Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 355

Т. Тургуналиев:  Эмне үчүн алар коррупция менен айыпталган депутаттардын тизмесин жашырышат? Бул жөн эле бюрократиялык илинчектерби же “карга карганын көзүн чокубайт” болуп жатышабы?

 

“Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы “чыныгы Чоң Казат жарыялады. Ага мекендин тагдырына кайдыгер карабаган жарандардын бардыгы кошулушу, же коррупцияга каршы күрөш жалпы элдик кыймылга айланышы керек”- дешет “Түбөлүк демократ” Топчубек Тургуналиев жетектеген “Коррупциясыз кыргыз коому” кыймылынын мүчөлөрү.

 

Бул кыймыл ушул жылдын башталышында түзүлгөн. Мында анын азыркы абалы, көйгөйлөр жөнүндө кыймылдын негиздөөчүлөрү  ой бөлүшөт.

 

 

Топчубек Тургуналиев, “Коррупциясыз кыргыз коому” кыймылынын жетекчиси:

 

- Биздин максат- коррупцияга каршы күрөштү жалпы элдик кыймылга айландыруу. Бул үчүн Республиканын аймактарында баштапкы уютку топторду түзүүдөбүз. Буйруса, апрелдин ортосуна карата аны аяктайбыз. Бул багытта иш Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ошто, Жалал-Абадда, Баткен,Таласта жакшы жүрүп жатат. Бул биринчиси.

 

Экинчиси, кыймылдын милдеттерин, максаттарын элдин кеңири катмарына жеткирүүгө аракеттенүүдөбүз. Бул ишке  5-телеканал өзгөчө активдүү катышууда. КТРК, Нью ТВ, “Кыргыз туусу”, “Майдан” сыяктуу ЖМКлар да жардамдашууда. Алар бизге ободон убактыларын берип, материалдарыбызды жарыялап жатышат. Биздин негизги максат - кыймылдын катарына колдору таза, чечкиндүү, эл арасында кадыр-барктары бар адамдарды тартуу. Эгерде биздин арабызга таза эмес адамдар кирип калышса, анда уюмдун элге кереги жок болуп калат.

 

Коррупцияга каршы күрөшүү - аябагандай опурталдуу. Словакияда бийликтеги коррупционерлерди ашкерелеген Куцсап деген журналистти үй-бүлөсү менен өлтүрүп ташташты. Башка өлкөлөрдө да мындай фактылар бар, бизде да болгон. Биз азыр мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупцияга баткан чиновниктер жөнүндө далилдүү документтерди топтоодобуз. Бул боюнча Кытайбек Романов жетектеген атайын топ иштөөдө, анын кесиби адвокат. Биз чогултулган документтерди бир сыйра электен өткөрүп,  чараларды көрүү үчүн тийиштүү тергеп, тескөөчү органдарга өткөрүп беребиз. Мага бир чоң чиновник ЖКнын 24 депутатына кылмыш иши козголгондугун конфиденциалдуу айткан. Бирок, алардын аты-жөндөрүн ЖК да, Башкы прокуратура, УКМК да ачыкка чыгарбай жатышат. Биз расмий суроо жөнөтсөк да алар жооп берише элек. ЖКдан эки комитеттин башчысы отписка жөнөтүптүр. Эмне үчүн алар коррупция менен айыпталган депутаттардын тизмесин жашырышат? Бул жөн эле бюрократиялык илинчектерби же “карга карганын көзүн чокубайт” болуп жатышабы? Же алардын араларында өздөрү да барбы?

 

Президент коррупцияга каршы чоң казат жарыялады. Аны тийиштүү органдардын жетекчилеринин бардыгы ооз жүзүндө колдошууда, бирок мен ал ишке астейдил киришкен жетекчилерди көрбөй жатам. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ  бир айдан бери биздин каттарыбызга жооп бербей жатышат. ИИМде катталган кылмыштардын баары турат, бирок эмнеге аларды бизден жашырышат?

 

Азырынча коррупция менен президенттин айланасындагы эсептелүү адамдардын гана күрөшкөнү байкалат. Калгандары чындап кыймылдаша элек. Коррупцияга каршы күрөштө “эскирген, убагы өткөн” деген шылтоолор болбошу керек. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстанды коррупциянын чыныгы сели каптаган. Кыргызстанда өзүнүн адал эмгеги менен байып, долларлык миллионерлерге айлангандар жок. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде чоң комиссия түзүп, көз карандысыздыктан беркилерди изилдеп чыгуу зарыл, эл кимдер кандай жолдор менен байышканын билиши керек. Аймактарда мыйзамсыз жер сатуу фактылары абдан көп.  Бажы, салык кызматтарынан, фискалдык жана  укук коргоо органдарынан  коррупцияга аралашпаган жооптуу адам сейрек. Кыргызстанда коррупциянын илдети каптабаган чөйрө жок. Аларга мурдагыдай эле кол тийбей  же кол жетпей турат.

 

 

 

 Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити