С. Четинбаев: Мыйзам чегинде бөгөт коюлушу керек!
Кыргызстандын саясатын кызтекелер аныктап калганбы?
8-мартта аялдардын укугун коргоо шылтоосу менен уюштурулган гей-парад (ичинде сексуалдык азчылык өкүлдөрү, аларды колдогон саясатчылар дагы бар) сизге кандай таасир берди?
– Мен бул маселе боюнча адис эмесмин. Бирок айта кетчү бир нерсе бар. Эгер адам ошондой болуп Кудайдан, жаратылыштан төрөлүп калса, андайларды жектеп, жаман көрүп, коомдон сүрүп салуу аракеттери болбошу керек. Андай болуп жаралып калышына алардын күнөөлөрү жок. Ал пешенесинен, Кудайдан. Алардын маңдайына жазганы. Мен Кудайдан ошондой төрөлүп калганын трансгендерлерди гана айттым. Ал эми аларга кошулуп алып (гей, лесби, бисексулдардын) улутубуздун салтына каршы, эпсиз чакырыктарды көтөрүп чыкканы туура эмес көрүнүш. Андайларды тыйышыбыз керек! Дегеле Кыргыздын улуттук салт-саанасына, нарк-насилине, үрп-адатына, ырым-жырымы каршы аракеттердин баарысына мамлекет тарабынан мыйзам чегинде бөгөт коюлушу керек! Бул бүгүнкү күндүн талабы?! Болбосо жанагылардан башка да башка элдин идеологиясына сугарылып келип алып, Кыргыздын салтын “ал ширк” деп жүргөн тескери агымдагы молдокелер да жок эмес.
Булак: «Майдан. kg» гезити