“Майдандын” эркин микрофону
- Азимбек Анаркулович, экс-президент Алмазбек Атамбаев “эгер койгон талаптарыбыз аткарылбаса, эки айдан кийин митингге чыгабыз” деди го? Анын бул сөзү бийликти сестентүү үчүн айтылдыбы же “азыр да бийликти олку-солку кылып коюуга күчүм жетет”- деген таризде айттыбы?
- Менимче, Атамбаевди: “Сооронбай Жээнбековду сен алып келгенсиң, митингге чыгып туура кылып жатасың”- деп колдогондор аз эле болот. Анткени, эл Атамбаевдин айтканына макул болуп, Сооронбай Жээнбековду колдоду. Ошондуктан, бүгүн талаптарым аткарылбаса, митингге чыгам дегени орунсуз болуп калды. Мындай маселенин баарын мураскорду даярдап жатканда ойлонушу керек болчу.
Негизи Атамбаев 7 жыл бийликте турган мезгилинде апрель революциясынын максаттарын эсинен чыгарып, элдин үмүтүн актаган жок. Ошондой эле үй-бүлөлүк башкаруу системасын түп тамырынан кырккан жок. Аны сындагандарды саясий куугунтукка алып, сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылып, журналисттерге чейин миллиондогон сомдордон айып салды. Анын баарын эсинен чыгарып, эми Сооронбай Жээнбековдон “аны, муну аткар, болбосо митингге чыгам”- дегени колдоого татыбай турган иш болуп калды. Чынында Сооронбай Жээнбеков Атамбаев салган жол менен кетип жатат. Ошон үчүн биз Апрель революциясынын максаттары ишке ашпаганын айтып, курултай өткөрүп, жогору жактын эсине салып, талап кылып жатабыз.
- Атамбаев “7-апрель мага экинчи өмүр берилген күн. Туулган күнүм”- деди го...
- 7-апрель Атамбаевдин менчиги эмес. Ал жеңишти жалгыз өзүнө энчилеп албайт. Аны жалпы элдик майрам катары кабылдашыбыз керек. “Жеңиштин ээсимин” дебей, революциянын башында турган, уюштурган адамдардыкы десе да ашыкча болмок эмес. 7-апрель Атамбаев менчиктеп, туулган кылып ала турган күн эмес.
А балким экс-президент ал күндү ошол кезде оппозицияга, БЭКке кошулганына сүйүнүп, туулган күнүм деп жаткандыр. Анткени, биз Атамбаевге эмес, ал БЭКке кошулган. БЭКти Атамбаевсиз эле түзгөнбүз. БЭК 7-апрель боюнча жер-жерлерде курултай өткөрүп, революцияны бекемдөө менин идеям болгон. Чотонов, Шыкмаматов болуп, Нарын шаарында Атамбаевсиз эле чечип, күнүн аныктап келгенбиз. Таласка, Алайга, Аксыга барып ушул күнү эл чыгат колдойсуңарбы деп макулдашканбыз... Болот Шерди Таласка, Бөдөш Мамырованы Ошко, Чотоновдорду Аксыга жөнөткөм. Ошон үчүн Атамбаев 7-апрель күнү революция болоору кайда, качан чечилгенин билбейт. Бирок, Атамбаевдин революцияга кошкон салымын, эмгегин да жокко чыгара албайм. Ал абдан чоң роль ойногон. Көп тираждуу гезиттерди чыгартууда каражат маселесин көтөргөн. Ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жер-жерлерге барган жол кирелерин, курултайды уюштуруу маселелеринде материалдык жактан чоң колдоо көрсөткөн. Бирок, революцияны энчилеп алгыдай жүктү жалгыз тарткан эмес. Маселен, Сооронбай Жээнбековдор да революцияда Ошто жетишерлик колдоо көрсөтүшкөн. Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү да Атамбаевден ашса ашкан, кем калбаган жардам кылышкан. Ошон үчүн Атамбаевди тарыхый процессти менчиктөөгө аракеттенгени, туулган күнүнө байлаганы орунсуз, уят иш болуп калды. Элдин жеңишин эч убакта эч ким менчиктей албайт. Анткени, аны жеке жасаган эмес. 24-мартты Бакиевдер кандай ээлеп алууга аракет кылса да, менчиктей албаган сыяктуу 7-апрелди Атамбаев кандай аракет кылса да, эч качан менчиктей албайт.
- Силер региондорго кеткенде Атамбаев, Текебаев, Отунбаевалар эл менен беле?
- Биз регионго кеткенбиз. Атамбаев, Текебаев экөө тең үйүндө бекинип жатышкан. Отунбаеванын кайда жүргөнү белгисиз болчу. Эгер үчөө Бишкекте элдин башында болгондо кан төгүлүп, бөөдө балдар кырылбайт эле. Эгер Атамбаев ошондо элдин башында турганда ал не десе да макул болот элем.
- Токсонго жакын баланын өмүрүн алган революциянын жакшы жагы болдубу?
- Албетте, кемчилиги менен кошо жакшы жагы да болду. Бакиевдин бийлиги кулады. Бийлик тынчтык жол менен өтө баштады. Атамбаев аргасы жок болсо да ызы-чуусу жок бийликти өткөрүп берип, эрдик кылды. Реваншисттер Акаев, Бакиевдер Кыргызстанга келе алган жок. Электр тарифи ордуна коюлду. Жакшыбы, жаманбы парламенттик система иштей баштады. Бул революциянын мактоого ала турган жакшы жагы ийгиликтери.
- Баса, революция демекчи, Максим Бакиевдин жакын досу, чечимди чогуу кабыл алышчу деген Алексей Елисеев интернет сайттардын бирине “Атамбаевдин штабынын күч блогунда менин информаторум бар болчу. Ал революциянын алдында куралчан адамдар курал алып жүрүү үчүн казинолорго кароол болуп орношкон” дептир. Ал айткан маалыматка ишенсек болобу?
- Мунун баары качып жүрүп эми аргасыз айтылган кеп да. Атамбаевдин эмес, мына биздин штаб болгон. Максим экөө кудай болуп, “Кумтөргө” чейин экөө билип калган. Убакыт өткөндөн кийин коомдук пикир жаратыш үчүн өздөрүнө ыңгайлуу кептерди айта беришет да. 7-апрелди туш тараптан жокко чыгарууга аракет кылышканы менен тарыхый окуя, ачуу чындык бирөө эле болот.
- Ошол эле маегинде “Бакиевдерди Кыргызстандан чыгарып кетүүнү уюштурдум”- дептир. Курманбек Бакиевди Кыргызстандан Елисеев чыгарып кеткенби?
- Бакиевдерди Кыргызстандан чыгып кетишин Елисеев эмес, ОБСЕнин кийлигишүүсү, Путин менен Назарбаевдин талабы менен Отунбаева Убактылуу өкмөттүн жетекчиси катары жеке чечим кабыл алып, коё берген. Анткени, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү алардын Кыргызстандан чыгып кетишине каршы болгонбуз. Елисеев бүгүн айтып жаткандай, ал Бакиевдердин чыгышына эч кандай шарт түзгөн эмес. Негизи Елисеев, Бакиев, Акаев, Бабановдор кыргыз бийлиги депортация кылбаганына сүйүнүп, ар кайсыны айта бербей, жөн эле жашашса болмок.
- Отунбаева “Текебаевди Сооронбай Жээнбеков менчиктеп алып, бир жарым жылдан бери чыгарбай жатат”- деген доомат койду го. Неге президент Текебаевди чыгарбай жатат?
- Отунбаева да мыйзамдын алкагында иш кылышы керек. Атамбаевге окшобой Конституцияны, мыйзамды, кодекс дегендерди сыйлашы керек. Отунбаева Текебаевдин маселесин көтөрүп, Атамбаев Сапар Исаковдордун маселесин көтөрүп, экстер бул жагынан окшошуп калышты. Чынында түрмөдө Сапар Исаков менен Текебаевден башка да толгон кишилер бар го. Неге аларга боору оорубайт? Неге аларга жан тартышпайт? Мен экөөнө тең: “маселе көтөрөрдөн мурун мыйзам менен Конституцияны сыйлаш керек”- деп айтат элем. Ошондой эле жеке талаптары менен президентти мыйзамсыз жолго түртпөшү керектигин айткым келет. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Мындай иштерди саясат кылбаш керек. Отунбаева кийлигишпесе да, “Ата Мекен” митингге чыкпаса да, сот Текебаев менен Садыр Жапаровдун ишин кароого милдеттүү. Анткени, январь айынан бери кодекс өзгөрдү. Кодекстердин өзгөргөнүнө байланыштуу камактагылардын ишин кайра баштан кароого мүмкүнчүлүк пайда болду. Буюрса, сот карап, жыйынтыгын чыгарат. Кодекске туура келсе, мөөнөттөрү кыскартылып, жеңилдетүүчү жагдайга туш болсо чыгат. Башкача айтканда, булардын иши жаңы кодекске туш келсе, Отунбаевасыз, саясатсыз деле чыгат.
- “Атамбаевди жоопко тарттырабыз” деген топтун аракетинен майнап чыгабы? Же Атамбаевди Сооронбай Жээнбековдун макулдугусуз камоо мүмкүн эмеспи?
- Атамбаевди жоопко тартса, алда качан тартыш керек болчу. Анда кол тийбестик деле жок болчу. Парламент менен Башкы прокуратура калп эле ойноп, “жоопко тартыш керек, кол тийбестигин алыш керек” деп отурат. Кылмышы болсо жоопко тартыш керек. Кылмышы жок болсо, саясат кылып сүйлөй бербеш керек. Бабанов боюнча да саясат кыла бербей, кылмыш иши болсо издөө жарыялап, допрос жөнөтүп, камаш керек. Кылмыш иши болбосо аны козголгон кылмыш иши менен коркутам деп убараланбай, ишти жабыш керек. Кылмыш ишти саясат кылып,” ачуума тийсең камап коём” деп илмекке илип, коркутуп кармабаш керек. Ошондой эле кылмыш ишин саясат кылып соодалашпаш керек. Кылмышы барбы кама, жокпу, ишти жап. Анткени, кылмыш иштин да мөөнөтү бар. Мөөнөтү бүткөндө кыскарат же бүтөт. Азыркы бийлик Бабановдун кылмыш ишин оюн кылып саясат кылып жатат. Атамбаевди да илмекке илиш үчүн аракет кылып жатышат.
- КСДПны тартып алууга бийлик кызыкдар болдубу же жогору жакка жагынгысы келгендер уюштурдубу?
- Негизи КСДПдагы маселе, тирешүүлөр партия ичинде эле болуп, коомчулукка чыкпашы керек эле. Партия ичиндеги маселени улуттук деңгээлде көтөрө бергендин өзү орунсуз иш болуп калды. Чынында КСДП Атамбаевдин партиясы. Ал партиядагы ички маселе сыртка чыгып, ырбап, ушундай абалга жетиши албетте уят эле иш болду. Чынында партиянын ичиндеги көп депутаттар, мамлекеттик даражалуу кызматтагылардын көпчүлүгү Атамбаевге милдеттүү болчу. Ал КСДПдагылардын бир канчасын министр, депутат кылды. Көпчүлүгүн бийликке алып келди. Убагында анын колдоосун көрүп, ишенимине кирип алып, эми ызы-чуу кылып, партиясын тартып алам дегендери чыны менен туура эмес. Мындай болбойт да. Ушундай орунсуз иштерге аралашып, калпыстыкка жол бергендерге, айрыкча Иса Өмүркуловго окшогондорго уят. Аларга караганда Карамушкина улуту башка болсо да, аял экенине карабай туруп берди. Ал азаматтык кылды. Негизи партияны ыдыратып, чачыратпаш керек эле. Партия деген түшүнгөн кишиге үй бүлөдөй эле болот. Булар болсо партияны бөлүп-жарып, үй-бүлөнүн тынчтыгын бузгандай эле иш кылышты.
Менимче, партияны тартып алууга Сооронбай Жээнбеков кызыкдар эмес болчу. Аны муну сындырып, тигин жайлап берем дегендер уюштурду. Башкача айтканда, келген бийликтин коюн-колтугуна кире калганды адат кылган саясий сойкулар уюштурду. Өкүнүчтүүсү, элдин тынчтыгын бузган, өз кызыкчылыгын гана ойлогон, кырдаалды курчутуп, тирешти күчөтүп, от алдыргандан башканы билбеген саясий сойкулар чоң катмар болуп калды. Бүгүнкү күнү алардын көпчүлүгү парламентте отурат. Алардын кесепеттери президенттерге, партияларга эле эмес, мамлекетке да тийип жатат.
- Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков да КСДПдан чыкканын жарыялап, аталган партияда бир гана кишинин диктатурасы орноп калганын жар салды. Анын айткан сөзүнүн жөнү барбы?
- Чынында Асылбек Жээнбековдун да КСДПда эмгеги чоң. Ал таарынса жарашат. Кезинде КСДПнын түштүктө ишенгени Жээнбековдордун үй-бүлөсү болгон. Бирок, Атамбаев алардын эмгегин эске алып, Асылбек Жээнбековду спикер кылды. Сооронбай Жээнбековду премьер-министр, президент кылды. Бирок, КСДПнын ичинде болуп жаткан жагдай, саясатчы катары да, адам катары да чыны менен ойго салат.
- КСДПны тартып алууну көздөгөндөрдүн ичиндеги Иса Өмүркулов 3-апрелде съезд болоорун жар салып, бирок өзү келбей койду го?
- Асылбек Жээнбеков деле Иса Өмүркуловдун кылыгынан улам партиядан чыгуу чечимин кабыл алса керек. Ага ишенип барып алса, ал келбей койду. Иса анткидей жаш бала эмес да. Съезд болоорун билип туруп, келбей койгону уят да.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити