Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 308

Башкы прокуратура Билим берүү министрлиги катасы бар мектеп китептерине Дүйнөлүк банктын 32 млн. сомдон ашуун гранттык жана насыя каражаттарын коротконун аныктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлиги менен басмакана “кызмат абалынан кыянат пайдаланууга” жана “алдамчылыкка” шектелүүдө. Коомчулукта, ата-энелер тарабынан окуучулардын китептери ката, айрым учурда уят сүрөттөр менен коштолуп жазылгандыгын көп талкуулап келишет. Бул тууралуу маалымат каражаттары бир топ далилдүү фактылар менен материалдарды жазышкан.

 

Мисалы, 6-класстын окуучулары үчүн география жана 5-класстын окуучулары үчүн табият таануу боюнча китептерди алсак болот. Жакында бул жагдайды текшерүүгө алган Башкы прокуратура бул китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банктан грант жана насыя катары алынган 32 млн. сомдон ашуун каражат жумшалгандыгын аныктады.

 

Башкы көзөмөл органы төмөндөгүдөй мыйзам бузууларды тапты:

 

• Министрлик окуу китептерин иштеп жана басып чыгарууга “Билим-компьютер” басмаканасы менен келишим түзгөндөн кийин басмакана өз милдеттерин конкурстун талаптарына ылайык келбеген “Инсанат” басмаканасына өткөрүп берген;

 

• Табият тануу боюнча китепти толугу менен учурда колдонулган, 2012-жылдын китебинен көчүрүп коюшкан;

 

• Басмаканадан кетирилген каталарга карабастан, Кыргызстандын билим берүү академиясы менен министрлик окуу китебин жактырган;

 

• Аларга 32,7 млн. сом коротулган. Эми бир гана олчойгон акчаны жеп албастан же максатсыз жумшабастан, балдарыбызды сабатсыздыкка түрткөн билим берүү министрлигинин жетекчилиги жоопко тартылабы же мурдун балта кеспей жүрө беришеби?

 

 

 

 

“Майдан. kg” гезити