Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 232

У. Маматаев: Эми гана өзүнүн башына иш түшкөндө: “мени жок кылгылары келип жатат”- деп азыркы бийликти айыптап жатканы бет тырмачылык.

 

Жергебизде 17-март Аксы окуясынын 17 жылдыгы белгиленди, алдыда Март ыңкылабынын 14 жылдыгы, андан кийин апрель окуяларынын 9 жылдыгы турат. Бул окуялар Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алдыбы же өлкөбүздү артка тарттыбы? Учурдагы коомдук-саясий кырдаал элди эмнеге жетелеп баратат. Мына ушул маселелердин тегерегинде “Ак калпак” саясий партиясынын лидери, коомдук ишмер Улукбек Маматаев менен маек курдук.

 

- Улукбек мырза, кечээ сиз Аксы жергесине барып, 2002-жылдагы жүз алган окуялардын 17 жылдык иш-чарасына катышып келдиңиз. Бул эркиндик үчүн күрөшкөн баатырларды эскерүү иш-чарасы гана болушу керек эле. Бирок, бийлик, оппозиция болуп бөлүнүп алышып, Аксы окуясын саясатташтырып жиберишкени элдин кыжырын келтирүүдө. Ушул ракурстан алып караганда саясий элитанын кылганы туурабы?

 

- Кыргыз эзелтеден эле адилеттүүлүк тебеленип жатканда жөн гана карап тура албаган, эл-жерин басып кирген душмандын катыгын берип, жарым кашык каны калганча күрөшкон баатыр эл экендигин тарых далилдеп турат. Алмуздактан дүйнөдө кагылышуулар, согуштар жердин тегерегинде болуп келген, биздин ата-бабаларыбыз да ошондуктан туулган жердин ар бир сантиметрин кадырлап, барктап, канча жоо кирсе да согушуп жатып, урпактарына, бизге калтырып кетишкен. Кытай фиолософторунун бири айткан: “эгерде сен өз жериңе жер кошсоң – жакшы падышасың, кемитсең – келесоо падышасың”- деп. Биз сөз кылып жаткан Аксы окуясынын да башаты мына ушул жерден чыкпадыбы, башкача айтканда, Үзөңгү-Кууштун ажыдаарлар өлкөсүнө оп тартылып кетип баратканын ачык айтып чыккан депутат Азимбек Бекназаровду акаевдик бийлик камакка алганда эл кыжыры кайнап, көтөрүлүп, таш, таяктар менен болсо да кууп кетирүү далалатын жасаган. ҮзөңгүКууш үчүн бардык кыргызстандык күйүш керек эле, бирок, ал өздөрүнүн аймагында жайгашпаса да дал ушул аксылыктар бүт Кыргызстанга, жада калса дүйнөгө баатырдыгын көрсөтүп, демократиялык жаңыланууларга жол ачып беришти.

 

 Эгерде Аксы окуясы болбогондо, кийинки ыңкылаптар дегеле болмок эмес, биз кээ бир өлкөлөргө окшоп, автократиялык режимде, бир үй-бүлөнүн эзүүсүндө жашай бермекпиз. Бизге эркиндик үчүн күрөштүн туу чокусун көрсөткөн, келечек үчүн жанын берген аксылык алты азаматка, ачкачылык кармап жатып каза тапкан агабыз Шералы Назаркуловго таазим этем! Сөздү туурасынан айтканда, өйдөдө “келесоо падыша” деп кытай фиолософу сөз кылган адам – Акаев болду. Анда анын бийлиги күчтүү болчу! Жөө-жалаңдап нааразычылык акциясына чыккандарды сабап, өлтүрүп койсо эле баары тынчып калат деп ойлогон. Бирок, өз элиңе күч колдонсоң, анын арты өкүнүчтүү аяктай тургандыгын Акаев 2005-жылы сезди. Аксы окуясы ошол Март ыңкылабынын башаты болду. Дал ошол окуялардан кийин эл коркпой, акаевдик үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканды үйрөнгөн. Демек, аксылыктарды бул эрдигине бүт кыргыз эли таазим кылышы керек.

 

Бул жагынан алып караганда президент Сооронбай Жээнбековдун аксылык баатырлардын арбагын сыйлап, жеке өзү барып эстеликке гүл коюп кайтканы туура кадам болду. Мен бул жерден саясат издегендерге түшүнбөйм... Саясат башка жакта болуп жатты... Аксы окуясынын жылдыгы жакындаганда эле айрым саясатчылар бул тууралуу айтып, саясий упай топтоого аракет кылып жатышты, маектерин чыгарып... Бирок, Аксы окуясына байланыштуу саясат жасап, упай топтоо жагынан экс-президентке эч ким жеткен жок.

 

Атамбаев деле президент болуп турганда аксылык окко учкан баатырларды эскерип барып турган, бирок, бийликтен кеткенден кийин минтип бул окуялардан чайкоочулук кылып, саясат жасап жатканы туура эмес ! “Элден кымырып алган миллиондорунан жылкыларды союп, казан асып, “Форумдун” имаратында шоу жасап жатат”- деп эл деле нааразы тейде карады. Трибуна жасап алып кайрадан “катамды оңдойм!”- деп кыйкырып, дагы бир төңкөрүшкө элди үндөгөнү осол болуп калды. Биз буга жол бербешибиз керек. Элибизге тынчтык керек.

 

- Маекти Март ыңкылабынан улантайлы. Сиз өйдөдө Аксы окуясы ушул революцияларга желаргы болгонун так, даана айтып өттүңүз. 2005-жылдагы март ыңкылабы жөнүндө азыр да талаш-тартыштар токтобой келе жатат. 24-мартта эл жеңдиби же бир ууч саясий топтун кызыкчылыгындагы бийлик алмашуу болгонбу?

 

 - Накта элдик революция болгон. Ал кездеги Акаевдин элди кантип, кандайча эзгенин билесиздер. Үй-бүлө мүчөлөрү бардык майталкандуу жерди ээлешип, кирешелер мамлекетке эмес, мына ошолордун чөнтөгүнө кетип турганы жалганбы? Бийликке каршы турган күчтөрдү кысымга алуулар апогейине жеткен. Эркин басма сөздү муунтуулар башталган. Мына ушунун баары топтолуп олтуруп, акыры элди токтоосуз күрөшкө алып чыкты. Баары салыштырмалуу билинет, мисалы. 7-апрель окуяларына караганда, 24-март ыңкылабынан кийин кыргыз элине бүт дүйнө эли суктанган. Кансыз ыңкылап кылган кыргыз журтуна таазим этишкен. Тарыхта ошондуктан, бул дата чыныгы элдик жеңиш катары жазылып кала берет.

 

- Андан кийин хантактыга олтурган Курманбек Бакиевдин ишмердүүлүгүнө карата ар кандай көз караштар бар. Сиз кандай баалайт элеңиз?

 

- Раматылык Абсамат Масалиевичтин: “иштебеген адамдар гана кемчилик кетирбейт”- деген кеби бар. Андыктан, адам болгондон кийин, иштеп атсаң, бир жагынан болбосо бир жеринен кемтик, кемчилик, жетишпестик чыгат. Президент катары жеке Курманбек Бакиевге элдин нааразычылыгы деле жок болсо керек, анын тушунда кыйла жумуштар жасалганы ырас.

 

Көпчүлүк эксперттер Атамбаевди “Бакиев баштаган иштерди эле аягына чыгарып мактанып жүрдү” деп айтып калышат эмеспи. Башкасын албаганда да Бакиевдин тушунда алтын-валюталык запасыбыз дээрлик үч эсеге, орточо айлык акы 2240 сомдон 7189 сомго көбөйгөнүн айтышууда. Же тышкы карызды алалы. Акаев 15 жылда 2,5 млрд доллар карызга батырса, К.Бакиевдин тушунда тышкы карыз 500 миллион долларга азайганын сөз кылышат.

 

Бул фактыларды азыр эксперттер алып чыгышып, Атамбаевдин тушундагы экономикалык көрсөткүчтөргө салыштырып айтып жүрүшөт. Башкача айтканда, бул жагынан Бакиевдин жакшы эле иштегени кийинки президент Атамбаевге же ага чейинки Акаевге салыштырмалуу көрүнүнүп турат. Бирок, маселенин саясий жагы дагы бар.

 

Президент катары Бакиев жакшы иштегени менен, анын баласы Максим Бакиевдин чектен чыгып, мамлекеттик иштерге аралашып, ЦАРИИни түзүп, жада калса өкмөт башчысынан дагы отчет ала баштаганы чындап аша чапкандык болду. Ушундан улам, бийлик бир колго топтолуп калгандай таасир жаралды, “аа, кайрадан үй-бүлөлүк башкарууга келдикпи?”- деген пикир пайда боло баштады. Жыйынтыгында, жагдайдан бир ууч оппозициячыл топ пайдаланып, Бакиевге каршы элди көтөрүп, аны кууп чыгышты.

 

 - Бир канча жыл мурда берген маегиңизде сиз 7-апрель окуяларын төңкөрүш катары мүнөздөгөн экенсиз? Азыр да ал оюңуздан кайта элексизби?

 

 - Мен бул бааны апрель окуяларынан бир-эки жыл өткөн мезгилде бергем. Муну башка да саясатчылар, коомдук ишмерлер айтып келишти. Ошондо мен айткан нерсенин баары азыр толугу менен далилденди!

 

Анткени, апрель окуясынын шылтоосу менен бийликке келген Атамбаев курман болгон балдардын бейитинин алдында берген антын унутуп, Кыргызстанды каалагандай, ар жагынан жеп түгөткөнү калган экен! Ал революция деп өздөрү айтып жүргөн нерсенин идеалдарын сатып кетти. Демек, булар 7-апрелде эл үчүн эмес, өздөрү бийликке келип, байыш үчүн элдин башын айлантып аянтка алып чыккан экен да! Бул төңкөрүш да! Эми гана Атамбаевдин: “Миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз”- деп айткан сөзүнүн мааниси белгилүү болуп калды окшойт. Муну Ф.Кулов өзүнүн китебинде да жазган. Апрель окуяларын кимдер уюштурду? Кечээ эле март ыңкылабында Бакиевдин жанында жүргөндөр, б.а. эски саясий элита. Көпчүлүгү Бакиевдин тушунда чоң кызматтарда жүрүштү. Атамбаев премьер-министр да болуп, 2008-жылы митингге чыккандарды “стадо баранов” деп да мазактабады беле. Жада калса бүгүн “канкор” деп мазактаган адамдын колунан жадырап-жайнап “Даңк” медалын тагынганын бүт эл билет го. “Сизден өткөн айкөл президент жок”- деп мактабады беле. Буларга бир гана нерсе керек болгон – бийликти алып, каалагандай жеп, башкаруу. Экинчи жагынан бул төңкөрүштү Орусиянын бийлиги да колдогону айтылып жүрөт. Анткени, АКШнын базасын чыгарарына убада берип, көп өтпөй кайра: “бюджетке жакшы пайда алып келип жатса, чыгарып ийген болбойт”- деп баш тарткан кыргыз бийлигине кыжыры кайнап турушкан.

 

Атамбаевди да орустар “АКШнын базасын чыгарасың”- деген талап менен колдогон окшойт. Анткени, ал келери менен базаны чыгарып жибербедиби... Орустарга Бакиевдин өз алдынча, көз карандысыз саясат кылуу дымагы жаккан жок.

 

- Улукбек мырза, 2010-жылдын апрель айында жүз алган окуядан 90го жакын эр азамат окко учту. Атамбаев келгенден кеткенче буга Бакиев күнөөлүү экенин сайрап, жада калса сыртынан соттоп, өмүр бою абакка кести. Бул балдардын өлүмүнө чынында ким күнөөлүү деп ойлойсуз? Атамбаевдин го “...эң башкысы бийликти алабыз” дегенин өйдөдө сөз кылдык...

 

- Чындыгында, карапайым эл бийлик талашкан тараптардын куралы гана болуп берди. Элди пайдаланышты. Апрель окуялары боюнча атамбаевчилердин соту катардагы эле шоу болду. “Сен Бакиев менен иштегенсиң!”- деп эле соттой берген болбойт да. Мына, ошол кезде Ак үйдү коргоого алган “Альфа” тобунун жоокерлерин да сотко жетелешти, канчасын күнөөлүү кылышты. Бирок, бул балдар өздөрүнүн милдетин аткарышты да. Көрдүк го, 2010-жылдан кийин да канчалаган майда митингдер орун алды, Атамбаев жөн гана телефон менен сүйлөшүп койгондугу үчүн “бийликти басып алганы жатат”- деп четинен баарын камап жатты го. А бул логика менен карасак, Атамбаевдин өзүн куралуу төңкөрүшкө баргандыгы үчүн эмнеге соттобой жүрөбүз? Себеби, аянтка келген топтун колунда куралдар да бар болгонуна бүт эл күбө. Октор кайсы жактан атылганын экспертиза далилдеди. Атамбаев башкаларга кандай күнөө коюп жатса, андай күнөө өзүндө да бар экенин сезиши керек. Саясий куугунтуктуу токтотуу ал окуяларда башкы талап болгон. Чынында саясий куугунтук кандай болорун Атамбаев өзү бийликте туруп көрсөттү. Сындап койгону үчүн эле Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Камчыбек Ташиев өңдүү саясий ишмерлерди болбогон шылтоо менен камап, эзгенин кантип унутабыз? Эми гана өзүнүн башына иш түшкөндө: “мени жок кылгылары келип жатат”- деп азыркы бийликти айыптап жатканы бет тырмачылык.

 

 - Атамбаевдин дооруна түрдүү боёктор сүртүлүүдө. Тарыхта бул адам кандай президент катары калат?

 

 - Кыргызстанды куруткан президент катары калат. Анын тушунда коррупциялык схемалар укмуш өнүккөнүн фактылар айтып турат. Бир эле Бишкек Жылуулук-электр борборун жаңылоо долбоорунан эле 110 миллион доллар желип кеткенин депутаттык комиссия айтып жатат. Тарых музейинин ремонту, Чолпон-Атадагы ипподромду куруудан да миллиондорду кемирип салышыптыр. Бүгүн түрмөдө олтурган Атамбаевдин кардларынын ар биринин артынан калдайган коррупциялык схемалар калкып чыгууда. Атамбаевдин тушунда иштеген эки премьер-министр, мэрлер, министрлер, ондогон аткаминерлер алкымы бузуктуктун айынан камалышты. Ушунун баарын көрүп туруп, анан кантип Атамбаевди жакшы иштеди деп айтабыз? Кимдин муну айтканга оозу барат? Биз 2015-жылы “Атамбаевсиз Кыргызстан, КСДПсыз парламент!” урааны менен чыкканыбызда, АШАнын бийлигинин ур-тепкисинде калып, шайлоого катышпай калганбыз. Ошондо биз айткан сөздүн баары туура чыгып, азыр далилин тапты!

 

Ушул идеянын астында чогуу жүргөн үзөңгүлөштөрүм Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду ойдон чыгарылган шылтоо менен камап да койду.

 

Ошондо, биз Атамбаевдин ууру бийлигин айыптап кыйкырып жатканда азыр аны сындап аткандар чээнден чыга албай коюшкан. Атамбаевдин балдарынын энергетиканы ээлеп, байып жатканын мисал кылып, “мына-а, буларда да үй-бүлөлүк башкаруу күч”- дегенибизде эч ким унчукпай койгон. Эрнест Карыбеков мына ушул жагдайды фактылар менен айтып чыккандыгы үчүн камалып, азыр да темир тор артында олтурат. Атамбаевдин тушунда кыргыз элинин турмушу оңолбой эле, анын жансакчылары, шоопурлары, секретаршалары, кудасөөктөрү, уулдары байыды. Бүгүн анын бирин моюнга албастан, “бийлик мени жок кылгысы келип жатат, Жээнбековдордун үй-бүлөсүн бийликке алып келгеним үчүн элден кечирим сурайм, бул катамды оңдойм”- деп периште болбой эле койсун. Анын ууру бийлигине эч ким зар болгон жок. Атамбаев “Форумдун” жанындагы митинг-реквиеминде Сооронбай Жээнбековго “гүлдөп жаткан” мамлекетти өткөзүп бергенин сөз кылды. Экс-президентте бет деле жок экен. Талкаланган мамлекетти калтырып кетти.

 

Бакиев кеткенде Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. доллар болчу. Акаев 15 жылда 2,5 миллиард доллар карыз алган. Атамбаев болсо 6 жылда 2 млрд. доллардын тегерегинде карызга батырды кыргызды, кетээринде тышкы карыздын көлөмү дээрлик 4 млрд доллар болчу. Болгондо да ал эң көп карызды Кытайдан алды. А Кытай карызы дүйнөлүк чоң баш оору. Тажикстан алтын кенин, Шри-Ланка деңиз портун карыздын ордуна тартуулады. Бизчи? Атамбаев Кыргызстанды ушундай коркунучтуу чекке жеткизип кетти. Ушундан кийин мен айтат элем, анын орду түрмөдө болушу керек! - Жакында Баткен облусунда орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы “ЧП” бардыгыбыздын жүрөгүбүздү орутту. Буга ким күнөөлүү.

 

 Мындай кагылыштарды болтурбаш үчүн эмне кылуу керек? - Кыргыз-тажик чек арасынын Баткен району менен чектешкен аймагында мындай кагылышуулар буга чейин көп жолу болгон. Бийликтин биринчи милдети – мындай көйгөй болбош үчүн, сүйлөшүүлөрдү тездетип, чек араны тактоо ишин бүтүрүшү керек болчу. Эми бул союздан калган мурас дечи, ошентсе да, биздин президенттердин кенебестигинин айынан маселени чечүү аябай создуктурулуп кетти. Чек арасы такталмайын өлкө өзүн толук кандуу мамлекет катары сезе албайт да. Демек, делимитация, демаркация иштерин тез арада колго алып, чечиш керек. Экинчиден, чек арада мындай чыр болбош үчүн мамлекет аянбастан каражат бөлүп, дубал курабы, зым менен тособу, ажыратып бөлүшү зарыл. Үчүнчүдөн, жергиликтүү калктын күйгөнүндөй бар. Бийлик аларды “на произвол судьбы” таштап койгон. Губернаторду айтып атышты го, коёндой коркуп жашынып олтурганын. Өкмөттүн өкүлү болгондон кийин, бир барып кабар алып кой да. Ал барган да, сураган да эмес. Ошондуктан эл кароосуз калган. Алар өздөрү менен өздөрү, ошого да карабастан кетпей, жашап, урушса да кыргыздын жери үчүн күйүп жатышат. Чыныгы патриоттор!

 

Мамлекет демек, чек арада жашаган тургундарга атайын статус берип, аларды да чек араны кайтарган жоокерлер менен тең айлык менен камсыздасын! Ошондо адилеттүүлүк болот. Негизи, элиме сабырдуулук тилейм. Мындай талашты таш же мылтык менен чече албайсың. Бул жерде дипломатиялык чебер сүйлөшүүлөр гана керек.

 

 

 

 Маектешкен Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити