Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 192

А. Арабаев: Бүгүнкү күндө бизнесмендер эле эмес, баарын көрүп-түшүнүп турган, элдин атынан бакылдап сүйлөп жаткан саясатчыларыбыз менен интеллигенттерибиз да өздөрүнүн балдар-кыздарын океандын ары жагынан окутуп, ошол жакта калтырып жатышат.

 

Жакында саясий туткундарды коргоо комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда “саясий негизде куугунтукталган”, “репрессияланган” саясатчыларды актоо демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул маселе ММКда кеңири талкууга алынып, окурмандардын жана элдин кызыгуусун жаратып жатканы шексиз. Биз дагы ушул маселелердин айланасында жана жалпы эле коомдогу саясий жана укуктук абал жөнүндө белгилүү укук таануучу, юридикалык илимдердин доктору, профессор, учурда Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери болуп эмгектенип жаткан агайыбыз Автандил Арабаев менен маектештик.

 

- Автандил Анисович, сизге юрист катары, болгондо да окумуштуу юрист катары кайрылабыз да. Айтсаңыз, “саясий негизде куугунтукталган”, “саясий туткун”, “репрессияланган” саясатчылар биздин “укуктук” деген мамлекетибизде жана “демократиялык” деген коомубузда кандай негиздерде орун алып жатат?

 

- Менимче, мындай маселелердин жаралышына бир топ факторлор негиз болушту десек туура болгудай. Биринчиден, “саясий негизде камалдым” деген саясатчыларга карата козголгон иштер ачык жүргүзүлбөгөндүгү, анын ичинде канчалык деңгээлде алардын айыптары далилденип, кандай негиздерде, кандай жагдайлар эске алынып, өкүм чыгарылгандыгын коомго так жеткирилбей калгандыгы. Албетте, ыкчам иликтөө, тергөө ишмердигинде жарыялана турган жана жарыяланбай турган маселелер бар. Бирок, жазык процессинде да ачыктыккка жол берилет.

 

Экинчиден, бул категориядагы ар бир иш боюнча тиешелүү мамлекеттик орган, маселен, Башкы прокуратура өз компетенциясынын чегинде коомчулукка ачык жана так маалымат берип турушу керек. Айрыкча, маселе саясатка аралашкан адамдар жөнүндө болуп жатканда, тиешелүү укук коргоо органдарынын так позициясы коом үчүн өтө маанилүү.

 

Болбосо биздин жакынкы эле практикабыздагы соттордун айрым өкүмдөрү саясий өңүттөн чыгып калды деген шектөөнү расмий түрдө эч бир орган же кызмат адамы жокко чыгарган жок. Бекболот Талгарбеков, Камчыбек Ташиев, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана башкалардын “саясий негизде камалдым” дегени да ошондон.

 

- Бул маселелер укуктук талаада чечилиши керекпи жана саясий эрк менен аракеттерден улам чечилеби? Дегеним, айрым коомдук ишмерлер президентибиз Сооронбай Жээнбеков “саясий туткундарды камактан бошоткону менен, аларды актаган жок, өз эркин көрсөтүп, алардын күнөөсү жок деп айта албады”- деп жатышпайбы?

 

- Албетте, кимге иш козголбосун, ал карапайым адамбы же жогорку даражадагы кызматкерби, баардык иштер мыйзамдын гана чегинде каралып, өкүм чыгарылышы керек. Президент мамлекет башчысы болгону менен, мыйзам боюнча, соттун өкүмүн жокко чыгарууга укугу жок. Ал тууралуу Сооронбай Шарипович да өзү бир нече жолу айткан. Соттун өкүмүн сот гана жокко чыгара алат. Ошондуктан мындай иштерге Президентти аралаштыруунун эч кандай кажети жок. Бул, биринчиден.

 

Экинчиден, биздин коомдогу негативдүү тенденциялардын бири - бул саясий маселелер менен укуктук маселелерди “бир табакка” сала бергенибиз. Ошондон улам, укуктук маселени да саясий өңүттөн чечүүгө аракет кылабыз же тескерисинче саясий чечимдерди да укуктук принциптердин гана негизинде кабыл алып жиберебиз. Саясат менен укук коомдук кубулуштар катары канчалык тыгыз байланышта болбосун, алардын өздүк максаттары, предметтери жана чечим кабыл алуу механизмдери бар. Айтайын дегеним, биз кандай гана маселе карабайлы, анын укуктук жагын өзүнчө, ал эми саясий аспектин өзүнчө карап, чечүүгө өтүшүбүз керек.

 

Бул бүгүнкү биздин коомубуздун алдындагы эң чоң маселелерди чечүүгө шарт түзмөкчү.

 

- Сиз кайсы олуттуу маселелерди айтып жатасыз? Ой бөлүшсөңүз болобу?

 

- Учурда коомубуздун алдында алда канча өзөктүү көйгөйлөр жатат. Биринчи кезектеги маселе – бул биздин мамлекеттүүлүгүбүз. 1990-жылдын 15-декабрында алгачкылардан болуп, “Кыргызстан – эгемендүү мамлекет” деп, бүткүл дүйнөгө жарыялаганбыз. Быйыл 29 жыл болот. Бирок, сүйүктүү Кыргызстаныбызды чыныгы эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет кыла алдыкпы? Башкасын айтпаганда да, СССР мезгилинде элинин саны, жеринин аянты, завод-фабрика, өндүрүш жана айыл чарба, дүң продукция боюнча бирдей катарда, деңгээлде турган советтик боордош республикаларыбыздын азыр кайсы бири менен тең тайлаша алабыз? Туура, формалдуу-юридикалык жактан тең атабыз. Бирок, иш жүзүндөчү? Бүгүнкү күндө Астана эле эмес, Ашхабад, Дүйшөмбү шаарлары кандай өзгөрүп, өсүп-өнүп кетти. Өзбекстанда Фергана, Наманган, Кокон, Анжыян жана башка шаарларында эски үйлөр сүрүлүп, жаңы заманбап үйлөр, дээрлик көчөлөр түшүп жатат. Өзбекстан картошканы эмнеге албай жатат? Себеби бул мамлекет 33 миллионго жакын жарандарын азык-түлүк менен өзүн-өзү толук камсыздай турган деңгээлге жетишкен.

 

Экинчи маселе - саясий туруктуулук. Ансыз эч кандай өнүгүү болбойт. 2005- жана 2010- жылдардагы окуялар, революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби, кандай десек да, мамлекетибизди алдан канча артка ыргытты. Чет элдик инвесторлордон кол үздүк. Маселе Европа жана Азия мамлекеттери эле эмес, казак боордоштордун, россиялык “стратегиялык” партнерлордун келечектүү чоң долбоорлорго шектүү карашы да ошондон.

 

Эң өкүнүчтүүсү биздин келечек муунубуздун тагдыры. Бүгүнкү күндө бизнесмендер эле эмес, баарын көрүп-түшүнүп турган, элдин атынан бакылдап сүйлөп жаткан саясатчыларыбыз менен интеллигенттерибиз да өздөрүнүн балдар-кыздарын океандын ары жагынан окутуп, ошол жакта калтырып жатышат. Себеби эмнеде? “Кыргызстанда дагы эмне болуп кетет экен? Жакында туруктуулук, өнүгүү болбойт ко”- деген жакшы эмес маанайлар.

 

- Кандай кылсак абал өзгөрөт? Сиздин оюңуз кандай?

 

- Албетте, менде даяр рецепт жок. Бирок, менимче, абалды чукулунан түзөп кетүүгө дайыма мүмкүнчүлүк бар. Эң оболу коомубуздун элитасы деп коелучу, ошолор мамлекетибиздин алдындагы олуттуу маселелерди жапа тырмак жана ачык талкууга алышы керек. Анын негизинде кандайдыр бир коомдук келишимге жетишибиз керек. Керек болсо, жаңы адат, салттарды киргизишибиз керек коомго. Биз кандай татаал маселе болсо да, аны акылдашып, макулдашып чечүүгө өтүшүбүз керек. Себеби Кыргызстаныбыз бирөө жана ага ар бирибиз жана жалпы баарыбыз жооптуубуз.

 

- Ошондо сиз саясий элитанын макулдашуусун айтып жаткансыз го...

 

- Мен “саясий элита” деген сөздү атайын колдонгонум жок, себеби ал институт биздин коомдо али калыптана элек. Буга бир гана далил: саясий элита болгондо – саясий туруксуздук болбойт.

 

Маселе коомдо чыныгы абройго ээ, эл үчүн күйүп-бышкан патриот атуулдарыбыз топтолуп, мамлекеттик өзөктүү маселелерди “саясатташтырбай”, бирок, мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу менен талкуулап, иштеп чыккан сунуштардан конкреттүү программаларды түзсөк деген ойдо. Негизгиси, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун акыркы жылдагы аракеттери да ушундай эле багытта бараткандай көрүнөт. Бирок, коом менен, орустар айткандай, “надо сверить часы”.

 

Карасаңар, буга чейин кабыл алынган нечендеген программалардын баарынын кемчилдиги турмуштун элегинен өтүп, ысык-суукту көргөн, тажрыйбалуу адистерибиз менен аксакалдарыбыз четте калып, жалаң «эксперттер», «технологдор» жана «технократтар» түзгөндүгүндө.

 

Эмнеге ушундай кыйын кезеңде Амангелди Муралиев, Жамин Акималиев, Миталип Мамытов, Накен Касиев, Абдыганы Эркебаев, Таштемир Айтбаев, Александр Костюк, Абдыжапар Тагаев, Бахтияр Тухтаматов, Надырбек Турганбаев сыяктуу тажрыйбалуу аксакалдарыбызды жана профессионал адистерибизди президентке же премьер-министрге кеңешчи кылып чакырбайбыз? Же баарын топтоп, аймактарды өнүктүрүү боюнча коомдук кеңеш түзүп койсок эмнеге болбосун?

 

Менимче, аймактарды өнүктүрүү жылында чоң-чоң өндүрүштүк жана чарбалык мектептерди өткөн ушундай жетекчилерибиздин жер-жерлерде абдан пайдасы тиймек. Же ушуга да саясий эрк керекпи?

 

Дагы бир маселе. Мамлекет өзүнүн тарыхы жана аны түзгөн инсандары менен мамлекет. Биз буга чейинки ажолорубузду жеке адам катары жакшы же жаман көрүшүбүз мүмкүн. Бирок алардын мамлекеттин алдындагы, тарыхтын алдындагы иштерин тана албайбыз. Албетте, күнөөсү болсо, жоопко тартылсын, жок болсо, акталсын. Маселе башкада – биз улуу элдин учугубуз. Келечек үчүн, Мекенибиздин келечеги үчүн элибизди, улуу-кичүү, баарын ынтымакка алып келишибиз керек. Өзүбүз эле эмес, бизге аманат болгон, баардык башка улуттагы жарандарыбызды да ынтымакка чакырышыбыз абзел. Себеби биз КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРБЫЗ, биздин тагдырыбыз бир. Ынтымакка келсек, өнүгөбүз, өсөбүз. Мен буга терең ишенем.

 

 

 

Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити