Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 214

Криминалдык милиция кызматы ички иштер министрлигиндеги эң маанилүү алдыңкы кызматтардын бири.

Алдыда түрдүү кырдаалдар күтүп турганын жүрөгү менен сезип, акылы менен туюп турса да, башын канжыгага байлап коюп, эли-жери үчүн кызмат өтөшкөн азаматтарыбыздан түзүлгөн аталган кызматты учурда Нурбек Абдиев жетектеп келет. Республика ичинде мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы боюнча зор салымдарын кошуп келе жаткан ыкчам кызматкерлердин бүгүнкү күндө абалы кандай, кылмышкерлер менен күрөшүүдө эмне көйгөйлөр жаралууда, материалдык-техникалык камсыздоонун заман талабына шайкеш камсыздалуусу жаатында милициянын полковниги Нурбек Абдиев менен маек курдук.

 

-Криминалдык милиция кызматы ушул эле жаатты тескеген мурунку аталыштагы башкармалыктан эмнеси менен айырмаланат? Дегеле, аталышы эмнеге өзгөрдү?

 

-Криминалдык милиция кызматы болуп түзүлүшүнүн негизги максаты оптималдаштыруу болчу. Тактап айтканда, министрибиздин түзгөн саясатын оптималдаштырып, кызматкерлерибиз борбордук аппаратта эле отура бербей, жержерлерге барып, ал жактагы толгонтокой жумуштарды күчөтүлгөн тартипте аткаруу. Албетте, борбордук аппараттын да өзүнүн структурасы, жүргүзө турган иш багыты бар. Ошондуктан жөн гана аталышын өзгөртпөстөн, уюштуруучулук жагын да эске алдык. Жер-жерлерге атайын шарт түзүү менен методикалык пособие даярдап берүүгө аракет көрдүк. Муну менен эле чектелип калбастан, белгилүү бир аймактарга рейддерди өткөрүүгө тапшырма беребиз. Бизде айрым жерлерде кызматкерлер жетпесе, айрым жерлерде ашык. Мына ошондой жерлерди салмактап, ылайыгына жараша сунуш берип, кызматкерлердин иштөөсү боюнча толук маалымат алып, алардын кемчилик же жетишкен жактарын көзөмөлдөп, ага жараша жетекчиликке сунуш беребиз.

 

-Туура айтасыз айрым РИИБде же кызматтарда бирден же экиден гана кызматкерлер бар. Болсо да онго жетпейт. Бирок, кылмыштын саны да, заманга жараша түрү да өнүгүп барат. Буга карата сиздер тараптан кандай аракеттер жүрүүдө?

 

 - Болуп жаткан кылмыштарга биздин башкармалык дайыма анализ жүргүзүп турат. Эгерде, кээ бир жерлерде кылмыштын саны кескин түрдө өсүп баратса, бети ачылбай калса же кызматкерлерибиздин билими төмөндөп кетсе албетте чара көрөбүз. Министрге сунуштап, биздин кызматтын же ОИИБтын кызматкерлери менен чогуу барып, атайын рейддик иш-чараларды өткөрөбүз. Методикалык пособиелерди таратабыз. Кээ бир аймактарда жаш кызматкерлер иштейт. Аларды насаатчы институтундагы мурда иштеген тажрыйбалуу кызматкерлерге кошуп берип, окутуу аркылуу пландык негизде дайыма жүргүзүлүп турат. Эгер, ошол аймакта орчундуу, мамлекеттик деңгээлде резонанс жараткан кылмыштар катталса биздин кызматкерлер барып, практикалык негизде ошол кылмыштын бетин ачууга колдоо корсөтүшөт.

 

 -Кылмыштын жаңы түрлөрү боюнча айтсаңыз, биздин өлкөдө кылмыштын кандай жаңы түрлөрү катталып, аларга карата кандай күрөш жүрүп жатат?

 

- Акыркы убактарда телефон менен алдамчылык, интернет менен алдоо фактылары арбын. Кылмыштын бетин ачкандан көрө, анын алдын алуу кыйла жеңил. Ошол себептен биз дагы дайыма даяр турабыз. Кылмыштын жаңы түрү пайда болуп бараткан кезде биз дагы алдын ала ошондой кызматтарды, ошондой кызматкерлерди даярдайбыз. Интернеттин, жаңы технологиянын тилин жакшы түшүнгөн атайын айтишник, програмистерибиз бар. Алар менен биргеликте интернет багытында болгон маалыматтардын, кылмыш фактыларынын санын алып, ошонун негизинде иш алып барабыз. Тактап айтканда, кылмыш болоорун сезип, дайыма бир кадам алдыда жүрөбүз. Кылмыш каттала электе ушундай болушу мүмкүн деген прогноз менен биздин кызматкерлер окутулуп, даярдалып турат.

 

 -Азыр бардык ички иштер органдарында жер-жерлерде иштеген кызматкерлер өзүнүн районуна, аймагына барып иштөө адатка айланып бараткандай. Мындай маселе сиздин башкармалыкта кандай?

 

-Бул нерсе биздин кызматка эч кандай тиешеси жок. Кызматкерди жетекчиликке сунуштап жаткан кезде биз эч качан жердигине эмес, биринчи кезекте иш тажрыйбасына көңүл бурабыз. Мейли ал адам ошол жакка жетекчи болуп баратса да, ошол жердин кулуну болсо да биз үчүн анын тажрыйбасы маанилүү. Эгер тажрыйбасы менен ошол кызматка татыктуу болуп турса жана ишти алып кете турганына көзүбүз жетсе аны тандоо туура эле.

 

-Демек, өзүнүн жеринде кылмышты ачууга толук мүмкүнчүлүк жок, кылмышты жаап-жашырат деген кептерге кошулбайт экенсиз да?..

 

-Бул ар бир кызматкердин өзүнүн адамдын сапатына жараша болот. Кызматкер өзү таза иштесе, ал ошол жердин кулуну болсо деле кылмыштуулукка мыйзамдуу көз караш менен карап, ишти алып барса, жергиликтүү болобу башка жактан келген болобу эч кандай таасир бербейт. Эми бир эл, бир журт болгондон кийин айрым учурда болушу мүмкүн. Бирок, андайда биз дайыма көзөмөл кылып турабыз. Тууган уруктары жашаган жерде алардын таасири күчтүү болуп бараткан кезде ал кызматкерлер ошол замат башка жакка которулат. Ар бир окуяны карап, анализдеп турабыз. Бирок, эске алчу нерсе, жергиликтүү эл менен жергиликтүү милиция кызматында жала� гана жергиликтүү кызматкерлер иштесин деген талап же чектөө таптакыр жок.

 

-Бизде уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыш чөйрөсү кандайдыр бир саясий өңүттө дагы, экономикалык өңүттө дагы мамлекеттик деңгээлде таасир берет деген сөзгө сиз кандай карайсыз?

 

 -Мен так айтып кете алам, уюшкан кылмыштуулук биздин мамлекеттин саясатына же болбосо биздин экономикабызга эч кандай таасирин тийгизе албайт. Өзгөчө азыркы учурда. Ооба, уюшкан кылмыштуулук жааты өзүңөр билесиңер канча жыл мурун таасирин тийгизип келген. Алардын арты менен ар кандай кылмыштар катталып келгени жашыруун эмес. Ишкерлердин ишине чейин кийлигишип, ар кандай кырдаалдар жаралбай койгон эмес. Бирок, акыркы учурларда мындай иштер жок. Буйрутма менен киши өлтүрүү деген алда качан токтогон. Аны мен айтпасам деле барыңар кубө болуп жатасыңар. Тартып алуу, талап-тоноо, өлтүрүп кетүү деген баш-аламандыкка жол бергенибиз жок. Бул ИИМ жана башка бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле мамлекеттик жетекчилердин эмгеги, алардын туура жүргүзгөн саясатынын негизинде мындай иштерге жол берилбей келет. Биз уюшкан кылмыштуулук жана ага кандайдыр бир катыштыгы, мамилеси бар жарандарды ошондой эле мурда сот жообуна тартылган адамдардын бардыгын көзөмөлдөп турабыз.  

 

 

 

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов, “Майдан. kg” гезити