Атамбаевден биротоло түңүлүп, андан кол үзүп партиядан өз ыктыярым менен чыгып кеткем.
- Мен КСДПнын көп жылдык мүчөсү катары кимдин саткын экенин эң жакшы билем. Маселен, 2010-жылы саясий кырдаал курч болчу. Ал убакта КСДП үчүн жанын берип, элдин башын бириктирип бир катар маанилүү иштерге керт башыбызды сайып жүрдүк. Акыркы мезгилде, тагыраагы, 2018-жылдын мартында мени кандайдыр бир себептерден улам КСДПнын жыйынына киргизбей коюшту. Ошондон улам Атамбаевден биротоло түңүлүп, андан кол үзүп партиядан өз ыктыярым менен чыгып кеткем. Ошондо бизди Атамбаев сатып кетти. Негизи Атамбаев 2010-жылдагы революцияга чыккан элдин максаттарын уурдап, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сатып кетип, чыныгы саткын экенин далилдеген.
Булак: “Майдан. kg” гезити