Бишкек, "Саясат. kg". Чечендер алкымы ачылган аткаминерлерди ушинтип "окутушту".
Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди “бошотууга” катышкан кыргыз аткаминерлеринин ыңгайсыз абалы тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, кримавторитеттин эркиндикке чыгышына 2 миллион доллар каражат роль ойногон, бирок кейиштүүсү, ал акча чыныгы эмес, жасалма болуп чыккан. “Мыйзамдагы ууру” кыргыз аткаминерлерин ушинтип сызга отургузган.
Экс-мэр бул иш боюнча өзүнүн жеке иликтөөсүн жүргүзгөн жана аталган басылмага анын жыйынтыгын бөлүшкөн.
“Батукаев чынында дартка чалдыкканбы деген суроодон баштайлы. Эгер чындап ооруса болбоду дегенде аны №47 колонияда дарылашмак. Куру дегенде көздөн далдоо кармоо үчүн. Анын эки жылдык өмүрү калды деп жарыялашканда, кандай болсо да ушул колонияга которуулары керек эле. Жакында Аида Саляновадан анда эмнеге рак дарты бардыгы аныкталган Түлеевди абактан чыгарган жоксуңар деген суроо берилди. Ал маңыздуу эч нерсе айта алган жок. Менин колумда дарыланганым боюнча бардык документтер турат, бирок анда мени бошотушкан жок, бир нече жолу өтүнүч келтирсем да. Мен онкологияда 9 ай жаттым, химиотерапия жана башка процедураларды алдым”, - деген экс-мэр.
Анын андан аркы айтканына караганда, Батукаевдин ишинде күнөө биринчи кезекте дарыгерлерде эмес, ошол убакта Зарылбек Рысалиев жетектеп турган Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматында.
Батукаевден айыккыс дарт табылган күндө да мыйзам боюнча ЖАМК аны №47 колонияга которуусу керек эле, ал жактан онкологияга. Мындай процедуралардын болбогону Батукаевдин эч кандай оорусу болбогонун тастыктайт. Анын үстүнө дарыгерлер соттолуучунун жүлүнүнөн анализге тосмол алышкан эмес. А айыккыс дарт бар экени аныкталган тосмол башка адамга тийиштүү болгон. Нариман Түлеев ал анализдер кайсы адамга тийиштүү болгонун тергөө толук кандуу териштире алаарын белгилеген.
Андан ары экс-мэр Батукаевдин эжеси Яха Батукаева жана кыргыздын “тойбос” аткаминерлерин чечендер кантип “окутушканын” айтып берген:
“Яха Батукаева баңгизат таратканы үчүн 17 жылга соттолду. Ал азыр Россиянын абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Кыргызстандын жараны болгондуктан биздин өлкө аны экстрадициялоого өтүнүч келтирсе болмок. Ал көп кызыктуу нерсени айтып бермек. Эң негизгиси кимге канча акча бергенин. Ачык айтып берсе жаза мөөнөтүн кыскартууну убадалаш керек болчу. Так ошол эжеси акча тараткан, мен муну жакшы билем. Түрмөдө отурган бизге ким кимге канча пара бергени жакшы дайын болчу. Жалпысынан аткаминерлерге “эң башкыны” эске албаганда 2 миллион доллар тараткан. Аны бошоткондор бул акчадан 500 миң доллар, 300 миң доллар, 100 миң доллардан алышкан. Кийинчерээк акчанын жарымы жасалма болуп чыкканы айтылган. Анткени, башында башка сумма менен макулдашышкан экен, кийинчерээк биздикилердин табити ачылып, көп сурашкан. Анан чечендер аларды бир аз “окутуп” коелу дешкен окшойт”, - деген Түлеев.
Акырынды, экс-мэр бул иштин жалгыз уюштуруучусу ким экенин да белгилеген. Ал – ошол кездеги вице-премьер-министр Шамиль Атаханов болуусу толук мүмкүн. Анын мүмкүнчүлүгү толук жетмек. Шамиль Атаханов, Аида Салянова, Зарылбек Рысалиев, Дамира Сагинбаева... – жакын арада Атаханов менен Сагинбаева да темир тор артына кетиши мүмкүндүгүн да кыйыткан экс-мэр.