Башпрокурорго кулак кагыш
Өлкөнүн жолдорундагы оперативдүү кырдаал кадимки эле согуш талаасындагыдай. Бул жерде фронттун штабы деп ИИМдин нөөмөт бөлүгүн ала турган болсок, нөөмөтканага жумуриятыбыздын түрдүү аймактарынан келип түшүп жаткан киши өлүмү тууралуу оперативдүү маалыматтар адам баласынын үрөйүн учурбай койбойт.
Мисалы, Жаңы жылдын 6-январында эртең мененки саат 8ден өтүп калган кезде Ноокаттын Өрнөк айлында болгон автоунаа кагылышуусунда 5 адам каза таап, 3 адам жарадар болгон. Ушул 8 кишинин баары Бишкектен Кызыл-Кыяны көздөй бараткан “Эстима” жеңил унаасынын жүргүнчүлөрү эле.
Кырсык айыл жеринде болгондуктан, окуяны көргөндөр дароо “тез жардам” чакырышкан. Ага удаа курамында ГАИ кызматкери болгон Ноокат РИИБүнүн оперативдүү тобу жете келген... Медиктер жана милиция кызматкерлери зарыл иш-чараларды аткарышкан соң, кагылышкан эки автоунаанын айдоочуларын масканадан өткөрүшкөндө, алар соо болуп чыгышкан.
Райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан аталган учур боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Кагылышууга катышкан 2-автоунаанын айдоочусу Союзбек Алтынбеков өзү башкарган күйүүчү май ташыган “МАН” автоунаасы менен Тажикстандан кайтып келаткан эле. Бир күн мурда, кечке жуук ал Кызыл-Кыя шаарына келип токтоп, эс алып, эртең мененки 8ченде сапарын уланткан болчу. Ош-Исфана жолунун 73-чакырымына – Өрнөк айлынын ортосуна келип калганда, маңдайынын катуу ылдамдыкта келаткан жогорудагы “Эстима” чыккан. Ал негедир унаа жолдун так ортосунан солду көздөй кыйгачтай келаткандыктан, айдоочу Алтынбеков кагылышууну болтурбоо үчүн ылдамдыкты азайтып, солду көздөй кескин бурууга мажбур. Видеобайкоодо көрүнүп тургандай, “Эстиманы” башкарган неме жол эрежеси талап кылгандай, элдүү жерде саатына 50 километрден ашырбай айдоонун ордуна 80 чакырымдан жогору айдап, “МАНдын” айдоочусунун сигнал жана жарык менен эскертүү бергендигине карабастан, катуу кагылышуу болгон. Солго чыга качкан “МАН” жол четиндеги контейнер-дүкөндү сүсүп барып токтогон.
Тирүү калган “Эстиманын” жүргүнчүсү 23 жаштагы Умар Үсөнов мындай дейт:
- Бишкектен түнү бою аркайсы жерде токтоп, жүрүп келдик . Айдоочуну улам уйку баскандыгынанбы, айтор, жолдо келатып Ноокат аймагына киргенде, биз түшкөн такси бир нече жолу ойноп кеткендигин байкадым. Анан айдоочу токтоп, уйкусун ачуу үчүн бетин кар менен сүрүп келди. Өрнөккө кирип баратканда спидометрди карасам – 80де бараткан экенбиз. Айдоочунун: “эртең менен такай уйку тартат” деген сөзүн да уктум. Демек, кагылышууга бир нече секунд калганда айдоочу чындап эле уктап кеткен деп ойлойм.
“Эстиманын” айдоочусу Замир Адамов бул жерде кеп кырсыкка катышы бар “МАН” автоунаасы тууралуу болуп жатса, жаттап алганбы, маңдайынан “КАМАЗ” чыга калгандыгын, ошол айыптуу экендигин улам кайталайт.
- Мен өтө акырындык менен бараткам. КАМАЗ жолдун ортосунда пайда боло калып, жакындай калганда оң жакка качырсам, мени сүсүп, анан даракты сындырып, дүкөндү барып урган, - дейт ал, бирөө жогорудагы сөздөрдү жаттатып койгондой.
“МАНга” орнотулган видеорегистратордон алынган маалыматка караганда “Эстиманын” айдоочусу бир эле мезгилде бир нече ирет ачыктан-ачык жол эрежесин бузгандыгы кашкайып көрүнүп турат.
Бул жерде дагы бир субьективдүү проблема тергөөчүлөрдүн мыйзам бузууга жол койгондугу болууда. Каза болгондордун жакындарынын кысымына берилип, тергөөчү сот аркылуу айдоочулар Адамов менен Алтынбековду 2 айга камакка жабууга жетишкен. Бул жерде айдоочулар мас болбосо, атайылап кылмыш кылышпаган болсо, сурактан качышпаса, тергөөгө же каза болгондор тарапка кысым көрсөтүшпөсө, аларды какшатып темир торго отургузуунун зарылчылыгы бар беле?! Тергөөчү өлгөндөрдүн туугандарынын кысымынан ушундай чарага баргандыгын айтат. А мүмкүн, мыйзамсыз кадам бардык жерде салтка айланып калгандай, өзү билип тергөөчүгө-пергөөчүгө, анын начальник-пачальнигине же сот-потко пара бербегендигинен – “улуттук-салтты” сактабагандыктан улам болуп жүрбөсүн?.. Анчалык эле зарыл болуп баратса, 5 кишини өлтүрөн негизги күнөөкөр Адамовду отургузса болбойт беле?!
Албетте, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-статьясынын негизинде кылмыш иши козголуп, бирок, унаатехникалык экспертизанын жыйынтыгы даяр болбогондугуна байланыштуу тергөө иштери бүтө элек. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөндөй, аларды камакка алууга эч негиз жок болчу. Кандай болгондо да бул жерде аша чабуу кашкайып көрүнүп турат!
Өткөн жылдын 4-августунда саат 6ченде Суусамыр – Ала-Бел аралыгында эки жеңил автоунаанын кагылышуусунан улам 4 адам ошол замат мүрт кеткен. Мас айдоочу Орозбай Азиретов башкарган “”Хонда-Аккорд” 180-200 километр ылдамдык менен келип, Бишкектен бараткан “Мерседес-Бенцтин” айдоочусу, 36 жылдык шоопурлук тажрыйбасы бар П.Атантаев жогорудагы айдоочу Алтынбеков сыяктуу эле акыркы айла катары түздөн-түз кагылышуудан качыруу үчүн өз автоунаасын кескин солго бурган. Ага карабастан, самолеттун баштапкы ылдамдыгы менен келаткан “Хонда-Аккорд” беркини капталга урганда, ал экиге үзүлүп, ошол замат жан берген 4 дене туш тарапка чачылып кеткен.
П.Атантаевдин айтуусуна караганда, ал берки унаанын айдоочусун жардамга чакырып, өлүктөрдүн денелерин, кол буттарын түздөп, ээктерин таңып жаткан кезде, мастыктан улам аңтарыла жаздап аран баскан Орозбай Азиретовдун өзүнүн жанында отуруп келаткан, жоон санынан буту чорт сынып кеткен бөтөлкөлөшүн бакыртып сүйрөп түшүп, айдоочунун ордуна отургузуп, өзүн жүргүнчү катары көрсөтүүгө аракет кылган.
Токтогулдан милиция жана “тез жардам” жете келип, тигил үчөөсүн масканага алып келишкенде, буту сынган неме 4 кишинин өлгөнүн түшүнүп, кагылышуу учурунда “Хонда-Аккордду” айдап келатпагандыгын айтууга мажбур болгон. Ошол мүнөттөрдө Токтогул райондук масканасынындагы текшерүү учурунда мастыктан акыл-эсине келалбай, буркурап сасып турган желмогуз пилот-айдоочу, атасынын байлыгынан улам токчулукту көтөрө албай, жаналгычка айланган, багы тайган 15 баланы чагылган тийгендей болуп заматта жетим калтырган эртеңки күндүн миллионери, 22 жаштагы юрист Орозбай Азиретовдун айткандары төмөнкүдөй болгон.
- Мен коньяк эле ичкем... Кырсыкка эки тарап тең бирдей күнөөлүү деген чечим чыгартам...
Бул жерде айтып кете турган дагы бир жагдай – пилот-айдоочу Азиретов 4 кишини өлтүрөөрдөн 6-7 саат мурда жол эрежесин одоно бузуп, айдоочулук күбүлүгүн алдырган болчу. Кырсык учурунда анын жанынан айдоочунун убактылуу күбөлүгү табылган.
Арадан көп өтпөй, адвокаттык-журналисттик иликтөөлөр көрсөткөндөй, О.Азиретов жанындагы шериги А. менен 6-январь күнү Оштон чыгып баратып, достору менен “ажыраш аяк” кылышкан. Жолдо келатып, Сузактын айлампасында классташтары менен “жүз-жүз” кылышкан. Акырында Үч-Терекке келгенде шериги экөөсү, өзү айткандай, коньяк ичишкен...
Жогорудагы мисалды эске салгандыгыбыздын себеби, Ала-Бел аймагында каза болгон 2 аял, 2 эркектин баары тең тең 40 жашта болгон, Россияга нан издеп кетип, тыйын-тыпыр таап келатышкан жаннатилердин туугандары да, ызы-чуу көтөрүшүп, эки айдоочуну тең камагыла деген катуу кысым кылышкандыктарына карабастан, Токтогулдун тергөөчүсү менен соту жок дегенде желмогуз мас айдоочу Орозбай Азиретовго карата тергөө бүткүчөктү каамакка алуу чарасын колдонушкан эмес. Себеби, мыйзамды жетекчиликке алышкан...
Ал эми 6-январдын таңында Өрнөктөгү трагедия боюнча айдоочуларды камакка алуу мыйзмсыз болгон... Муну эл ишеничин эбак жоготкон тергөөчүлөр менен соттордун адамдардын укуктарын тебелеп-тепсеген коррупциялык наадандыгы деп гана түшүнбөсөк, башка кантип түшүнүүгө болот?.. Андай болбосо эмне үчүн Токтогулдун мыйзамы менен Ноокаттын Өрнөк айлынын мыйзамы эки башка болууга тийиш?..
Номанжан АРКАБАЕВ, адвокат
“Майдан. kg” гезити