Таалай Тойчиев деген ысым Кыргыз маданият алкагында бери дегенде 20 жылдан бери жашап келет. Жөн гана жашабастан ар качан жаңы чыгармалары менен элибизге руханий азык тартуулоо аракетинде экенине мезгил өзү күбө.
Эс-тарткан күндөн тартып чыгармачылыкка сүңгүп кирген таланттардын катарында Таалай Тойчиевди батыл атай алабыз. Арийне, чыгармачылыкка аралашуу деген шерденүү менен гана чектелбей ар качан элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды да байма-бай жаратууда.
“Таалайлар” талашка түшкөндө...
Таалай Тойчиевди элибиз негизинен «Таалай Баткен» аттуу топ менен тааныганын да айта кетишибиз абзел. Арийне, топтун “Таалай” болуп аталып калышы да кызык. Каарманыбыз, алгач Толкун Момунов аттуу таланттуу инсандын, «Толкун» тобунда чыгармачылык чыйырын баштаган экен. Арадан убакыт өтүп, такшалган Таалай 1996-жылы өзүнүн командасы менен эл алдына чыгып, тойлордо абдан популярдуу болот. Мындан улам эл Таалайды командасы менен көргөндө «Таалайдын тобу келе жатат» дешип ат коюп алышат. Ошентип, алгачкы жолу Кыргыз эстрадасында “Таалай” деген топ түзүлөт. Аталган топ 1996-жылы 1-альбомун жазышат. Ал эми Бишкекте эң алгачкы концертин 1999-жылы эл алдына тартуулашат. Ал эми эмнеге топтун аталышына Баткен сөзү кошулуп калышын Таалай мырза “Кийин Бишкекте «Таалай» деген топтор көбөйүп кетти. Элдин башы чаташты. Анан чогулуп сүйлөшүп, кандай чечебиз деп кеңешип, жыйынтыгында мен «Таалай Баткен», Тотомидин досум «Таалай элеси», дагы бирөөсү «Таалай Бишкек» кылды”-деп баяндайт.
Эс алуудан соңку эргүү жанданып...
Ооба, бир чындыкты айтышыбыз керек. Кыргызстанда ШОУ бизнес өнүгүп, ырчылар жамгырдан соңку козу карындай жайнап баштаган маалда «Таалай Баткен» тобу чыгармачылыкта убактылуу тыным алууну туура көрүшөт. Бирок, Таалай Тойчиев жетектеген топтун авторлук обондуу ырларын бир топ ырчылар эл алдына алып чыгышат. Атап айтсак, Мирбек Иманбеков «Айылыма баргым келет», С.Токтосунов «Кара көз» «60-К» тобундагы Талант «Сентябрь аягы» деген ырларын аткарып жүрөөрү жалпыга маалым. Ортодогу тыным алуудан соң “Таалай Баткен” тобу 2015-жылы кайрадан чогулуп жаңы ырларды иштеп башташыптыр.
Жакынкы аралыкта «Таалай Баткен» тобу кайрадан сахнага чыгат. 20 жылдык эмгектин жыйынтыгы Башта айткандай Таалай мырза мындан туура 20 жыл мурун, тагыраагы 1999-жылы тушоо кесүү концертиy бергеy. Муну 20 жылдык кече деп атасак деле болот. Аталган кеченин өтүшү боюнча ырчы мырза “Мен 2019-жылы апрелде өткөрсөк дегем, бирок иш башталып кеткен соң эртелеттик.
Филармонияга келип ноябрь айын карасак 1 гана күн, 18-ноябрь күнү эле бош экен. «18» деген датага туура келип калганына бир чети сүйүндүм. Себеби, 18 мага жакын, 18-апрелде туулгам. Концертти «Сен сүйгөн карагат» деп атадык. Жаңы обондорумдун бири. Бул ыр былтыр жаралган. Айылга барып карагаттарды аралап жүргөндө «сен сүйгөн карагат» деген сап эсиме келип, чыгарма жаралган. Сөзүн Жыпара Исабаева эжеге жаздырдым. Элдин кабыл алуусу жакшы болду”-дейт.
Кесип жана алты кыз
Каарманыбыз кесиби боюнча музыка мугалими. И.Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү тармагын аяктаган. Бишкек шаарындагы №21 мектепте балдарга сабак берип, 10 жылдай музыка мугалими болуп иштеди. Андан соң көркөм сүрөт академиясында эмгектенген. Учурда чыгармачылыкты өркүндөтүү максатында иш алып барууда. Өзү Баткендин Бөжөй айылында туулган. Сегиз бир туугандын эң кенжеси. Үйбүлөлүк абалына келсек беш кыздын атасы. Беш кызды таап берген келинчегин кошуп “аялым менен алты кызым бар”-деп күлүп калат.
Аэлита Сатындиева, “Майдан. kg” гезити