М. Жээнчороев - Саясий элита ууруларга толду.
Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча ЖК депутаттары эмне дешти?
- Саясий элита ууруларга толуп, бандиттерге толуп, спорт клубдарын ачтырып, бүгүн саясий элита болуп эсептелип, ошол кишилер келип калды. Мына, трагедия ушунда. Алар ушул ажыдаарлыкка жеткирип, кошо уурдаганга шарт түзгөндөрдү саясий элитадан тазаламайынча эч качан Кыргызстан оңолбойт!
Трагедия эмес, экс-президенттер отурат, дүйнөлүк практика бар. Кореяда канча президент олтурду. Кеткен сайын иш козгоп, иштеп атканда эле иш козгоп, эгерде коррупцияга аралашкан болсо, жетектеген болсо абакка олтурушат. Коррупция менен күрөш аягына чейин жетиши керек. Саясий элита тазаланышы керек. Коррупцияны нак көрсөткөн бүгүнкү күндөгү бир мисал, мына, шаардын борборунда турган “Ата-Түрк” паркын 100 белгилүү үй-бүлө бөлүп, тытып алган. Мына ошолор бүгүнкү күндө саясый элита. Алар кетмейинче, жаңыланмайынча коррупция менен биз күрөшө албайбыз, жеңе албайбыз! Мына, насыяда биз түп-тамырынан саясатты өзгөртүшүбүз керек. Насыя алууда биз карашыбыз керек, тартынбашыбыз керек. Улуттук кызыкчылыкты карашыбыз керек. Саясый элитаны тазаламайынча, кошоматчыларды кетирмейинче, ажыдар жараткан саясый элитаны жоготмойунча биз алдыга жылбайбыз. Бишкек ТЭЦи боюнча кылмыш ишин тергөө аягына жетип, уурулар жазалансын!
“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити