Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 164

“Оозунан жакшы сөз чыкпаган, ачуулуу” адам өзү экенин унутуп коёт...

 

- Кыргыз коомчулугунда Атамбаевдин мүнөзүнүн акылсыздыгы бир эмес, көп эле жолу талкууланды. Айрымдар аны кичинекей бала менен да салыштырышты. Психологиядан маалым болгондой, эгерде баланы жаман тарбияласа, бала 5-6 жашка чыкканда анда кемчонтойлук комплекси пайда болот. Мына ошол комплекс кээ бирлерде өмүр бою жашайт. Чындап келгенде  улуу адам, атүгүл суперолигарх, бирок болбой эле таарынып, жалооруп, жаман сөздөрдү оозанып, жадагалса ыйлап да жиберет. Тарбиясынын  начардыгынан дайыма жаман сөздөрдү сүйлөйт, кесепетин ойлобойт. Кичине кездеги таарынычтар туруктуу болуп, өмүр бою калат тура. Атамбаевдин  бир мезгилде бир канча адамга таарынып калмайын көрдүк. Путинге, Назарбаевге, маркум Ислам Каримовго таарынган. Атүгүл Каримовду элдин көзүнчө каргаганга чейин барган. Атамбаев таарынткандарына жаман сөздөрүн  аябайт, бирок  “оозунан жакшы сөз чыкпаган, ачуулуу” адам өзү экенин унутуп коёт...

 

Алмазбек Атамбаев 6 жылда бизге өзүнүн маданиятын көрсөттү. Баарыбыз анын кыргыз саясатчыларына, башка өлкөлөрдүн башчыларына карата маданиятсыз сөздөрүнө күбө болдук. Анын башында бала кезинде болгондору сакталып калыптыр: болгон комплекстери, таарынычтары жана жек көрүүлөрү. Атамбаев мындай сөздөрдү айтардан мурда ойлонушу керек эле да. Анткени, ал шайлоонун алдында Жээнбековду мыкты жетекчи, башкаруучу жана мамлекетчил атам катары сыпаттаган. Биз ага ишенип, добуштарыбызды бердик. Атамбаевден айырмаланып, менде Сооронбай Жээнбековго карата доомат жок. Жээнбековдо Атамбаевдикиндей оройлук, өзүн кармай албагандык жана адекватсыздык жок. Ошондуктан легитимдүү түрдө шайланган адам тууралуу  айтардан мурда өзүн бир карап алса. Биз, мыйзамды сыйлаган жаран катары ага 6 жыл чыдап келдик. Эми ал Кой-Ташында эс алып, өлкөнүн жашоосуна тоскоолдук кылбашы керек.

 

Эгерде Жээнбеков менен Атамбаевди салыштыра турган болсок, асман менен жердей. Мен Атамбаевди студент кезинен бери билем, бирок ал “өспүрүмдүк максимализм” абалынан өйдө боло албай койду. Ошондон бери анда таптакыр өсүш болгон жок. Атамбаев өкмөт башчы болуп да, президент болуп да иштей албай койду. Андыктан мындан ары тынч эле жашоосун өткөрсө  туура болот.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити