Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 246

 Өткөн аптанын башында өмүр бою тышкы саясатта иш кылган, 15 жылдан бери Орусиянын тышкы иштер министрлигин башкарган дипломатиянын “зубру” Сергей Лавров Кыргызстанга келип кетти.

 

 

Сапар учурунда ал биздин ТИМдин жетекчиси жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, эки өлкөнүн мамилелери боюнча бир топ маселелерди талкуулап кетти.

 

Ошол эле аптанын этегинде президент Сооронбай Жээнбеков менен кыргыз эли үчүн дагы бир абдан олуттуу жолугушуу болуп өттү. Ишемби күнү Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарына Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барып, аны менен жолугушуп, Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары талкууланды. Жолугушууда эки тарап миграциялык саясатты, экономикалык аракеттенишүү маселелерин, ЕАЭБ алкагында биргелеешкен аракеттери көрүү боюнча жана эки элдин достук мамилелерин мындан да ары бекемдөөсүн сүйлөшүшүп, жолугушууну жакшы жана жемиштүү маанайда жыйынтыкташкандыгы айтылууда.

 

Кыргыз-Орус алакасынын күтүүсүз жерден активдешип, лидерлердин ортосунда мурдагыдан да жакын мамиле түзүлгөндүгүн айрым саясат талдоочулар кыргыз дипломатиясынын “ажыдаары” Аликбек Жекшенкуловдун бул өлкөгө элчи болуп дайындалышы менен байланыштырууда. Анткени, А.Жекшенкулов дасыккан дипломат, ТИМди башкарып турган кезинен бери өз коллегалары менен байланышын үзбөй келе жатат. Элчинин минтип күйүп-бышкандыгынын да себеби бар. Талдап көрсөк, эгемен өлкө атыккандан бери кыргыз бюджетин, экономикасын Россия тынымсыз каржылап, колдоо көрсөтүп келе жатат. Бирок, акыркы кезде алака бир аз солгундап түшкөндөй болгон. Жекшенкулов алаканы мурдагыдан да жогорку деңгээлге көтөрүү менен, кыргыз элине кызмат кылып жатат. Бул албетте мигранттардын да жашоосуна түздон-түз пайдасын тийгизет. Соцсеттерде батышчыл күчтөр Жекшенкуловду уртокмокко алып жатканы менен, айтып кетүү керек, Аликбек мырза ар дайым кыргыз элинин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп келген. Мындан кийин да ушул багытта иш алып барарына ишене берсек болот...

 

 

 

“Майдан-пресс”

“Майдан. kg” гезити