Атамбаев өткөн күнүнөн сабак албаптыр.
- Атамбаевдин максаты элге белгилүү эле болуп калды. Эл деле чыныгы саткын Атамбаев экенин эң жакшы билип турат. Мисалы, биз 2010-жылга чейин эң оор кырдаалда КСДПга чуркап, далай кордуктарга туруштук бергенбиз. Ошондо да Атамбаев үчүн тикебизден тик турганбыз. Бул киши бийликке барганда бизди эле эмес, өзүн бийликке алып барган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн да сатып кетти. Жанына болсо шоопурларын, жансакчыларын, катчыларын, кампачыларын топтоп алып, элге өтө чоң кесепеттерди алып келди. Андыктан, мен саткындардын атаманы – Атамбаев деп айтар элем.
КСДПнын жаңы Саясий кеңешинин тизмеси жөнүндө айтсам, Атамбаев өткөн күнүнөн сабак албаптыр. Тизмеге баягы эле өзүнө жакын адамдарды кошо берген. Бычакка сап болуп, элди ынандыра ала турган фигура жок. Бул курам менен алыска бара албайт. Бул эми аргасыз кадам. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барам деп жатат. Аны эл эч качан шайлабайт.
Булак: “Майдан. kg” гезити