Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 213

Бу дүйнөдө эч ким таналбаган, түгөнбөгөн тирүүлүк менен эриш-аркак жашай берчү, бир чындык бар. Ал - Улуу Жеңиш!

 

 

Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арын Маманов 102 жашында Жеңиш майрамына жетпей каза тапты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Алай районунун акими Замир Молдокулов, орун басары, айыл өкмөт башчылары жана аксакалдар катышты.

 

Арын Маманов 1917-жылы төрөлүп, 1939-жылы аскерге чакырылып, Минск жана Санкт-Петербург шаарларында кызмат өтөгөн. Андан соң 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Сталинград шаарына дейре салгылашып, андан соң Фин согушуна дагы аралашып, 1946-жылга чейин Францияда болгон.

 

Маркум 1946-жылы Мекенине кайтып келген. Анын 4 уул, 4 кыз, 32 небереси артында калды.

 

 

Булак – “Майдан. kg” гезити