Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 467

Экс-президент А. Атамбаев ар дайым эле «Мына биз жапжаңы ипподромду куруп койдук, эл аралык стандартка туура келе турган» деп мактанып калат эмеспи.

Албетте, андай эл аралык стандарттагы ат майданынын курулганы кыргыз эли үчүн, Кыргызстан үчүн жакшы көрүнүш, бирок аны куруудагы коррупциялык көз боёмочулуктар жакшы көрүнүш болбой жатпайбы. 


Бүгүнкү күндө Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 11-июнунда козголгон дал ушул ипподромго байланыштуу кылмыш иши иликтөөгө алынууда. 


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул ат майданын куруунун башында финансы министрлиги кошумча каражаттарды бөлүүнү эске алуу менен жалпысынан 1 млрд 584 млн сомго каржылаган болуп чыкты. 
Эсептөө палатасынын жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгы боюнча курулуштун көлөмүн көбөйтүп көрсөтүү жана 319 млн 814 миң 200 сом суммасындагы акча каражатынын отчету жок экени аныкталган. 


Окуяны башынан баяндап берели. 2016-жылдын 3-февралында ал кездеги премьер-министр Т. Сариев өткөргөн жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү эл аралык сертификат алуу максатында, КР Мамкурулушуна дүйнөлүк стандарттарга туура келе турган ипподромдун долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. 


Мына ушул тапшырманы жана ал кездеги КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган С. Исаковдун жыйналышынын 2016-жылдын 22-февралындагы протоколун аткаруу үчүн КР Мамкурулушу тарабынан «Грегори Интернешнл» компаниясы менен ипподромдун чуркоочу жолу, атайын жабдууларды алып келүү жана иштин баасын оптимизациялоо маселелери боюнча консультация өткөрүлгөн. 


«Грегори Интернешнл» компаниясынын президентинин КР премьер-министринин атына 2016-жылдын 17-мартында жазган катына ылайык, адегендеги 3 млн евродон ашык стандарттагы сунуш 2 584 196 еврого оптимизацияланган, төмөнкү статьялардагы чыгымдары менен:

 

дизайн жана даярдык – 215080 евро;
байгелик жолчону курууга – 1270119 евро;
Көк бөрү үчүн аянтча – 333802 евро;
тосмо – 285000 евро;
старттык машина – 102000 евро;
жолчону кароо боюнча жабдуу – 153000 евро;
ат чабышты контролдоо үчүн жабдуу – 155000 евро.


Мындан сырткары ал катта «Грегори Интернешнл» компаниясы кайтарымсыз негизде 63000 еврого презентациялык паддок бекерге куруп беришмек болгон. Анан дагы жолчолорду кантип кароо, ага кам көрүүнү 2 жума бекер үйрөтүү, ат чабышты контролдоо боюнча жабдуулар менен иштөө үчүн персоналдарды окутуу, машыгуу жолчосунун дизайны боюнча рекомендация кызматтарын жасап бермек болгону жазылган. 


Андан ары ушул каттагы көрсөтүлгөн маалыматтарды негиз катары кармап, «СМУ-3» ЖЧКсы менен «Грегори Интернешнл» компаниясынын консультантынын ортосунда 2016-жылдын 31-мартында контракт түзүлөт. 


Консультант өзүнө ипподромдун курулушунда эл аралык нормаларга ылайык техникалык көмөктөрдү көрсөтүү, узундугу 1800 метр болгон ат чабыла турган айлампаны «под ключ» куруп берүү, машыгуучу ат чабыш айлампасын жана ипподромдо Көк Бөрү үчүн аянтчаны эл аралык стандарттарга ылайык, IFHAнын аккредитациясы үчүн туура келе тургандай кылып куруп берүү сыяктуу милдеттерин алат. 


Контракттын жалпы суммасы 3 062 954 евро болот. Анын 426 787,04 евросу салык жана бажы төлөмдөрүн түзөт. 
Ошентип контракттын жалпы суммасы болгон 2 584 196 евро төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн:


Консультантка кошулган сумма (Компонент 1) – 1302196 евро;


КР территориясына төлөө үчүн сумма (Компонент 2) – 740000 евро;


Чет элдик жабдып туруучулар үчүн баанын суммасы (Компонент 3) – 542000 евро. 


Бул жерде пунктта жергиликтүү жана чет элдик жабдып туруучуларга (поставщики) төлөөлөр счет келгенден кийин 5 банктык күндөн кийин жүзөгө ашырылышы керек деп жазылган. Бирок, консультантка 976 098 евро суммасындагы аванстык төлөм алдын ала төлөнөт. Андан ары контрактагы көрсөтүлгөн пунктка ылайык «Грегори Интернешнл» компаниясына 228 488 евро ишти аяктагандан кийин 2016-жылдын 1-августунда, ишти кабыл алуу актысынан жана счетту көрсөткөндөн соң төлөнүшү керек болгон. Ал эми калган 97 610 евро калган-каткан жумуштар жасалгандан кийин 15-августта берилмек. 


Мындан сырткары контракттын 5-пунктун бузуу менен «СМУ-3» ЖЧКсы «Грегори Интернешнл» компаниясына ишти аягына чыккандан кийин, ишти кабыл алгандан кийин төлөнө турган 326 252,74 еврону которот. Ошентип 2016-жылдын 18-апрелинен 2016-жылдын 4-октябрына чейин түзүлгөн контракттын талаптарын бузуу менен «Грегори Интернешнл» компаниясынан 1 302 350,74 евро акча каражаты которулган. 


«СМКS» ЖЧКсына төлөнгөн 12 299 420,1 сомдун кайда пайдаланылганы, ошондой эле «Грегори Интернешнлдин» консультанты тарабынан 898 863,9 евронун кайда сарпталганы тууралуу эч кандай документтер жок. 


2018-жылдын 25-секнтябрында «СМУ-3» ЖЧКсынын директору А. Мендеев тарабынан УКМКнын депозиттик счетуна 9 885 757 сом келтирилген зыяндын ордун толтурууга кепилденген камсыздоо катары которулган. Андан сырткары ага 2018-жылдын 17-октябрында бир нече беренелер менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо тил каты берилген. Анын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү камакка алынган. Бул эпизод боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 145 959 481,88 сом болгон. 


Эми бул иш дагы тереңден иликтенсе, ошол ипподромду курууда Алмазбек Атамбаевдин «оң колу» болгон Сапар Исаковдун да тиешелүү жагдайлары чыгары турган иш. Күтө туралы.

 

 

 

 

Булак: Чалкан