Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 217

Ачык сөз

 

- Турсунбай агай, Алмазбек Атамбаевдин 7-апрелде койгон талаптарын бийлик эки айдын ичинде аткарбаса, митинге чыгаарын билдиргенинк кандай кабыл алдыңыз?

 

- Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап жаткандагы түзгөн пландарынын баары урады, кыялданганын баарысы кумдан курган хан-сарайлардай кулады. Ошондуктан, байлыгын жана эркиндигин сактап калуу үчүн ал баарына барышы мүмкүн. Аны менен кошо жеген-ичкендер да өздөрүнүн жанын сактап калуу үчүн А.Атамбаевди чечкиндүү кадамдарга түртүп жатышат. Жөн эле митингге эмес, а Ак үйдү жаңыдан басып алууга Атамбаевда күч да бар, акча да бар.

 

- КСДП жаңыланды. Тазаланды. Ал тургай экиге бөлүндү. Эми Атамбаев баштаган КСДП баштагыдай таасирдүү партия боло алабы? Аны кандай тагдыр күтөт?

 

- КСДП бул акыбалында алыска кете албайт. Бирок, реалдуу оппозициялык күчкө айланышы жана бул багытта бөлөк саясий күчтөр менен биригип, азыркы президентке кыйла проблемаларды жаратышы мүмкүн. Бирок, Атамбаевдин командасынын эң чоң минусу: чоң саясий фигуралардын жоктугу! Жанында одиоздуу фигуралар жана акчасы бар, акылы тайкы адамдар гана чогулган. Ошондуктан элдин астына чыгып, ар бир сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев “күнөөсүз аткаминерлерди бошоткун”- деп Сооронбай Жээнбековго ультиматум коюп жатканы. Кургак жерге түшүп калган балыкка суу кандай керек болуп жатса, ага ошондой илмияновдор, исаковдор, кулматовдор, ибраимовдор, калиевдер, шадиевдер керек болуп жатат. Атамбаевдин жанында азыр ошондой кадрлары жок болгону чон дискомфорт түзүүдө.

 

- КСДПга бийлик баштагыдай күчтүү партия болушуна бут тоспойбу?

 

- Президент өзү КСДПда жок болсо анда ал партиянын өсүшү кайдан болсун?! Тескерисинче, тоодой кулаган таштай ылдыйлап кете берет! «Алга, Кыргызстан!» менен «Ак-Жол» партияларынын тагдырын эстеп көргүлөчү?! Акаев жана Бакиев качкандан кийин ал партиялардын активисттерине жана мүчөлөрүнө бензин куюшпаса да колунан, тоюс, бутунан келишинче экс-кожоюндарынан качышты го! Президенттик партияларды ушундай акыбал күтөт. Бирок, президентке да өзүнүн партиясы болушу абзел. Ошондуктан президенттин жаңы партиясына КСДПдан биринчи болуп аттуу-баштуулар, алардын артынан ортодогу жана катардагы мүчөлөрү качышат! Бул саясаттын мыйзам ченемдүүлүгү.

 

- Күчтүү, таасирдүү мезгилинде КСДП кандай партия боло алды?

 

- Деги КСДПнын ички иштерине “ЭрК” партиясынын лидери катары кийлигишкенге этикалык укугум жок. Бирок, айтып жүргөн сын-пикиримди дагы деле кайталып коёюн: КСДП өлкөнү жетектейм деп совет доорундагыдай КПССтин ролун аткарганы жарабады! КСДПнын саясий чокусундагылардын көбү КПСС болгондо - атылып кетмек же узак  мөөнөткө камалышмак. А жеке ким КСДПнын курултайына барды же барбады деген маселеге токтолсок, совет мезгилиндеги анекдоттой  болуп жатат:

 

Университетте агай илимий атеизмден сабак берип жатып, студенттерге “Кудай жок!” деп чечкиндүү айтат. Танаписте кабинетине бир студент кирип калса, агай Кыбыла жакты карап, “Э, Кудай, мени кечирчи - жумушум ушундай!” деп тообо келтирип жатыптыр.

 

Таң калган студентке агайы:“А вдруг Кудай бардыр?!”- деп актанат экен... Бүгүнкү КСДПнын ойнок лидерлери да “А вдруг Атамбаев бийликке кайра келип калуусу мүмкүн?!”- деп сарсанаа болуп жатышкандыр. Бирок, Атамбаевден ажырадым дегендер Асылбек Жээнбековдой билдирүүнү ачык жасап, артындагы көпүрөнү өрттөп салуусу керек болчу! Бирок саясатчылар да бара-бара майдаланып кетип жатышат...

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити

Тема: