Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 287

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын ала айткан Света Тойгонбаева менен бу сапар  президентти нелер күтүп жатканы жана  авиа тармакка көңүл буруу зарылдыгы, алдыда бийликти олку-солку кылып коё туурган  эки чоң митинг болоору тууралуу сүйлөштүк.

 

“Ак үйдүн берекеси кетип, куту учуп турат”

 

-Эмнегедир президенттин оюу өзү ойлогондой  аткарылбай жатат. Жаңы мыйзамдарды киргизип, тартипти бекемдейм деген аракетинен да анча майнап чыкпай жатат. Ден соолугу да санаага салып, эмнегедир боору жабыркап турат.  Ак үйдүн берекеси кетип, куту учуп турат. Ак үйдө мамлекетти өнүктүрүүнү эмес, өздөрүн гана ойлоп, бири-бирине каршылык кылып жатат деген аян түштү. Сыягы, Акүйдө туура эмес иштер орун алып жаткан үчүн  президенттин иши илгерилебей  жаткандай.  Бирок, президент да аракет кылып, кырдаалдан чыксам деп жанталашып жатат.

 

“Президент  пикет уюштургандардан эмес, жанындагылардан сактанышы керек

 

-Президент жакын арада эки мамлекетке жол тартат. Эки мамлекетен ири суммадагы каражат келет. Үч айдан кийин борборду көрккө бөлөгөн курулуш иштери башталат. Президенттин иши муну менен эле жолго салынып кетпейт. Сооронбай Жээнбеков тез арада чөйрөсүн, өзү ишеним арткан кишилерди тазалашы керек.  Антпесе, анын ишенимине киргендер  күтүлбөгөн жерден далысына бычак урат. Башкача айтканда, ишин олку солку кылып, айласын кетирген жагдай жаратат. Президент бийлигин сактап калам десе, пикет уюштургандардан эмес, жанындагылардан сактанышы керек. Президентке соккуну башкалар эмес, жанындагылар урат деген аян келип жатат.

 

 “Эки чоң митинг болот”

 

Майда митингдер чоң митингге айланат. Тактап айтканда, алдыда эки чоң митинг болот. Ал митингдерди мурункудай күч менен таратууга аракет кылышканы менен президентти олку-солку кылып, жогору жактын айласын кетирип коёт. Ал митингдерди президент мага ор казганы жатат деп шек санаган адамдар эмес, башкалар уюштурат.

 

“Президент августтан өтүп алса, мөөнөтүнүн аягына чейин отурат”

 

Президент элдин ишенимин жоготуп албайын  десе, элдин  сөзүн угуп, эл койгон  талапты  аткарышы керек. Болбосо кыйын кырдаалга туш болот. Баса, август айына чейин жолдорун тазалатып, ишине тың болуп, жанындагылардан сак болушу  керек. Анткени, августка чейин анын ишин илгерилетпеген  кооптуу жагдайлар күч алат. Август айынан  өтүп алса, мөөнөтүнүн аягына чейин отурат.

 

  Президент  кадр саясатына жоопкерчилик менен мамиле кылып, дасыккан адистерге басым коюшу керек. Антпесе, ал  ишеним арткан кадрлардын бири да ишин жөндөй албай, элди бийликке каршы  тукуруп жатат.

 

“Авиа кырсыкпы же жарылуубу бир нерсе болот”

 

Президент авиа тармакты да тыкыр текшерүүгө алып, аларды катуу көзөмөлгө алышы керек. Антпесе, алдыда дагы бир жарылуубу же авиа кырсыкпы айтор, бир жаман нерсе болот.

 

“Парламент азыр эмес кийинчерээк тарайт”

 

Президентте парламентти таркатып жиберүү оюу бар. Ак үйдө креслолор бошоп турганы менен  парламент азырынча тарабайт. Бирок, бир канча убакыттан кийин тарап кетүү мүмкүнчүлүгү да бар. Башкача айтканда, парламент азыр эмес, кийинчерээк тарайт.

 

“Премьер министр кызматтан кетүүгө аргасыз кылган жагдайга туш болот”

 

-Премьер-министр Мухамбедкалый Абылгазиев жолун тазалатып, кызматынан кол жууп калбастын аракетин көрүп жатыптыр. Келечекте дагы бир даражалуу кызматты аркаласам деген дымагы күч. Канча аракет кылса да,  баары бир кызматтан кетишке аргасыз болгон жагдай жаралат. Анткени,  элге жакпай жатат.  

 

 “Бактыгүл Жээнбаеванын тажрыйбасы аз, жолу катуу”

 

 

-Бактыгүл Жээнбаеванын тажрыйбасы аз, жолу катуу айым экен. Канча аракет кылса да, зоболосу көтөрүлбөйт. Каржы министрлигинин ишин илгерилете албайт. Ал кызматтан кеткенче ал тармактын иши алдыга жылбайт.

 

Райым миллион кызматка келгени менен ишинен майнап чыгара албайт”

 

- Райым миллион баштагы кызматына келсемби деген ойдо турат. Бул адамга жогору жактын да көзү түз болуп турат.  Кызматка келем десе жолу ачык. 4 жети түштү. Бирок, бул кишини мактап, ошол эле мезгилде каралагандар да көп болот. Бирок, кызматка келгени менен баштагыдай ишинен майнап чыгарып иштей албайт.

 

P.S төлгөчү Света Тойгонбаевага  байланышып, жолун ачтырып,  төлгө салдырам дегендер болсо, 0709 21 78 58 номерине байланышса болот.

 

 

 

Аэлита Сатындиева

“Майдан. kg” гезити