Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 249

Бу дүйнөдө эч ким таналбаган, түгөнбөгөн тирүүлүк менен эриш-аркак жашай берчү, бир чындык бар. Ал - Улуу Жеңиш!

 

Белорусиянын башкалаасында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием өткөрүлдү. Эскерүү иш-чарасы жыл сайын Кыргызстандын Белорусиядагы Элчилиги жана аталган шаардын Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулуп келет.

 

Кыргызстандын Белорусиядагы элчилигининин маалыматына караганда, бул иш-чарага ардагерлер, дипломатиялык өкүлдөр, КМШга мүчө мамлекеттердин Белорусиядагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коомдук уюмдардын кызматкерлери катышты. Митинг-реквиемди ардактуу кароол, аскердик оркестр, чыгармачыл жамааттар коштоп, салют дагы атылды.

 

Митинг-реквиемдин соңунда Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин айкелине гүлчамбарлар коюлду. Кыргызстандын Белорусиядагы убактылуу өкүлү Айымкан Кулукеева согуш ардагерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, Улуу Жеңиш кандай баа менен келгендигин дайыма эстеп жүрүүгө чакырды.

 

Өлгөн жоксуңар

 

Кечээ жаштык түтүн эле жана элек,

Жүзүм эле тамчы суусу тама элек,

Тагдыр кошуп жолдош кылган турмушка,

Тамашалуу бир топ, бир топ бала элек.

Бир топ бала сен гана да, мен гана?..

Көп азайдык, жалган айтып не керек.

 

Көп азайдык күн батышта жоо жеңдик,

Жеңиш үчүн тобекел деп жан бердик.

Жылуу үйгө, жумшак сыйлуу төшөккө

Бир кайрылып, канат серпип келбедик.

Бакыт үчүн муздак жерди кучактап,

Өмүрлүккө чоочун жерди жердедик.

 

Алыкул Осмонов

 

 

 

 

 

Булак – “Майдан. kg” гезити