Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 173

Адистер үй-бүлө кургандан кийин сүйүү өчпөй, тетирисинче бара-бара күч алыш керектигин эскертет.

Ал үчүн турмуш кургандан кийин эки жаш бири-бирин руханий жана физикалык жактан толуктоо керек. Өзгөчө ички жана сырткы факторлор үй-бүлөлүк мамилеге жакшы жана жаман маанайда таасир этет. Бирге жашаган жубайлар сүйүүнү жандандырып, аны ыйык тутат. Жубайлардын эң чоң катасы турмуш кургандан кийин бири-бирине болгон сүйүүнү бара-бара унуткарышы болуп саналат.

 

Айрым эркектер үйүнө убакты саатында келип, аялынын ага көңүл бөлүп, сүйүү тартуулоосун жетерлик деп санайт. Ал ортодо айымдар дагы үйүндө олтуруп түрдуу, даамдуу тамактарды бышырып, үйүн таза кармап күйөөсүнө болгон сүйүү, сый-урматын арнайт. Булардын жасалып жатканда жашоодо алардын кыймыл-аракеттери, чын жүрөктөн жасап, бири-бирине жылуу мамиле тартуулоосу маанилүү. Ашыкча жагымсыз сөздөрдү сүйлөп, жумуш аткаруу баалуулуктарды жоготот. Ал үчүн сиздин бири-бириңизге тынымсыз сүйүү сөзүн арнап туруу жетиштүү болот.

 

Жубайлар арасындагы сүйүүнү азайтуучу факторлор

 

-Ар дайым ойлонуп, кыжалаат боло берүү

 

-Бири-бирине болгон ишенимдин төмөндүгү

 

-Айлана-чөйрөдөгү адамдар, тууган-уруктардын жасаган терс мамилелери эки жаштын тунук сүйүүсүнө тоскоол жаратат

 

-Стресс, экономикалык абал жана ден соолук үй-бүлөдөгү эң маанилүү ролду ойногон бөлүкчөлөр

 

-Жубайлар ортосундагы келишпестик жана бири-бирин түшүнүп, колдоо көрсөтпөөсү дагы таза сезимди булгоого алып келет

 

Жубайлар бири-бирине болгон таза, тунук сүйүүсүн бапестөө үчүн, ар дайым бираз убакыт болсо дагы бири-бирине убакыт бөлүүсү керек. Мисалга, чогуу сейилдөөгө чыгып, кызыктуу кинолорго барып, жөн эле баарлашып дегендей. Турмушта жылуу сөз, жаркын маанай, сүйүү, белек тартуулоо, дегеле бири-бири менен чогуу өткөргөн убакыттан өткөн бакыт жок.

 

 

 

БУЛАК:zaman.kg