Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 154

Ушул жылдын 30-январында өткөн коопсуздук Кеңешинин жыйынында Кыргызстандагы тоо-кен тармагы тууралуу кеп болгон.

Президент эгемендик алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу 2 571 лицензия берилгенин, алтын кени чыккан жерлердин дээрлик бардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компаниялар да уруксат алышканын билдирген.

 

Бирок, мамлекет башчысынын айтканына караганда, кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү. Тоо-кен тармагындагы коррупция ашкере жайылганы да белгиленген.

 

Жыйында “Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чечим кабыл алынган. Негизинен, бул жаатта иш алып баруучу тараптарга салыкты жогорулатуу жана буга дейре берилген бардык лицензияларды кайра карап чыгуу сунуштары бар. Ошондой эле компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу демилгеси да четте калбады. Бирок, тоо-кен тармагын өнүктүрүү максатка айланганы менен мындай демилгелер тоо-кен иштери менен алектенген компанияларга бир топ кыйынчылык жаратаары шексиз. Ар бир тармактын оош-кыйышы ошол нерсени жонтериси менен өткөргөндөргө гана жакшы маалым эмеспи. Анын сыңарындай, Эл аралык ишкерлер кеңеши, тоо-кен казуучу ишканалар жана тоо-кен казуу өнөржай ассоциациясы президент Сооронбай Жээнбековго коопсуздук Кеңешинде кабыл алынган чечим боюнча кайрылуу жолдошту. Кен казуу жаатында алектенген ишкерлердин айтымында, коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечимде инвесторлордун ишенимин жогорулатуу зарылдыгы баса белгиленген.

 

Ошондой эле ишкерчиликти жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча жана өлкө үчүн эң маанилүү болгон бул тармакка инвестиция тартууну стимулдаштырган бир катар чаралар каралган. Мындай аракеттер албетте, кубанычтуу. Бирок, ошону менен бирге эле ишкер коомчулуктун пикири боюнча, айрым демилгелер ишке ашса, учурда иштеп жаткан көптөгөн геологиялык чалгындоочу жана тоо-кен казуучу ишканалар, экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгондуктан өзүлөрүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болушу да ыктымал. “Бизди салыктын жүгү жогорулатуу сунушу тынчсыздандырууда. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кен пайдалануучулардын ишине артыкча кийлигишүүсү да иштин илгерилишине тоскоолдук жаратат. Колдогу лицензияларды административдик тескөө да ишканалардын ишмердүүлугүн кыйынчылыкка кептейт”, - деп жазылган билдирүүдө.

 

Чындыгында, тоо-кен жаатындагы ишкерлер өлкө экономикасына салым кошуу менен бирге жумушсуздукту азайтуу жаатында да ат көтөргүс эмгек кылып келишүүдө. Мисалы, Эл аралык “Эрнст энд Янг” консалтингдик компаниясынын алтын өндүрүүнүн КРнын экономикасына кошуп жаткан салымы боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрү 2014-2016 – жылдарда түстүү металлдар тармагынын өлкө экономикасындагы товар өндүрүүгө жана тейлөөгө кошкон салыктык толук салымы 241 млрд. сомду түзгөнүн жарыялады. Ушундай эле иликтөө Эл аралык ишкерлер кеңешинин жана КР Мамлекеттик өнөржай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин демилгеси боюнча жүргүзүлгөн тармакка таасир этүүсү мүмкүн болгон фискалдык демилгелерде да көрсөтүлгөн.

 

Тармактын иши өлкөдөгү 17 миңге жакын жумуш орундарын кармап турууга кол кабыш кылат, ал эми 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча түстүү металлдар тармагынын КРнын мамлекеттик бюджетине кошкон толук салыктык салымы жалпы салыктык жана салык эмес чегерүүлөрдүн 14%дан ашуунун түздү.

 

Ошону менен бирге, изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандын тоокен казуу тармагынын түстүү металлдар чөйрөсүндөгү салыктын жүгү түшкөн пайданын 17,9%ын түзөт жана аймактын башка өлкөлөрүнө салыштырганда бул кыйла жогору. Кен пайдалануу чөйрөсүндөгү салыктын жүгү – Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарынын арасында эң жогору болуп саналат. Мына ушундай иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан өлкө экономикасында кен пайдалануунун өзгөчө орду бардыгын билүүгө болот. Бул жааттагы ишкерлер кен пайдалануучу компаниялардын ишмердүүлүк шарттарын мындан ары жакшыртуу чараларын көрүү зарылдыгын айтышууда. Ошондой эле алардын ишин начарлатууга алып келе турган демилгелерден толугу менен баш тартуу керек. “Бизнес –коомчулук Сиздин тармактын учурдагы абалын калыс баалоо жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечек пландарын иштеп чыгуу боюнча позицияңызды колдойт.

 

Тармактын башкы көйгөйлөрү болуп, мыйзамдарды бирдиктүү аткаруу, кабыл алынган чечимдердин сапаты, жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүү маселелери, жетишсиз өнүккөн инфраструктура, кен пайдалануучу компаниялардын ишине негизсиз текшерүүлөр жана кошумча чегерүүлөр түрүндө укук коргоо, фискалдык жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кийлигишип жатканыэсептелет жана бул жагдайлар алардын ишине тосколдук жаратууда. Мунун баары тикелей инвестицияларды тартып келүүгө терс таасирин тийгизип, тармактын жалпы өнүгүүсүн басаңдатат.

 

 Бизнес-коомчулук эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен КРнын Коопсуздук кеңешинде айтылган маалыматтарга калыс мамилени камсыздоо жана аларды көз карандысыз, жогорку квалификациялуу эксперттер тарабынан кыйла дыкаттык менен иштелип чыгышы үчүн белгиленген маселелер боюнча эксперттик колдоо көрсөткөнгө даяр. Буга байланыштуу, кен пайдалануучулар коомчулугу тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү жана жер асты кендерин коргоо боюнча КРнын кен пайдалануу чөйрөсүнө ички жана тышкы инвестицияларды тартуунун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу каралган заманбап Концепцияны иштеп чыгуу демилгесин колдойт”, - деп жазылган ишкерлердин президент Жээнбековго жолдонгон кайрылуусунда.

 

Ишкерлер учурда иштеп жаткан инвесторлорду коргоо алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуусун каалашат. Практика көрсөткөндөй, потенциалдуу инвесторлордун чечим кабыл алуусуна таасир эте турган негизги индикатор болуп, учурда иштеп жаткан ишканаларга карата жүргүзүлүп жаткан ырааттуу мамлекеттик саясат эсептелет.

 

Тилекке каршы, эгемендик жылдар аралыгында мамлекеттик башкаруу органдарынын ыраатсыз саясатынын кесепетинен улам дүйнолүк атагы бар бир канча инвесторлор Кыргызстандан чыгып кетишти, өлкөдө калып иштеп жаткан инвесторлор болсо өзүлөрүнүн өндүрүштүк пландарын, анын ичинде геологиялык чалгындоолор боюнча да төмөндөтүү жагына кайрадан карап чыгышууда. Президенттин коопсуздук Кеңешинде кен пайдалануу жаатына таандык маселелерди кеңири талкуулаганы бул тармакка мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштаганынын белгиси.

 

 

Ишкер коомчулугу андагы айтылган ар бир маселе боюнча позициясын мамлекет башчысына жеткирип турууну туура деп табышты. Мыйзамдардын нормаларын сактаган ак ниет кен пайдалануучулар тоо-кен тармагын жана жалпысынан экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш алып барууга даяр. Ошондой эле тоо-кен пайдалануучу компаниялардын өкүлдөрү Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, маселелерди бетме бет отуруп жеткирүүгө ниеттери бар.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити