Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөтүнүн Ясная Поляна тилкесиндеги 29 үйгө жер көчкү коркунучу жаралгандыктан, коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан он орундуу 15 даана чатыр ажыратылып, а түгүл тигилип дагы берилди. Ошентип, 29 үй-бүлөнүн 12си тигилген чатырларга көчүрүлдү. Аларга Кадамжайдан 5 куткаруучу, РЭТтен 2 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 12 кызматкер, РИИБден 2 кызматкер, медициналык кызматынан 1 бригада жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, көчүрүлгөн он эки үй-бүлөгө жакшына шарт жаратууга көмөктөшүштү.
Ал эми калган 17 үй-бүлөнү дагы көчүрүү боюнча пландар түзүлүп жатат. Баса, аталган жер көчкү 1994-жылы активдешип, андан бери туруктуу көзөмөлдө турган.
Булак – “Майдан. kg” гезити