдин колуна өттү эле? Экономикалык иштерге мамлекет башчысынан мурда өкмөт башчысы жооп бере тургандыгын бала деле билет. Акаев менен Бакиевди канча жамандабайлы, алардын бийликтеринин учурларында уран кендери боюнча бир да лицензия берилбептир. Кыргызстанды биротоло ууландырып, экинчи Чернобылга айландыруу боюнча аракеттер временшиктердин тушунда башталып, АШАнын бийлигинин убагында апогейине жетиптир.  Алсак,  2011-2017-жылдарда же экс-президент өкмөттү, мамлекетти жетектеп турганда Сокулук районундагы Түндүк Камышановка, Ак-Суу районундагы Бүркүт, Ысык-Көлдөгү Чыгыш Жетим, Кочкор районундагы Арсы, Тоң районундагы Шыргый, Токтогул районундагы Каргыш-Кызыл, Бакай-Ата районундагы Боз-Тектир, Панфилов районундагы Арам-Суу, Жумгалдагы Чыгыш-Көк-Мойнок, Ала-Бука районундагы Шакафтар, Ак-Суу районундагы Баш-Көл, нарындагы Миң-Куш уран кендерин чалгындап, иштетүүгө 13 лицензия берилиптир.

 

АША менен анын табакташтары Кыргызстанды чындап экинчи Чернобылга айландыруунун максат кылып коюшкан экен, бактыга жараша ал чыккынчылык убагында ашкереленип, токтотулду. Экс-президент жакшы көрүп, эпсиз тайраңдаткан Дүйшөнбек Зилалиев деген миллионер тоо кендерине байланышкан Агенттикти жетектеп турганда тоо кендерин иштетүүгө 652 лицензия саткандыгын же көз карандысыздыктан берки  убакыттагылардын жарымына жакынын бергендигин каякка алып барабыз? АША аны жакшынакай көздөрү үчүн эле эркелетип, майлуу кызматтардын биринен экинчисине секиртип алып жүрбөсө керек. Бул жактагыларды жакшылап иликтеп, изилдесе, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкандардан ашып түшкөн  афералар ашкерелениши толук мүмкүн. Анткени, бир чоң кендин баасы эле Бишкек ЖЭБинен  ашып кетет.

           

Жансакчынын байлыктарынын көмүскөдөгү ээси ким?

Экс-президент өзүнүн жан сакчыларына өзгөчө симпатияда, артыкчылыкта мамиле жасап, көтөрмөлөп келгендигин жакшы билебиз. Ага мисал катарында оор кылмыш менен айыпталып, түрмөдө жаткан мурдагы бир жан сакчысы ал бийликке келери менен акталып, чыгарылгандыгын, экинчиси ички иштер министри, үчүнчүсү УКМКнын жетекчисинин орун басары, төртүнчүсү... болгондугун көрсөтүүгө болот. Ал эми алардын жакындарынын алды министрдин биринчи орун басары, ири башкармалыктардын жетекчилери, майлуу сүттү жерлердин билермандары болуп, үч-төрт жылда Кыргызстандагы бай адамдардан болуп чыга келишти. Анын жансакчыларынын мурдагы жетекчиси, азыркы тилектеши Дамир Мусакеев экс-президенттин убагында күркүлдөрдүн бирине айланып, ондогон кыймылсыз мүлктөргө ээ болгондугу ЖМКларга жарыяланган. Ал жакында  кыймылсыз мүлктөрү жөнүндө өз версиясын жарыялап, бирок тизмедеги кымбат нерселеринин баарын “менин Тоң районундагы белгилүү бизнесмен абама таандык” деп ошого шылтай бериптир. Анын андагы белгилүү бизнесмен абасы ким? Деги Тоңдо ошондой адам барбы?  Же ал А.Чеховдун “кыштактагы чоң атасындай” немеби?

 

Коррупциялык жаңжалдар боюнча экс-президенттердин ысымдары аталып, элдин кызыкчылыктарына каршы келген иштери ашкереленип жатканда жан сакчы өзүнүн “Тоңдогу белгилүү бизнесмен” абасынын ысымын жашырбай эле ачык айтышы керек эле. Мүмкүн, Тоңдо андай адам таптакыр жоктур? Же ал балакайы АШАнын ишенимдүү адамы болгондон тартып, иши илгерилеп, ити чөп жеп, а бу дегиче Тоңдогу гана эмес, Кыргызстандагы бай адамдардан болуп чыга келгендир? Ал мүлктөрүнүн, байлыктарынын тизмесине неге мынчалык туталанат? 

 

Ал тизмени эч ким оюнан чыгарган эмес, алардын баары Мамкаттоодон алынгандыгы кимге деле болсо дайын.  Эгерде чычалабай, туталанбай турса, алардын кимисинин чыныгы ээси ким экендигин иликтеп, тескөө кызматтары тез эле аныктап коюшат.

                

“Форумчулардын” кезектеги провокациясы

№2-КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси Эрмек Окенов деген жакында ал Ысык-Көлдө жүргөндө үйүнө  милиция формасындагы бир нече адам киришип, келинчегин коркутушуп, күйөөсү бир кызды зордуктаганга шектелүү деп айыпталып жаткандыгы жөнүндө айткандыгы тууралуу маалымат таркатты. Ал аны “менин саясый ишмердигиме, №2-КСДПнын катарына жаштарды күтүрөтүп айдап киргизип, экс-президенттин позициясын биротоло чыңдап жибергендигимден улам бийликтин атайын уюштурган провокациясы”- деп жарыялады. Ал эми укук коргоо органдары Э.Океновдун үстүнөн зордуктоого аракеттенди деп эч кимден арыз түшпөгөндүгүн, ал “келинчегим көчөдө машине айдап бараткан жеринен жолун тосуп, токтотууга аракеттенишкен, бизди күндүр-түндүр атайын кызматтардын өкүлдөрү аңдышат” дегендей эле ойдон чыгарылгандар экендигин маалымдашты.

 

“Зордуктоого аракеттенген”- деген эң оор кылмыштардын түрүнө кирет, эгерде укук коргоо органдарында андай арыз болсо, аны Ысык-Көлдө жүргөн жеринен эле кармашып, колдоруна жакшынакай “билерик” салып Бишкекке заматта алып келип коюшмак. №2-КСДПчылардын билдирүүлөрүнө, пикирлерине эч ким көңүл деле бурмак эмес. Деги Э.Өкенов деген өзү ким? Ачыгын айталы, №2-КСДПнын штабында ошондой адам бар экендигин биз биринчи жолу угуудабыз. Андай №2-КСДПнын штабындагылардан, анан келинчегинен башка эч ким билбеген  белгисиз жаранга ороюраак болсо да түз эле айтуу керек, атайын кызматтагылар колдорун деле булгашпайт. Аларга эптеп-септеп кагаздарды толтуруп, кожоюндарынын көңүлдөрүн ар кандай жолдор менен көтөрүп, өз тиричилигин кылып жүргөн адамга тийишкенден башка иш табылбай калыптырбы. Анан колунда арыз жок туруп, кандай көк мээ бирөөнүн үйүнө жөөлөп кирип барат? Ушунча эле жөөлөп киргилери келип калышса, алардын алиби даярдап алганга айлалары жетпейт дейсизби? Атайын кызматтарды антип өтө эле алаңгазаларлардай ойлогон болбойт.

 

Анан №2-КСДПга канча адамдын киргени, чыкканы азыр кимди кызыктырат? Он жылдап мүчө болуп, партия  үчүн далай кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүшкөндөр аны таштап кетишкенде, убактылуу алдап-соолап киргизгендерден абийир табышабы?

 

Бул билдирүүнү обьективдүү калыс карап көрсөк, ал укук коргоо органдарынын эмес ( ага эч кандай негиз, күбөлөр жок), Э.Океновдун да эмес (ал буйрутманы гана аткарган) “Форумдагылардын” тийиштүү органдарга, жалпы бийликке карата ойлоп чыгарган провокациясы экендиги ачык болот. Э.Окенов жөн эле аткаруучу, анын артында  башкалар турат. Азыр “Форумдун” подрядчиктеринин өздөрүнүн шефи ак көрүнөм деп, бирок  адатынча буга чейин эл билбеген өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарына каршы келген жоруктарын ашкерелеп алып, оосурган кыздай осол болуп отурганда, элдин көңүлүн дароо башкага буруп, алаксытып, уран аферасын унуткарууга болгон жан далбастары катарында гана кабыл алуубуз керек.

 

Ырас, “Форумдун” подрядчиктеринин эңсегендери, көксөгөндөрү кандай жол менен болбосун азыркы бийликтегилерди жаманатты кылып, коомчулуктун көңүлүн резонанстуу коррупциялык иштерден, урангейт сыяктуу жаңжалдардан алаксытуу. Анан Бишкек ЖЭБине байланышкан коррупциялык иштер боюнча абакта отургандарга сырттан тынбай: ”ашыкча сүйлөбөгүлө, биз барбыз, куткарабыз” деген маанилерде сигнал кылып туруу. Алар мөөнөттөрдү алып, биротоло камалып кетишмейинче, сырттан көңүл жубатмайлар улантыла берет. Алар биротоло мөөнөттөрдү алышканда гана айрымдардын жандары ордуна келип, каражаттарды “сигналдык” иштерге чачканды азайтышат. Бирок, “Форумдагылар” дагы эмнелерди ойлошпосун, ЖМКларды эмнелер менен толтурушпасын - өздөрүнүн убактары биротоло өтүп кеткендигин, андай кутум аракеттерден эч нерсе чыкпастыгын түшүнүүлөрү, аны моюндоолору керек.

 

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.кg” гезити

Тема: