Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 142

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроо майрамына карата акча чогултууга тыюу салды.

Буга байланыштуу буйрукка министр кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Ага ылайык, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү кечелерин уюштурууга да тыюу салынат.

 

Акыркы коңгуроо күнү шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турат. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өрт коркунучун жараткан жана ден соолугуна зыян алып келүүчү фейерверк жана башка каражаттарды колдонууга болбой турганы эскертилет.

 

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлүшү ыктымал.

 

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда 9:00дө болот.

 

Албетте, КР Билим берүү министрлигинин мындай буйругу жакшы. Бирок жыл сайын эле бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу кечеси кафе, ресторанда өткөрүлбөсүн деген буйрук чыгып, ал документ аткарылбай келе жатпайбы. Дегеле министрдин буйругун мектеп директорлору аткарабы деген суроо жаралууда. Анткени учурда коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан мектептердеги акча чогултуу өнөкөтүнө деле тыюу салынган. Бирок айлакер директорлор ата-энелердин көз карандысыз камкордук кеңеши дегенди түзүп алып, ага өздөрүнүн “подружкаларын” башкаруучулукка коюп алып, миллиондогон сом ата-энелерден чогултулган акчалар мектептердин эмес, мектеп директорлорунун сол чөнтөгүнө түшүүдө. Андыктан быйылкы акча чогултууга тыюу салган буйрук да кагаз жүзүндө калып кетпес бекен?

 

 

 

Булак – “Майдан.kg”  гезити