Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 159

Б. Аманбаев - Менин оюмча биринчи кезекте шайлоо мыйзамын өзгөртүү менен сот реформасын жүргүзүү керек.

 

- Бакыт мырза, айтсаңыз, соңку мезгилдери сиз өз билдирүүлөрүңүздө “Кыргызстандын азыркы шайлоо мыйзамын өзгөртүү керек”- деп чыктыңыз. Чынында эле учурда өлкөнүн шайлоо мыйзамын өзгөртүү зарылдыгы барбы? Эгерде болсо кайсыл багытта өзгөртүү керек деп ойлойсуз?

 

- Ар бир өлкөнүн Конституциясы жана шайлоо мыйзамы ошол өлкөнүн “эң маанилүү документтери” деп аталат жана аталган документтер ал өлкөдөгү мамлекеттик саясаттын жана мамлекеттик башкаруунун эрежелерин аныктайт. Ошондуктан, шайлоо мыйзамы маанилүүлүгү жагынан Конституциядан кийинки “саясий инструмент” деп аталат. Анткени, шайлоо мыйзамы өлкөнүн эң жогорку органы парламентке кимдер (жалаң акчалууларбы, бандиттерби, кошоматчыларбы же элден чыккан профессионал адамдардар) качан, кантип кандай жолдор менен келээрин күн мурунтадан аныктайт.

 

Экинчи жагынан, шайлоо мыйзамы шайлоодо жеңип келген топтун же саясий партиялардын саясий жоопкерчилигин, ошондой эле ар бир шайланган депутаттын эл алдындагы жеке жоопкерчилигин аныктоочу бирден бир маанилүү документ.

 

Үчүнчүдөн, эгерде шайлоо мыйзамында бийликке келген саясий партиялардын эл алдындагы саясий жоопкерчилиги жана жеке жоопкерчилиги аныкталса, анда алар өз мөөнөтүндө жакшы иштешет да, өлкөдө экономикалык өнүгүү болот. Эгерде, тескерисинче болсо, азыркы жана буга чейинки шайланган депуттардай болуп жалаң өз кызыкчылыктары же аларды депутат кылган саясий жетекчилердин айтканын аткарып отура беришет.

 

Ошентип, жыйынтыктап айтканда, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү, ар бир атуулдун жашоо деңгээлинин жогорулашы же болбосо тескерисинче бийликке келген саясий топтордун, саясатчылардын байюсу, алардын жыргал жашоосунун уланышы мына ошол шайлоо мыйзамына байланыштуу деп айтсак жаңылышпайбыз. Андыктан, эгерде президент чындап эле өлкөнү өнүктүрүүнү каалап, элдин жашоо деңгээлин көтөрөм дей турган болсо, анда биринчи кезекте өлкөдө радикалдуу саясий реформаларды жүргүзүүсү зарыл. Менин оюмча биринчи кезекте шайлоо мыйзамын өзгөртүү менен сот реформасын жүргүзүү керек.

 

- Айрыкча соңку мезгилдери айрым саясатчылар, журналисттер “биздин парламент жалаң акча менен келишкен коммерсанттар, бандиттер, кошоматчылардын уюгуна айланып калды”,- деген пикирлерин айта башташты. Сиз ушундай пикирге кошуласызбы? Дегеле Жогорку Кеңештин курамын жана сапатын кантип өзгөртүүгө болот?

 

- Чынын айтсам мен биздин депутаттык корпусту сындагым келбейт. Анткени учурда калың журт бизден кардиналдуу, ар тараптуу реформаларды жүргүзүүнү жана элдин жашоосун оңдоону күтүшүүдө. Ошондуктан, мен сиздин сурооңузга жалаң фактыларга таянып жооп берейин. Биринчиден, азыркы шайлоо мыйзамына ылайык кайсыл бир саясий партиянын шайлоого катышып парламентке келиши үчүн аябай көп акча каражаты талап кылынат. Бул факт. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Натыйжада, парламенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү саясий партия жетекчилери болочок депутаттардын тизмесин түзүшөт. Тизме түзгөн учурда айла жоктон партия лидерлери акчалуу, колдунда бар коммерсанттарды же аткезчилик менен байышкан акчалуу бандиттерди тизмесине киргизүүгө аргасыз болушат. Ким кайсыл бир партия жетекчисине эки жүз миң доллар берсе ал депутат болот. Эгерде беш жүз миң доллар берсе ал “алтын депутаттык мандатка” ээ болот. Мындай көрүнүштү да эч ким жокко чыгара албайт. Бул тууралуу баардык эле ММК жазып келишет. Менин оюмча, мындай көрүнүш азыркы парламенттеги депутаттардын күнөөсү эмес, бул бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын шайлоо мыйзамында жазылып калган чындык.

 

- Бакыт мырза сөзүңүзгө аралжы, депутаттык мандаттын баасындай кымбат эч нерсе жок го, дейм Кыргызстанда. Туура айтамбы?

 

- Туура айтасыз, ошентип, тилекке каршы соңку он жыл бою Кыргызтандын эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги болгон Жогорку Кеңеш жалаң гана коррупциялык жана адилетсиздик жол менен түзүлүп келет. Эми өзүңүз ойлоп көрүңүз, мыйзамсыз жол менен топтогон акчага депутаттык мандатты сатып алып парламентке келгендерден кандайдыр бир жакшылыкты күтүүгө болобу? Менин оюмча болбойт. Алар эч убакта элдин кызыкчылыгын ойлошпойт. Аларды шайлоого короткон акчаларын эки эселентип топтоп, кайрадан келээрки шайлоодо бийликке келүү, деген маселе уктатпай ойлонтот.

 

Мындай максаттарына жетүү үчүн алар эч уялбастан туруп эле өз кызыкчылыктарын коргогон мыйзамдарды кабыл алган учурларды мисалга келтирүүгө болот. Ага мисал катары, бир жыл мурда жаңы жылдын алдында ошол кездеги парламенттин спикери баш болгон жоон топ “унпуруш” депутаттардын өздөрүнө тиешелүү фирмаларды салыктан бошоткон мыйзам кабыл алышып, өлкө казынасына 840 миллион сом зыян алып келгенгендигин келтирүүгө болот.

 

Андыктан, мен учурдан пайдаланып, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ушул сыяктуу мамлекеттин кызыкчылыгана каршы иштеген мыйзамды демилгелеп кабыл алган депутаттарды коомчулук астында жоопко тартууну суранат элем. Мындай кадам чыныгы коррупционерлер менен күрөшүү болмок.

 

- Азыркы шайлоо мыйзамынын жетишпеген жактары боюнча дагы эмнелерди айтууга болот?

 

- Эң өкүнүчтүүсү, элге жакпаган көрүнүш качан гана парламенттик шайлоо бүткөндөн кийин башталат. Парламенттик шайлоодон кийин азыркы шайлоо мыйзамы боюнча мамлекет башчысы жеңип келген кайсыл бир саясий партияга кыска мөөнөттө жаңы өкмөттү куроо ыйгарым укугун берет. Коалиция көпчүлүктү түзүү үчүн парламентке келген партия лидерлери күнү-түнү сүйлөшүү жүргүзүшөт. Партия лидерлери капа болушпасын, алар өкмөттүн курмындагы бардык министрликтерден баштап эң төмөнкү кызмат орундарына чейин ачык эле базардагыдай соодалашып бөлүшөт. Мындай кадамдага барган партия лидерлеринде күнөө жок. Анткени алар эгерде белгилүү мөөнөттө көпчүлүк коалициясын курай албай калышса, бүтүндөй парламент тарап кетүү коркунучу бар. Мындай эрежелердин баары тең Кыргызстандын шайлоо мыйзамында жазылып калган. Баса белгилей кетүүчү нерсе, мына ушул жерде дагы бир жаман жагымсыз көрүнүш орун алат. Партия лидерлеринин жең ичинен соодалашуусунун натыйжасында өкмөттүн курмына жалаң сабатсыз, өз ишин билбеген адамдар келүүдө. Министрлик кызматты андай министрлер жалаң гана аларды бийликке алып келген партия жетекчилери үчүн колдонушат. Жыйынтыктап айтканда, азыркы шайлоо мыйзамынын негизинде өлкөдө коррупциялык жол менен тажрыйбасы тайкы парламент, андан соң сапаты начар өкмөт куралууда.

 

Эң жаман жери - азыркы парламентти таратса деле кайрадан мындан жаман сапаттагы парламент шайланаарында шек жок. Андыктан, учурдан пайдаланып өлкөдөгү баардык саясий күчтөргө жана мекенчил атуулдарга кайрылып, келээрки шайлоого чейин азыркы шайлоо мыйзамын өзгөртүүнү бийликтен талап кылып, аны өзгөртүүгө жетишүүгө чакырат элем. Андай болбосо өлкө келечеги коркунучта деп айтаар элем.

 

 - Аны эмнеден баштоо зарыл?

 

- Биринчи кезекте өлкөдө иш билги коррупиялашпаган парламентти шайлай турган мамлекеттик механизм түзүүдөн баштоо учурдун эң башкы талабы. Тагыраак айтканда, азыркы жалаң гана акчалуулардын паралментке келүүсүнө артыкчылык берген шайлоо мыйзамын түп орду менен өзгөртүү керек. Парламентке чыныгы патриот, билимдүү, ишбилги, элдин калың катмарынан өз жөндөмдүүлүгү менен суурулуп чыгышкан атуулдардын келүүсүнө шарт түзүү керек.

 

- Бакыт мырза айтсаңыз, сиздин оюңузча шайлоо мыйзамын өзгөртүү менен өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүүгө жетишүүгө болобу?

 

- Дүйнөдөгү өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып караганда, Кыргызстан качан гана мамлекеттик эң жогорку бийликке өлкө үчүн жанып берип күйгөн, эл үчүн иштеген азаматтардын тобу келгенде гана өнүгөт. Ал үчүн шайлоо мыйзамын тез аранын ичинде өзгөртүү менен мамлекеттик бийликке жалаң гана профессионал, мекенчил азаматтарды издеп таап иштете турган мамлекеттик механизмди түзүү зарыл. Мен дүйнөлүк шайлоо системасын иликтеген адис катары мындай мамлекеттик механизмди кыса мөөнөттө эле түзсө болоорун ишенимдүү айта алам.

 

- Сиз айткандай ийгиликтерге жетүү канчалык реалдуу?

 

- Толук реалдуу. Ал үчүн шайлоо мыйзамын өзгөртүүбүз зарыл. Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча бийлик башына келген партиялардын эл алдында эч кандай саясий жана жеке жоопкерчилги каралган эмес. Алар беш жылдап өлкөнү талап тоношуп кайрадан эле шайлоого катышып, парламентке келишип, кайрадан эле өлкөнү талап тоноп жаташат. Мындай көрүнүшкө чекит кою керек.

 

- Бакыт мырза, анда бүгүнкү биздин маекти жыйынтыктап, шайлоо мыйзамын кантип өзгөртүүнүн башкы багыттарын кыскача айтып бербейсизби?

 

- Албетте, Биринчиден, Шайлоо мыйзамын тез арада өзгөртүп, бийликке келген саясий партиялардын эл алдындагы сасий жоопкерчилигин жана ар бир депутаттын жеке жоопкерчилигин чыңдаган эреже киргизүү зарыл. Экинчи, Парламентте күчтүү оппозиция жана күчтүү аткаруу бийлигин түзө турган шайлоо ыкмасын кабыл алуу керек. Анткени, учурдагы шайлоо мыйзамы боюнча парламентте оппозиция жок. Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча парламенттеги оппозициянын да энчиси алдын ала аныкталып коюлган. Ошондуктан, оппозициямын деген партиялар өз энчисин алып алышып, оозуна талкан салып алгандай унчукпай отурушат. Үчүнчү, Парламенттин санын жетимиш бешке чейин кыскартуу зарыл. Азыркы парламентти кармап туруу үчүн учурда жылына 850 миллион сом мамлекеттик бюджеттен коротулууда. Бул биздей жакыр өлкө үчүн аябай эле көп. Төртүнчү, Парламентке жалаң байлар эмес, чыныгы иш билги элдин өкүлдөрү келе турган шайлоо мыйзамын кабыл алуу зарыл. Ал үчүн шайлоо өнөктүгүнө азыркыдай аябай көп акча каражатынын королушуна мыйзамдуу бөгөт коюу керек. Ошондой эле парламенттин элүү пайызын пропорционалдык шайлоо ыкмасы, ал эми элүү пайызын можаритардык ыкма менен түзүү учурдун талабы.

 

 

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, “Майдан. kg” гезити