Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 128

Борбор калаадагы активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине “Тойго насыя алба!” деп жазып кетишти.

 

 

 

- Биз банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Банкка келгендер биздин билдирүүнү көрсүн деген максатта жасадык. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай ишчараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы бизди тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөш үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт,- деп жазышты уюштуруучулар.

 

Активисттер алардын үлпөт тойго, өлүм-житимге насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын билдиришкен. Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018- жылдын жарымында алардын саны 220 481 адамга жеткен. Буга чейин Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүш үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген.

 

Чындап эле азыр Кыргызстандын калкынын 90%га жакыны коммерциялык банктардан кредит алып гана жашап калышкан. Болгондо да бул банктар берген акчасын өтө аз убакытка жана аябай жогору, 30%га чейинки үстөк менен бергендиктен, кайра кайтаруу мүмкүн эмес.

 

Ошондуктан жарандар бир банктан алган кредитин жабуу үчүн экинчи банкка кайрылышат. Алар күрөөгө машина, үй жана башка баасы он эсе жогору мүлктөрүн койдуруп, кредит бере беришет. Белгилей кетүүчү жагдай, биздеги көпчүлүгү чет элдик болуп саналган банктар өздөрү акчаны өз өлкөсүнөн 3% менен алышып, он эсеге жакын үстөк жана эки-үч эсе аз мөөнөт менен жергиликтүү элге беришет. Мындай сүткорлук дүйнөнүн бир да мамлекетинде кездешпейт.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити