Алар 8-апрель күнү Ош шаарынын Бишкекке жөө жөнөшкөн.
Өлкө башчысына жолугуу үчүн Ак үй тарапты көздөй Ош шаарынан жөө жөнөгөн 2 аял ушул күндөрү Жалал-Абаддын Ноокен районуна жетишти. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканы айтылууда. “Биз көп баскандыктан буттарыбыз ооруп калды. Түнөө маселеси да ар кандай болуп жатат. Биринчи күнү Өзгөндөгү мечитте түнөдүк. Эми жергиликтүү бийлик “маселеңерди чечип беребиз, артка кайткыла” деп тоскоол болуп жатат,”- деди алардын бири Гүлнара Мырзакаримова.
Ошондой эле президентке жолугуу үчүн Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыккан аялдар баса берип буттары шишип, эзилип кеткендигин бут кийимин, байпагын чечип журналисттерге көрсөтүшүп, “Бизди жергиликтүү бийлик максатына жетпейт деп ойлошту окшойт, эмне болсо да Бишкекке барабыз. Өздөрү бир километр басып көрүшсүнчү…”,- деп ыйламсырашты.
Алар 8-апрель күнү Ош шаарынын Бишкекке жөө жөнөшкөн. Эки күн ичинде 112 км. басышкан.
Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, өздөрү эле эмес, өлкө башчысына бир кучак арыз-арманын көтөрө келаткан бул эки аял Ош облусунун Кара-Суу районундагы жергиликтүү бийликтин адилетсиз башкаруусуна нааразы болушкандар. Алгач айыл өкмөтү баш болгон аймактык чиновниктер ал аялдарга көңүл бурган эмес. Качан гана “Президентке жолугабыз”,- деп жүрүшкө аттанганда жолун тороп, азыр кайтаруу үчүн ар кандай айла-амалдарды көрүп жатышыптыр. Эми алар Бишкекке эсен-аман келишсе, президенттин жансакчы, кеңешчи сыяктуу коргоочулары С.Жээнбековго жолуктурушабы же адаттагыдай өздөрү эле артка кайтарабы? Эмнеси болсо да карапайым эл мынчалык жаны ачыгандыгына караганда, жергиликтүү бийлик билгенин жасап калган окшойт...
Булак: “Майдан. kg” гезити