Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 251

Ө. Токтонасыров: Ага кызмат акы бекер эле төлөнбөшү керек.

 

 

“Кыргызстан” партиясында 11 айдан бери ишке чыкпаган депутаты Насыр Мусаевдин тегрегиндеги маселе көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ишке келбеген же мандатын тапшырбаган, мамлекеттик ишке кайдыгер караган депутаттын алкагында түрдүү божомолдор айтылууда. Мына ушул жагдайдын себебин билүү, коомчулуктун пикирин угуу максатында, Өндүрүш Токтонасыровго суроо узаттык.

 

- Жемкорлук менен күрөшөбүз, күрөшүү керек деп сайрашат, сайрайбыз. 11 ай ишке чыкпаган депутатты билип туруп, унчукпай койгондун өзү чоң кылмыш. Ага кызмат акы бекер эле төлөнбөшү керек. Бул үчүн фракция лидерин, ал турмак “Кыргызстан” партиясын уяткаруу зарыл. Ооруга айла жок деңизчи, бирок ага боор ооругандын чынчыл жолун тапса болот. А булардыкы элди алдоого жатат. Мүмкүн бул эргулдар жарымы сага, жарымы мага деген операция ойлоп табышкандар. Саламаттык начар болуп атса куйтулукка барбай дарыланыңыз же мандатты тапшырыңыз да Насыр Мусаев мырза. Сизди тааныбайм. Бирок депутат экениңизди укканым бар. Ачык айтайын, иштөөгө чама-чарк, мүмкүнчүлүк болбосо, туура эмес кадам жасабай тынч үйдө олтурганыңыз оң, элге да жаман көрүнбөй.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити