Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 224

Пендебиз да. Маркум кай жерден чыгарылып, андан ары акыркы сапарга узатылып жаткандыгын эч кимибиз таптакыр эле эстебейбиз.

Бир дагы молдо жума намазда бул маселени дегеле козгобойт. Ушул жана башка олуттуу көйгөйлөр туурасында Ош облустук соттукмедициналык эксперттөө бюросунун директору, жогорку категориядагы сотмедэксперт, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Бактыбек МАМАДЫЕВ кабарчыбызга курган маегинде тызылдап агынан жарылды.

 

- Бактыбек мырза, эмнеге эле мынчалык күйүп-бышып, дагыле жумушуңузда кейип-кепчип олтурасыз? Балким, жаныңыз ушунчалык даражада кашайгандыгынын деги олуттуу себеби бардыр?

 

 - Айланайын, Алишер! Адам баласы ушул тапта жаркыраган заманбап төрөтканаларда, таптаза шейшепте, эң мыкты жабдылган жайларда гана төрөлөт. Андан ары эң кооз, анан дагы шарты тим эле жомоктогудай бала бакчада тарбияланат. Кийинчерээк сонун жабдылган мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында бара-бара инсан сыңары калыптанат. Кесип үйрөнүп, а түгүл мамлекетти дагы башкарат. Ушунун баарына, бардык адамзатын кошкондо, мамлекет тарабынан жалпысынан миллиардаган сомдор сарпталып жатпайбы.

 

- Эң аянычтуусу эмнеде?

 

- Кеп оролу ушунда жатпайбы. Пенде каза таап, акыркы сапарга - бейитине узатылып жатканда, ураган, дубалдарын желе баскан, жытына адам чыдагыс, суу канализациясы Кудай ургандай начар өлүкканадан гана чыгарылат. Ал эми биздеги өлүкканалар райондордун борборлорунда жана кээ бир шаарларда гана бар. Тилекке каршы, ушул жагдай соңку мезгилде көңүл сыртында гана таптакыр калып кетпедиби. Танып не. Медицинага таптакыр тиешеси жок кишилер буга деле көңүл бурушпайт турбайбы.

 

Бирок, ошол эле учурда бул өңүттү абдан жакшы түшүнүшкөн оорукана жетекчилери өздөрүнүн бөлүмдөрүн жана палаталарын толук кандуу ремонттошуп, заманбап жабдышкандан кийин гана арткан арзыбаган тыйын-тыпырын душман көзүнө ушул өлүкканаларга - биздин мекемелерге жумшашат. Кээлери, чынында, минтишпейт дагы. Чубасак, мындай көңүл иренжиткен мисалдар бизде толтура, эй!

 

Ошол эле мезгилде ар бир облуска, район-шаарларга, а түгүл ар бир айылга дейре заңгыраган мечиттер салынды. Алардын курулуштарына, жашырып не, эсепсиз каражаттарды коротушпадыбы. Дал ошол жерлерде маркумдун арбагына багышталып курандар окулат. Тилекке каршы, өлгөн пенде акыркы сапарга кайсыл жерден, кандай шартта узатылып бараткандыгына ошондо бири дагы маани бербейт жана түк эстебейт. А түгүл бул туурасында дегеле эстешкиси дагы келишпейт. Бир дагы молдо жума намаз маалында бул көйгөйдү таптакыр оозанбайт. А байкуш маркум акыркы сапарга эч кандай заманбап шарты жок өлүкканадан ары бейитине узатылып жатпайбы. Ошондуктан, буга өнүккөн өлкөлөрдө өзгөчө маани берилип, айтаарлык көңүл бурулуп, анан маркумга абдан чоң сый-урмат дагы көрсөтүлөт.

 

- А биздечи?

 

- Ош шаарында – үч, Кара-Сууда – жалгыз, Ноокатта – жалгыз, Араванда – жалгыз, Гүлчөдө – жалгыз, Өзгөндө – жалгыз, Кара-Кулжада – жалгыз өлүкканабыз бар. Жалпысынан Ош жергесинде маркумдардын денесин – өлүктөрдү сактоочу тогуз гана эсептелүү жайыбыз бар. Ушуларды татынакай жана таза кармап турганга, жашырып не, каражат абдан эле тартыш! Анткени, бул максатта бюджеттен атайын акча дегеле каралбайт. Санасаңар эй, Ош облусунда канча айыл болсо, ошончо мечит бар. Бир эле мечитке короткон акча бир өлүккана курганга беймарал жетет эле го. Чоңдорубуз ушуну неге ойлнушпайт, ыя?

 

- Бактыбек мырза, деги муну менен Сиз эмнени айткыңыз келип турат?

 

- Айтылуу Барпы акын кезинде: “Келээриңде дүнүйө, Сууну арыкка бургандай, Төрүңдө Жолборс тургандай; Кетээриңде дүнүйө, Арыктын суусу тарткандай, Жолборсту капкан чапкандай!” – деп бекеринен зарлабаптыр. Азыр деле кудум ушул көрүнүш айныксыз эле кайталанып жатпайбы. Ошондуктан, бул маселени – маркумдарды өлүкканалардан акыркы сапарга татыктуу узатуу каадасын, менимче, Жалпы Элдик талкууга токтоосуз түрдө коюубуз кажет! Анткени, маркумдар даңкталмайын, тирүүлөр эч качан баркталбайт, эй! Анткени, Кыргызстанда Өлүккана деле Төрөт үйүндөй жана Мечиттей Ыйык Жайга айланышы кажет!

 

 

 

Өз кабарчы Алишер Токсонбаев, “Майдан. kg” гезити